КҮНСОБОЛ: Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?

Учурда оппозициялык "Супер-Инфо" гезитине карата бийликтин чабуулу талкуу болуп жаткан кез. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) кайрадан суракка чакырылды. Ага чейин 14-мартта чакыруу болуп, буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон. Гезиттин директору Шайиста Шатманова сурактан чыккандан кийин кырдаал тууралуу айтып жатып, мамлекеттик органдардын аракеттерин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сөз эркиндигине кысым көрсөтүү качан токтойт?" деген собол салды.

АЛАГУШЕВ: "Сөз эркиндигине кысымды азайтуу үчүн прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алуу кажет"
Адвокат Акмат Алагушев сөз эркиндигине кысым токтобойт деген пикирин айтты.
"Менимче сөз эркиндигине кысым токтобой турган нерсе. Ал дүйнө жүзү боюнча өнүккөн өлкөлөрдө дагы бар. Кандай жагдайда азаярын айтуу кыйын. Ал үчүн прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алуу кажет. Эки тарап тең, бийлик да, жалпыга маалымдоо каражаттары да азыркы мыйзамдарды аткарышы керек. Мыйзам жактан бүт баарын караштырып, балансты сактап, ар биринин жеке жоопкерчилигин карап чыккан туура. Ошондо кысым азаят деп ойлойм. Азыркы мыйзамдар аткарылбай жатат, аны менен катар жаңы мыйзамдарды да чыгаруу зарыл", - деди Алагушев.
МАСЛОВА: "Кыйытма сөз менен эле мамлекеттик органдар президенттин пайдасы үчүн аракеттерди көрө башташат"
Журналист Дина Маслова бийлик эски системден чыга албагандыктан, сөз эркиндигине кысым токтобойт деген пикирде.
"Саясий кысым токтобойт. Анткени мамлекетти башкарып тургандар эски системдин мураскерлери. Биринчиден, Советтер Союзу жана эгемендүүлүктү алган мезгилдеги президенттер бийликти узурпация кылгандай азыркы бийлик дагы, кийинки бийлик дагы бул айлампадан чыга алышпайт. Экинчиден, жарандык коомдун аң-сезими бийлик менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы тиреште ЖМКны колдой турган деңгээлге жете элек. Бул негизги себептер. Рынокту караганда ЖМКлар да ар түрдүү экенин айтсак болот. Көбү саясатчыларга тиешелүү болгондуктан корпоративдик тилектештик жок. Мындан тышкары, эгер президенттик аппарат мамлекеттик органдарга басым көрсөтпөсө деле, кыйытма сөздөр өз системин коргой башташат. Саясий маданият, мамлекеттик башкаруунун өзгөчөлүгү мына ушунда. Башкача айтканда президент өзү түздөн-түз бирөөгө көрсөтмө бербей, жөн эле сөздүн четин чыгарып койсо бүт мамлекеттик аппарат президенттин пайдасы үчүн аракеттерин баштайт. Бул нерсе Сооронбай Жээнбековдун элчилер менен жолугушуусунда болду. Мындай нерсе болуп келген. Алмазбек Атамбаевдин "Заноза" менен болгон окуясы буга мисал боло алат", - дейт Дина Маслова.
МАВЛЯНОВА: “Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги сакталган”
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мыйзамда көрсөтүлгөн сөз эркиндигине болгон тартипти бузбоо керек экенин белгиледи.
“Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги бар. Анткени ар ким каалаган оюн эркин айта алат. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен бизде сөз эркиндиги эң жогорку деңгээлде. ЖМКнын өкүлдөрү менен соттошкондор бар. Алар өздөрүнүн абийирин сактоо үчүн сотко берет. Анткени адамдын укугу тепселенбеши керек, ошол себептен алар сотко кайрылышат. Мыйзамдын негизинде нормалар сакталган болсо эч ким сөз эркиндигин чектебейт”, - деди Мавлянова.
ЖОЛДУБАЕВА: “Мамлекеттик органдар мыйзамды ыйык тутканда сөз эркиндиги сакталат”
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева сөз эркиндигине кысым көрсөтүү болбошу керек экенин айтты.
“Конституцияда жазылган нормалар сакталышы зарыл. Ар кандай себептер жана шылтоолор менен ЖМКларга кысым көрсөтүү туура эмес. Качан бийлик Конституциялык жол менен саясат жүргүзгөндө сөз эркиндигине болгон кысым токтойт. Мындан тышкары мамлекеттик органдар мыйзамды ыйык тутканда сөз эркиндиги сакталат. Сөз эркиндиги сакталган, корголгон мамлекетте жашоо өзүбүздүн колубузда. Бийлик бутактарындагы салмак сакталып, соттор көз карандысыз болгондо гана сөз эркиндиги болот”, - деди Жолдубаева.
АКИМОВ: “Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндигин коргогон мыйзам талаасы бар, ошонун негизинде көзөмөл кылуу керек”
Журналист Турат Акимов сөз эркиндигин коргогон мыйзам өз нугунда иштөөсү керек экенин белгиледи.
“Журналисттердин арасында сабатсыз, көп маселени түшүнбөй жазып алгандар бар. Кээ бир учурда майда-чүйдө акчага кызыгып, жалган маалыматты жазып салган учурлар болот. Ошол себептен адам баласы бири-биринин мамилесин көзөмөлдөгөнгө мыйзам чыгарган. Бизде мыйзам талаасы бар, ал иштеп жатат. Ошонун негизинде эле сөз эркиндигин көзөмөл кылса болот. Күн сайын жаңы мыйзам чыгаруунун кажети жок. Демократиялык өлкөлөрдүн бардыгында сөз эркиндиги деген түшүнүк бекитилип келген. Эл аралык түшүнүктөр пайда болуп, мыйзамдар жазылган. Анын баарын Кыргыз мамлекети ратификация кылып колдогон. Ошондуктан турмушта бар мыйзамдар иштесе эле татыктуу болуп калат”, - деди Акимов.
САРАЛАЕВА: “Кыргыз мамлекетиндеги саясий маданият жогоруламайынча сөз эркиндигине болгон кысым токтобойт”
Журналист Лейла Саралаеванын айтуусунда, башка бирөөнүн оюн сыйлоо менен сөз эркиндикти сактаса болот.
“Кыргыз мамлекетиндеги саясаттагы маданият жогоруламайынча сөз эркиндигине болгон кысым көрсөтүү токтобойт. Анткени журналисттер дагы адам. Алар дагы кайсы бир саясий күчтөрдүн позициясын жакшы деп баалашы мүмкүн. Бир же эки саясий партия оппозицияда болот. Ал эми калган саясий партиялар учурдагы бийликти колдойт. Оппозиция жана позиция болуп бөлүнүү дайыма болуп келет. Мындай бөлүнүү журналисттердин арасында дагы орун алат. Биздеги саясий маданияттын деңгээли жогору эмес, ошол себептен оппоненттерге ар дайым кысым болот. Качан биз башканын да оюн сыйлаганды үйрөнсөк, бүгүнкүдөй кысымдар токтойт. Бийликтин ЖМКларга кылган кысымы жагымсыз иш. Анткени мурдагы саясаттагы системдердин да кысымын көрүп, башыбыздан өткөрдүк”, - деди Саралаева.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан