КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева укук коргоо органдарын сотко берерин айтып чыкты. Буга Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери Жолдубаеванын телефонун тартып алганы себеп болгон.
"Мен байланышсыз калдым. 10-августтан 11-августка караган түнү ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү кара күч колдонуу менен телефонумду тартып алышты. Укук коргоо кызматкерлеринин бардык иш-аракети видеокамерага тартылып алынды. Видеолорду сотто көрсөтөбүз. Укук коргоочум Замир Жоошев соттук органдарга арыз менен кайрылууга даярданып жатат. Кененирээк сотто айтып беребиз", - деген ал.
Ал эми Замир Жоошев дагы 13 сааттан ашык убакыт тергөө башкармалыгында болгонун, бул мыйзам бузуу экенин жазып чыкты.
"Биз, Кундуз Жолдубаева экөөбүз эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 23:30га чейин (10-август) ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында отурабыз. Тактап айтканда, 13 сааттан ашык убакыттан бери башкармалыктабыз. Бул Кылмыш-жаза мыйзамын бузуу болуп эсептелинет. Анткени тергөө амалдарын жүргүзүүнү эртеси күнкүгө калтыра тургандай жагдайлар жок болчу.
Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренесине ылайык, күбө катышкан иликтөө иш-чаралары 8 сааттан ашык болбошу керек. Ошондой эле кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон учурда кылмыш ишин тергөө жана башка иш-чаралар кечинде жүргүзүлбөшү керек.
Кундуз Жолдубаева тергөөчүлөрдүн бардык суроолоруна жооп берди. Жогорудагы айтылган убакыт аралыгында күбөлөргө тамактанууга убакыт бөлүнүп берилген жок", - деген жактоочу.