КҮНСОБОЛ: Бийликтин коррупцияга батканын ашкерелеген журналисттерге ар түрдүү басымдар болуп келет. Мындай учурда журналист кимге таяна алат?

Журналист бийликтин коррупцияга батканын ачыкка чыгарганда аларга ар түрдүү басымдар болуп келет. Кыргыз мамлекетинин эгемендик тарыхында журналисттерди өлтүрүп, сабап же чоң көлөмдөгү айып пул салган учурлар болгон. SUPER.KG порталы "Мындай учурда журналист кимге таяна алат?" деген собол салды.

КАСЫМАЛИЕВА: "Журналисттик иликтөөдө ошол ишти алып барган топтун ар биринин коопсуздугу жогорку деңгээлде каралышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын айтымында, Кыргыз мамлекетинде иликтөө боюнча журналистика жакшы жолго коюлган эмес. "Уланбек Эгизбаевге окшогон эр жүрөк журналисттер өздөрү эле иликтөө иштерин жүргүзүшөт. Бул жерде алардын коопсуздугу дайыма системдик түрдө жакшы жолго коюлушу үчүн алар бир командада иштеши зарыл. Команда менен иштегенде коопсуздук жагы да каралат. Мисалы, Уланбек Эгизбаев ушундай иликтөөчүлүк журналистиканы түптөп кетти. Бош конверт же коркутуулар болгондо редакцияга кайрылышы керек. Журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан топтун ар биринин коопсуздугу жогорку деңгээлде каралышы зарыл. Өкмөт, коопсуздук органдары тарабынан алдын ала каралышы абзел. Ал эми Уланбек Эгизбаевге ошондой коркутуулар болуп жатканда ал өзү жалгыз калып калды. Көрдүңүздөрбү, алар коркутууну бош конверт аркылуу жөнөткөн. Ошондой учурда журналисттин коопсуздугу үчүн милиция кызматкерин же коопсуздук органдары кызматкер бөлүп бериши керек. Буга кайдыгер караган болбойт", - деди Касымалиева.

АЙЫП: "Журналисттердин ынтымагы жок"

Журналист Нарын Айып авторитардык өлкөдө журналисттерге карата басым боло турганын белгиледи.

"Сөз эркиндиги авторитардык бийликке эч убакта жакпайт. Ошон үчүн журналисттердин ынтымагы болушу керек. Бизде журналисттердин эки бирикмеси, бир канча медиа уюмдар бар. Бирок журналисттердин арасында ынтымак жок. Мисалы, бир журналистке каршы сот иши башталса, жөн эле карап турушат. Америкада Барак Обама президент болуп турганда бир нече телеканалга барып интервью бермек экен. Кийин Обама тизмеден бир телеканалды алып салып, маек бергенден баш тартса, башка каналдар да маек алуудан баш тартышкан. Ошондон кийин Барак Обама тизмеден алып салган телеканалга да интервью бериптир. Бизде болсо бирөөнү сабап, куугунтуктап жатса, башкалар унчукпай карап тура берет. Эгерде кайсы бир окуя боюнча журналист куугунтукталып жатса, башкалар андан да күчтүү иликтөө кылып жазса, бийлик ойлонуп калмак. Журналисттердин оозун жаба албайт экенбиз деп ойлонмок. Бир эле мисал келтирейин, 2016-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөргөндө бир журналистти тизмеге кошпой, автобуска салбай кетип калышкан. Ошондо чыныгы ынтымак болсо, автобусту токтотуп, башка журналисттин баары чыгып кетсе болмок", - деди Нарын Айып.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Коррупция менен күрөшкөн журналисттердин тоосу, кармана турган бутагы жокко эсе"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков маалымат каражаттары басым көрсөтүлгөндө коомчулукка, журналисттик ынтымакка таянышы керек деген пикирде.

"Демократиялык мамлекетте журналист мыйзамга, укук коргоо органдарына жана мамлекеттеги институттарга таянат. Тилекке каршы, бизде бардыгы деградация болуп калган. Ошондуктан бийликтеги коррупция менен күрөшкөн журналисттердин тоосу, кармана турган бутагы жокко эсе. Кээ бир убакта саясатчылар комитеттерди, коргоо уюмдарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Алардын деле күчү жок. Ошондуктан азыркы бийлик маанилүү, системдүү, түзүмдүк реформаларды жасашы керек. Эгерде ошол реформаларды жасабаса, азыркы бийликтин дагы келечеги кеткен бийликтей болуп калат", - деди Равшан Жээнбеков.

АБДЫЛДАЕВ: "Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин укугун коргоо кыйын"

Журналист Сыргак Абдылдаевдин айтымында, көп нерсе өлкөдөгү саясий кырдаалдан жана журналисттин өзүнөн көз каранды.

"Журналистке басым болгондо алар бейөкмөт уюмдун укук коргоочуларына, акыйткачыга же сотко кайрылышы керек. Бирок акыйкат чечим чыгат деп күтпөй эле койсо болот. Кыргыз мамлекетинде акыйкат издөө натыйжасыз. Ошондуктан мен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдарга кайрылууну сунуштайм. Ошолордон салмактуу колдоо күтсө болот", - деди Абдылдаев.

КАНАЗАРОВ: "Бардыгыбыз көйгөйлөрдү айтып чыккан журналисттерди коргоо маселесин ойлонушубуз зарыл"

Журналист Султан Каназаров Уланбек Эгизбаевдин мисалында иликтөөчү журналистика чындыгында жыйынтык бере ала турганына ынанганын айтты.

"Жалгыз 30 жашка чыга элек жигит бизге бардыгыбызга коррупция менен кантип күрөшүш керек, коомдогу көйгөйлүү маселелерди кантип ачуу зарыл дегендин үлгүсүн көрсөттү. Чындыгында акыркы кезде Кыргыз журналистикасы мен журналистмин деп айтууга тартына турган нерсе болуп калган. Себеби саткын, бирөөгө микрофон сунса акча үмүттөнгөн, өзүнүн бир кичинекей кызыкчылыктарын көздөгөн журналисттер көп болуп кетти. Ал эми Уланбек Эгизбаевге окшогон журналисттер болгондо мен журналистмин деп сыймыктанып айтса болот. Бийликтегилер резонанс жараткан иликтөөлөр боюнча текшерүү уюштуруш керек деп эсептейм. Биз, журналисттер "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамды так аткарышыбыз керек. Ошол жерде журналисттерди коргоонун нормалары бар. Тилекке каршы, иликтөөчү журналисттердин чындыкка болгон салымын баалабай келе жатабыз. Бардыгыбыз көйгөйлөрдү айтып чыккан журналисттерди коргоо маселесин дагы ойлонушубуз керек", - деди Каназаров.

КАРАБЕКОВ: "Кандай болсо дагы журналист ишин уланта бериши керек"

Журналист Кабай Карабеков журналист эч кимге таянбай фактыга таянышы зарыл деген оюн билдирди.

"Эч кимге таянбай фактыларга таянышы керек. Журналисттердин жумушу кандай шартта, кимдин бийлиги учурунда болсо дагы аткарылышы зарыл. Маалымат каражаттарына басым дайыма болот. Ал учурда мыйзамга таяныш керек. Бирок соттор кантип иштеп жатканын жакшы билем. Бизде сот бийлиги жок, алар бийликтин колу болуп иштей беришет", - деди Кабай Карабеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан