Борбор калаада 8-августтан 9-августка караган түнү коомдук тартипти бузууга аракет кылган 40тан ашуун адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, Бишкек ШИИББнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түндө борбордук көчөлөрдө 1 жарым миңге жакын бет капчан, колдоруна таяктарды көтөргөн белгисиз жарандар бир нече жолу Жогорку Кеңештин имаратына, соода борборлоруна жана супермаркеттерге кирүүгө аракет кылышкан.
"Мындан сырткары, бул адамдар окуяны чагылдырып жүргөн ЖМК өкүлдөрүнө карата коркутуу аракеттерин жасашкан. Коомдук тартипти сактоо жана башаламандыкты алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тарабынан аларга карата атайын каражаттар колдонулган. Учурда коомдук тартипти бузууну көздөгөн топтордун уюштуруучуларын аныктоо жана издөө иштери жүрүүдө. Бишкек ШИИББи коомдук тартипти дестабилдештирүүнү көздөгөндөр мыйзамга ылайык жоопко тартыларын эскертет", - деп айтылат маалыматта.