Башынан оор жаракат алган Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловду дарылоо үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына анын кесиптештеринин бири билдирди.
Буга чейин анын баш сөөгүнүн бир бөлүгү майдаланып кеткени жана абалы оор экени маалымдалган болчу. Кечээ Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда Н.Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери менен аталган оорукананын дарыгерлери консилиум өткөрүп, операция жасоо талап кылынбай турганын, аны терапия жолу менен дарылоого мүмкүн экенин билдиришкен болчу.
"Самат Курманкуловду бүгүн эртең менен дарыгерлердин коштоосунда Москва шаарындагы ооруканалардын бирине алып кетишти. Анын мындан аркы дарылануусу Москвадагы ооруканада өтмөй болду", - деди кесиптеши.
Эске салсак, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышкан. Андан 45тен ашык адам жаракат алган. Күч органдарынын бир кызматкери каза болгон.