Бишкектен Кой-Ташка чейинки жолдун бүгүнкү абалы

Бүгүн, 8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч органдары тарабынан кармоонун 2-операциясы жүргүзүлдү. Кечээкиге салыштырмалуу бүгүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн гана эмес, Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынын чыга беришинен тартып жолуктурууга болот.

Аталган аймактан тартып Кой-Таш айылына чейин 6-7 жерге блокпосттор коюлуп, ар бирине 50дөн 200гө чейин милиция кызматкерлери калкан жана куралдары, атайын кийимдери менен даярдыкта тургузулган. Алар ар бир унаага көз салып, өтүүгө тыюу салып жаткан да учурлары болду.

Кечке маал Бишкек-Кой-Таш жолунда абал бир аз өзгөрдү. Анда ИИМ кызматкерлеринин гана блокпосттору эмес, Атамбаевдин тарапташтары да жолдорду тосуп алышкан. Жарандар жолго саман, кирпич, таш коюшуп, кээ бир жерлерге өрт коюшкан. Мындай абал менен Атамбаевди күч органдары салып кетти делген унаалардын чыгуусуна каршылык көрсөтүлдү. Топтолгондордун арасында өздөрүн агрессивдүү алып жүргөндөр болду. Алар колдоруна таш кармап жүрүштү.

Мындан тышкары Кой-Таштан Бишкекти көздөй келе жатканда 2-2,5 чакырым аралыкка чейин Атамбаевдин тарапташтарыбыз деген эл топтолуп, жолдон өткөн унааларды токтотуп, ичинде Атамбаев жокпу деген таризде текшерип да жатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан