Бүгүн, 13-августта борбор калаада "Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМК 7-8-августтагы окуялар боюнча" аталышындагы маалымат жыйын башталды.
Маалымат жыйынга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов катышууда. Жыйындын жүрүшүндө көзөмөл органдарынын жетекчилери 7-8-август күндөрү болгон окуялар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи.