Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов эсине келе элек, ал дале жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ага дарыгерлер операция жасашкан.
"Азыркы тапта Курманкулов жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарыгерлер колдон келген бардык аракетин жасашты. Абалы оор. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп билдирди маалымат кызматынан.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан "Самат Курманкулов эсине келди" деген маалымат чындыкка дал келбестигин басма сөз кызматынан кошумчалады.