Раиса Атамбаева: "Мага карата кылмыш иши ачылып жатканын уктум"

Бүгүн, 16-августта УКМКнын имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Ага анын тарапташтары, аялы Раиса Атамбаева, уулу Кадыр Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина келди. Бирок алар баш коргоо чарасы каралып жаткан процесске киргизилген жок.

Раиса Атамбаевага журналисттер тарабынан "соттордун Ак Үйдөгү куратору" атыккан Манасбек Арабаевге байланыштуу суроо берилди. Ал буга чейин мурдагы президенттин аялына каршы көрсөтмө бергени маалым болгон.

"Мен саясатка аралашып же сотторго кысым көрсөткөн эмесмин. Манасбек Арабаевди билчүмүн, себеби ал Алмазбек Атамбаевдин командасында иштечү. Бүгүн мага карата кылмыш иши ачылып жатканын уктум", - деди Раиса Атамбаева.

Раиса Атамбаева: “Жан багып жаткан банк эсеп жабылды. Үй да арестке алынса, көчөдө калабыз“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
altyn-kumush
2019-08-16 12:22:46
Раиса айым акмын деп айтса уят эле! Соттор гана эмес, Дача СУга уй-булосу менен тиешелуу
+6
nazgul20
2019-08-16 17:00:57
altyn-kumush, Карап тургандай эле жазасынарго
+2
Bektur2011
2019-08-16 12:28:14
Эн туура кылыптыр. Сиз ошого татыктуусуз. Камаш керек болчу мурда эле
+7
aydinnur
2019-08-16 12:29:38
Уят,уят,уят!Өч алуунун жеткен чеги (((
-7
elchi84
2019-08-16 13:09:10
Тушунбойсун убагында жеегендерди кустуруп жатса эмнеси жаман дейм да досун сатып кетти дешип бул жерде элдин кызыкчылыгы мамлекеттин байлыгы жонундо сөз болуп жатат .Бир чекеден иш козгош керек жеединби жооп бериш керек .
+10
Jaznura
2019-08-16 14:06:22
Раиса Атамбаева башкасы болбосо да Дача Су боюнча түздөн түз жооптуу
+5
Absamat-90
2019-08-16 14:10:23
Jaznura,туура айтасыз,апасыз атасыз калган жаш балдар, жаны уйлонгон жаш жубайлар,арманда ыйлаган апалар али жооп ала элек. Учактагы товарда Туркия деп айтылганы менен телефондордо кыргызча тиркемелер эмне кылып журду? Турктор кыргызча окуп калды беле?
+5
chake
2019-08-16 14:08:34
Соттордун апасы болуп жургон адам акмын деп айтканга укугу жок.
+2
tynara81
2019-08-16 15:59:36
Өч алуу дегендер, кандай өч алуу. Жээнбековду Атамбаев бийликке алып келсе, эмнеге өч алып атат ?
+2
nazgul20
2019-08-16 17:00:01
tynara81, Туура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан