КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын партиялашы Назгүл Мамытова билдирди.
Анын айтымында, Борбукеева 6 сааттай сурак берген.
Рита Борбукеева: "7-августта Кой-Таш айылында мен тарткан түз эфирлер мага жалган күнөө тагууга мүмкүн эмес экенин тастыктайт. УКМКга ошону толук көрсөтүп, далилдедим", - деп социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган. 10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу"беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.
11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.