Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы кагылышуудан жалпысынан 136 адам жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 7-8-9-августта ооруканага кайрылгандардын бардыгынын абалдары канааттандырарлык.
"Жабырлануучулардын ичинен 109 адамга ооруканалардан, дагы 27 бейтапка Кой-Таш айылынан медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 14 бейтап дарылануусун улантып жатат.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 7 адам, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Улуттук госпиталда 4, Чүй облустук ооруканасында 2, Ысык-Ата аймактык ооруканасында 1 бейтап дарыланууда. Алардын ден соолугу канааттандырарлык.
Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы дагы деле оор бойдон калууда", - деп кабарлайт басма сөз кызматынан.