
8-августтан 9-августка караган түнү Бишкекте орун алган башаламандыктан келтирилген чыгым 109 миң 826 сомду түздү. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Ала-Тоо" аянтындагы бузулган темир тосмолордун суммасы 30 миң 200 сом;
Көк-Жар айылына баруучу жолдун боюндагы металл тосмо 7 миң 500 сом;
Аянттагы 6 фотостенддин сынган айнектери 53 миң 536 сом;
Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды салуучу 3 контейнерлер 4 миң 680 сом;
Бир жылдык гүлдөр 2 миң 640 сом;
Аянттагы тротуардын (1 метр куб) брусчаткалары 930 сом;
Таштандыларды чыгаруу 3 миң 500 сом.
Ал эми жүргүнчү ташыган автобустардын талкаланган айнектеринин баасы эсептелинип бүтө элек", - деди маалымат кызматынан.