Бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКда өтөт. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук көчмө жыйын саат 10:00дө өтөт. "Бишкек шаардык соттун соттук коллегиясы УКМКга келишти. Алар соттук отурум эмнеге УКМКда өтө турганын түшүндүргөн жок", - деп жазды Кундуз Жолдубаева.
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралмак.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.
2017-жылы Өмүрбек Текебаевдин да баш коргоо чарасы соттордун имаратында өтпөй, Бишкектин түштүк тарабындагы аскер сотунда өткөн.