7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуу орун алып, 136 адам жаракат алган. Анда Сокулук районунун тургуну Сыргак Аскардын бутунун сан бөлүгүнө ок тийген. Ал өткөн жумада ооруканадан үйүнө чыгарылганын SUPER.KG порталына Травматология жана илим изилдөө борборунун профессору Сабырбек Жумабеков билдирди.
"Жарандын абалы жакшы болгондуктан, туугандары үйүнө чыгарып кетишкен" деди Садырбек Жумабеков.