7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуу орун алып, 136 адам жаракат алган. Анда Сокулук районунун тургуну Сыргак Аскардын бутунун сан бөлүгүнө ок тийген. Азыркы тапта анын абалы оорлошуп, жардам керек болуп жатканын интернет колдонуучулар жазып чыгышты.
"Сокулук районунун тургуну Сыргак Аскарга жардам керек. Ал Кой-Таштагы кагылышуу башталганда биринчилерден болуп жаракат алган. Анын бутунун сан бөлүгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, хирургдар окту алып чыгышкан. Учурда кан тамырлар хирургу керек болуп жатат.
Сыргак оор жаракат алгандан кийин бирөө-жарым келип абалын сураган жок. Анын жаракаты оор болгондуктан, эс-учун жоготуп баштады. 5 күн өттү, жарааты ошол бойдон калууда. Эч нерсе иче элек, катуу оорудан кыйналып жатат. Эмнеге ушул күнгө чейин анын жараатын тиккен эмес?" - деп жазылат билдирүүдө.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, бейтап Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканын айтты.
"Бейтапка биринчи жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер медициналык кароо жүргүзүп, жараат айыгып кетет деп калтырып коюшу мүмкүн. Анткени бейтаптын абалы оор болуп, тез жардамга муктаж болуп жатса же жаракаты оор болсо дарыгерлер таштап койбойт", - деди басма сөз кызматынан.