Бүгүн, 9-августта "Апрель" телеканалы ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Буга атайын даярдыктагы жоокерлердин "Форум" имаратын басып алып, кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылганы жана соттун чечими себеп болгон деп түшүндүрдү телеканалдын кызматкерлери.
"Апрель" телеканалынын көрөрмандары, ушул мүнөттөрдөн баштап биз белгисиз убакытка чейин эфирибизди токтотобуз. Азыркы тапта атайын даярдыктагы жоокерлер жана кайсы бир кызматтын өкүлдөрү келип имаратты жаап коюшту. Белгисиз мөөнөткө чейин сиздер менен коштошобуз. Биз менен болгонуңуздар үчүн чоң рахмат!" - деди телеканалдын кызматкери.
"Форум" имаратын атайын даярдыктагы жоокерлер басып алып, кызматкерлердин чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Аталган имаратта "Апрель" телеканалынын кеңсеси жайгашкан. Ал эми Ички иштер министрлиги "Форум" имаратынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкү камакка алынды деген расмий билдирүү жасады.