КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев камакка алынганы айтылууда

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-августта "Апрель" телеканалынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка караганда, соттун чечимине ылайык, Айтикеев 10-октябрга чейин камакта болот. Бирок тиешелүү мекемелерден бул маалыматты тактай элек.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган. 10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды. 11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ussr7
2019-08-12 17:03:06
Мирбек Атамбаевге кошулгандан кийин журналист эмес саясатчы -провкаторго айланып калды.
-1
bekmaral
2019-08-13 00:05:37
Камалсын элди бузбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан