Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда ИИМде, ага убактылуу жактоочу келмей болду

Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта отурат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, экс-депутатка суракка жактоочу менен келүү, ошондой эле ал бүгүн камакка алына турганы айтылган.

"Учурда тергөө башкармалыгында суракта отурам. Азыр укуктарымды коргоо үчүн убактылуу жактоочу келет" деди экс-депутат.

Ошондой эле экс-депутат буга чейин анын укуктарын Азимбек Бекназаров коргой турганын маалымдаган. Бирок Бекназаровго байланышканыбызда ал учурда Ысык-Көлдө экени белгилүү болду. Мындан сырткары, ал шаарга эртең келээрин айтты.

Айта кетсек, бүгүн экс-депутат төртүнчү жолу суракка чакырылган. Ага "барымтага алуу" беренеси менен айып тагылууда.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
yrmat88
2019-08-15 12:34:26
Сооронбай Бакиевтердин айбандык жолуна тушту. Сооронбай кетсин. Бийлик Сооронбайдын менчиги эмес. Сооронбай элдин козуно корунбой жогол. Сенден эл эч бир жакшылык коргон жокпуз. Бир куну ит болосун. Колунан эч нерсе келбеген бир шордуу экенсин. Эмне кыпчылып журосун КТРКда калп озунду пиар кылып.
-6
Absamat-90
2019-08-15 12:39:45
Ар кайсы жерге мурдун тыга берип коп баскан аяк чок басат болду.
+5
altyn-kumush
2019-08-15 12:41:23
Камалсын! Кой-Таштагы башаламандыкты мунун да катышы бар. Спецназдарды барымтага алганга да шерик!
+4
Tolkun555
2019-08-15 12:44:50
Бекназаровду кошуп камагыла
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан