КҮНСОБОЛ: Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот?

Ички иштер министрлиги "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар" деген маалыматты таратты. Батукаевдин иши боюнча Атамбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген бир топ жетекчилер камакка алынганы маалым. SUPER.KG порталы "Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Бизде президенттик кызматтан кеткен адамга күнөө коюу абдан жеңил"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков өлкөдөгү саясий системде мөөнөтү аяктаган президенттерге күнөө коюу абдан жеңил деген пикирин айтты.

"Президенттик бийлик - аябай таттуу, аябай күчтүү, бул бийликтин аябай көп ресурстары бар. Ошол эле убакта президенттик бийлик көп адамдардын, саясий топтордун кызыкчылыгына каршы иштейт. Ошондуктан ар бир президентке мамлекеттин башчылыгынан кеткенден кийин кандайдыр бир күнөө коюу өтө жеңил.

Себеби, биздин саясий системибиз бардык күнөөнү президентке алып келип такап коёт. Бардыгын бир адам чечет деп. Ошондуктан азыркы президенттин бул же тигил абалы талуу жери болот деп айтуу эрте. Жалпысынан ар бир президентти кеткенден кийин куугунтуктоого көп себептер табыла берет. Себеби, биздин саясий системибиз, башкаруу моделибиз туура эмес. Ар бир президентке күнөө коюу өзгөчө капа болгондор тарабынан, коом тарабынан же болбосо ал президент кезинде кошоматтык кылгандар тарабынан абдан жеңил", - деди Жээнбеков.

АСАНОВ: "Коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү буга чейинки президенттерде деле бар болчу"

Саясатчы Бектур Асанов "коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү буга чейинки президенттерде деле бар болчу" деген пикирде.

"Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин дагы 4 жыл убактысы бар. Ал коррупцияга каршы күрөшүүнү уланта берет деген ойдобуз. Мындай мүмкүнчүлүк Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевде да болгон. Бирок алар мүмкүнчүлүктү пайдалана алышкан эмес. Ал эми Атамбаев тууралуу айтсам, ага козголгон кылмыш иштери боюнча далилдерди тапканда кыйынчылык деле жаралбаса керек", - деди ал.

КЕЛДИБАЕВ: "Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоодо кеткен каражаттары анын талуу жери болот"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жогорудагы суроо боюнча Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышынын өзү мыйзамдуу болгонбу деген маселе көйгөй жаратышы мүмкүн деген оюн билдирди.

"Сооронбай Жээнбековдун да Алмазбек Атамбаев өңдүү эле президенттик мөөнөтү бүтөт, ал да бийликтен кетет. Алмазбек Атамбаев президент учурунда кызмат абалынан пайдаланды, сотторго басым жасады деп кылмыш ишин козгоого Батукаев негиз болду.

Сооронбай Жээнбековдун талуу жери ал мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин президенттик шайлоо алдындагы шайлоо кампаниясына коротулган каражаттары болушу мүмкүн. Ошондо коротулду деп миллиарддаган доллар, сомдордун ачыкка чыгып кеткендиги, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башкы эсепчисинин өлкөдөн качып кеткендиги маселе жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, үгүт иштерин жүргүзүүдөгү финансылык чыгымдардын Шайлоо Кодексиндеги шайлоо фонду менен өлчөмдөш болушу керек деген беренелерге төп келбей калгандыгы маселе жаратат деп ойлойм. Жээнбековдун президент болуп шайланышынын легитимдүүлүгү эң талуу жагдайлардын бири болуп калат", - деди Келдибаев.

БЕКНАЗАРОВ: "Сооронбай Жээнбеков бийликти жакындарым менен башкарам деген түшүнүктөн алыс болушу керек"

Суроого саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берип, төмөнкүдөй оюн айтты.

"Сооронбай Жээнбеков Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев кетирген кемчиликтерди кайталабашы керек. Акаев "бийлигим жетишпей жатат бийлик бергиле" деп жатып, бийлик алгандан кийин аны аялы-балдарына бөлүп берип, ошолор башкарып калган. Бакиев "бийлигимди автомат менен коргойм" деп жүрүп, кан төгүлдү. Атамбаев болсо "менде автомат бар, атышам, жөн кармалбайм" деп жатып дагы кан төгүлдү. Жээнбеков ошол каталарды кайталабай, эл үчүн иштейин, алар кетирген катачылыктарды оңдоюн деп ниет кылышы керек. Ошолордун жолун жолдобой, өлкөнү жакындарым менен башкарам деген түшүнүктөн алыс болушу керек", - деди Бекназаров.

ТАЛГАРБЕКОВ: "Сооронбай Жээнбековдун "Аймактарды өнүктүрүү" программасы ишке ашпаса анын талуу жери ушул болот"

Бул суроого жооп берип жатып коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков президент эки тармакка өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

"Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин талуу маселе жаратышы мүмкүн болгон 2 учур бар. Биринчи маселе - инвестиция. Кытайдан 7 миллиард, Орусиядан 1 миллиард, Франциядан 1 миллиард доллар, бардыгы биригип 14 миллиард доллар инвестиция келет дебеди беле. Ошол инвестиция келеби, келбейби азыр белгисиз да. Эгерде инвестиция келбесе анда Жээнбековдун "Аймактарды өнүктүрүү" программасы ишке ашпайт. Бул программа ишке ашпаса анда талуу жери болуп калышы мүмкүн.

Экинчиси - укуктук сот реформасы, бул жаатта өлкө бир ордунан кыймылдаган жок, жылабы, жылбайбы эч ким билбейт. Ушул эки маселени ийгиликтүү чечип кетсе жакшы, чече албаса эл нааразы болуп, чоң нааразычылык акцияларга айланып кетиши мүмкүн", - дейт Талгарбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан