Курсан Асанов: "Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттикинен жогору койгон жокмун"

Бүгүн, 13-августта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан бошотулушу боюнча билдирүү таратты.

"7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан улам өлкөдө оор кырдаал түзүлгөн. Ички иштер министрлигинин жеке курамынын жардамы менен оор кырдаалдын алдын алдык. Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттикинен жогору койгон жокмун. Мундирдин ар-намысы жана генералдын сөзү мен үчүн маанилүү. Өлкө коркунучта болуп турганда өзүмдүн күчүмдү, өмүрүмдү мамлекеттин туруктуулугун сактоо үчүн аяган жокмун", - деп айтылат Асановдун билдирүүсүндө.

Бүгүн Курсан Асанов ээлеген кызматынан өкмөт башчынын буйругу менен бошотулду. Ал "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйөө менен кызматтан бошотулган. ИИМ "Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асанов кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенди" деген билдирүү таратты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
33SUUN
2019-08-13 22:51:44
Эркек деген ушундай болот.Милициянын жумушунда ар кандай кырдаал болушу мумкун.Баардыгы эле бийлик айткандай боло бербейт! Эркек экен эркекче эле суйлошуу болгон эч кандай пиар эмес.
+26
Shabi
2019-08-13 22:55:45
Бийлик билбесе да,окмот билбесе да.К.Асановту карапайым эл жакшы билет,а бийлике чын ниети менен берилип иштеген адам жакпайт аны айдан ачык билебиз,бийлике жагалданган бийликтин созун суйлогон адам жагат.Бул Сокенер башкача саясат жургузо баштады окшойт.бир кундо зам министрди жумуштан алып кайра сразу бир кундо башканы бекитти.баары ойлонулган пландалган сыяктуу.
+27
nazarmat92
2019-08-13 22:57:54
Соке эшеги суудан откондон кийин любой адамды отургузуп кетет.
+30
Shabi
2019-08-13 23:01:38
nazarmat92,туура айтасыз.
+22
TalaCSKA
2019-08-13 23:08:39
Эмнегедир Сокенин колдочулары корунбойт ко Курсан Асановтун коменттеринде балким алардын да козу жеткендир Соке намысы жок орусча атканда человек без чести экенине.мына эркек мына генерал!айткан созумо турушум керек деп кошорсо диги ш...лдар конгон адатынча чыныгы генералды да сатты! созуно турбаган эки суйлогон адамга кантип ишенип атасынар айткылачы Сокенин колдочулары ?
+18
Shabi
2019-08-13 23:33:36
TalaCSKA,сокечилер кайда чынле.откондо Атамбаевти кармап жатышканда,сокебиз эле сокебиз деп жаттыле го
+9
Aktan2018
2019-08-14 01:35:54
Shabi,буларды карап отурсан озулору эле бири бирин жок кылат.
0
xnurgul_gul
2019-08-14 02:11:54
Shabi,Мен Оштукмун бирок Сокеге бир дагын жолу ,же АШАга добуш берген эмесмин.Экоо тен эле болбойт.Чалдардын бийлик талашуусу учун эл олуп,Курсан Асанов жумуштан кетиш керек эмес.Сиз чыныгы генералсыз Ден соолукта болунуз биз сизди жакшы коробуз
+8
aerforce
2019-08-14 00:27:30
Курсан Асановту эл сыйлап баштады ошол учун башкалардын бир жери булкулдоду
+16
Jango
2019-08-14 01:03:27
Бул жерде ашаны жок кылуу план болгон бир болсо штурм кылабыз деп анан курсан асанов минстрден акылдуулук кылып Атамбаев менен суйлошуп кырдаалды жонго салды ошол учурда Курсан асанов сиз чыныгы жигитттик жана эркектик сапатынызды коргоздунуз ошол учурда Алмаз Шаршенович деп суйлогонунуз бийликке жакбай калды окшойт
+5
Akyl8080
2019-08-14 02:29:48
Курсан Асанов сиз чыныгы Генералсыз...
+6
Makain
2019-08-14 02:30:29
Эркек акам
+4
jigit.paren
2019-08-14 06:08:37
Бийликтин оюу боюнча Атамбаевди ошол жерден атып салыш керек болчу өлтүрүп, Асанов муну билип тыштагы ордун таштап тынч жол менен Атамбаевди колго түшүрүп берди бийликке бул жакпай калды пландары ишке ашкан жок. Курсан чыныгы генералдык кылды азаматсыз эл сизди колдойт Курсан ава
+3
maks100589
2019-08-14 06:33:12
Сокеге тийишпегиле. Жаман да болсо эл башы. Балким аны да АШАныкындай тагдыр кутуп турат? Анын дагы убактысы бар. Иштесин.
0
kechirmeni
2019-08-14 09:42:49
Начальник ГКНБ кетем деп атпады беле ошонун ордуна койсун анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан