КҮНСОБОЛ: Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?

12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: "Бизде мыйзамдуулук менен чечим кабыл алынбайт, керектүүлүгүнө жараша кабыл алынат"
Саясатчы Адахан Мадумаров саясий өңүттө камалгандарга токтоосуз түрдө мунапыс жарыялоо керек деген пикирин айтты.
"Бул иштин эки жагын кароо керек. Мыйзамдуулук боюнча Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун амнистиясы боюнча маселени караганда жаза өтөө мөөнөтү бүткөн болушу керек. Ал эми Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү узагыраак. Кыргыз өлкөсүндө мыйзамдуулук менен же кандайдыр бир талап, тартиптердин натыйжасында чечим кабыл алынбайт, бизде керектүүлүгүнө жараша чечимдер кабыл алынат. Дайыма эле мыйзамдуулук карала бербейт. Менин жеке көз карашымды билесиңер. Президенттик шайлоо бүтөрү менен айткам. Кыргыз мамлекетиндеги ар тараптуу саясий көз караштагы азаматтардын бардыгын бир билек, бир тилекке алып келүү керек. Ал үчүн саясий өңүттө камалгандарга токтоосуз түрдө мунапыс жарыялоо керек деген талабымды айтып келе жатам.
Роза Отунбаеванын жеке эле Текебаев боюнча кайрылуусу - бул чайкоочулук, көз боёмочулук, элдин алдында мен аракет кылып жатам деген ишарат берүү. Болбосо мамлекеттин мурдагы жетекчиси катары сабатына эмне болгон? Мунапыс эч качан башка кишинин суранычы менен каралбайт. Бул жерде Отунбаева Эл артисти ойной албаган ролду катуу ойноду. Кечээ Кыргыз өлкөсүнүн жетекчисимин деген аял абакта жаткандардын бардыгына тегиз мамиле кылуусу керек эле. Ошол эле Садыров, Талгарбеков, Асановдорду кошо тизмесине кошуп чуркаса болбойт беле?" - деди Мадумаров.
ТОКТОСУНОВ: "Садыр Жапаровдун иши кайра караларын айтып, кийин 180 градуска бурулуп "кароого жагдайлар жок" деп коюшту"

Юрист Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.
"Саясатчыларды абактан бийлик чыгарган жок. Алар мыйзамдын негизинде эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда чыгышты. Эч ким акталган жок. Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени далилденди. Аларды актап чыгаруу керек. 12-февралда саясий туткундардын ишин кайра кароо боюнча жыйын өттү. Ал жерде мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүү керектигин, ага саясий туткундардын жактоочулары кириши зарылдыгын айттык. Комиссия саясатчылар мыйзамсыз камакка алынганын, ишти кайра карап чыгуу керектигин аныктап чыкмак. Эгер жыйында кабыл алынган чечимдер аткарылбаса ошол маселе боюнча апрель айында "Ала-Тоо" аянтында курултай өтөт. Садыр Жапаровдун иши 2019-жылы күчүнө кирген жаңы кодекстер боюнча кайра каралышын айтып жатышкан. Кийин кайра 180 градуска бурулуп "кайра кароого жагдайлар жок" деп коюшту", - деди Шарабидин Токтосунов.
КАРАСАРТОВА: "Бул элдин көзүн боёо аракети дегенге кошулбайм"
Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, эмне үчүн бул бошотулду, тиги бошотулган жок деген пикир туура эмес.
"Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" беренеси боюнча айыпталган. Бирок далил жок болчу. Телефондон бийликти басып алуу боюнча сүйлөштү деп айыптаган туура эмес. Алардын колунда курал же артында эл болгон эмес. Атамбаевдин убагында аларды камоо менен башкаларга "оозуңарды ачсаңар ушундай болот" деп эскертилген. Акыйкатсыздык толтура, бирок Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун абактан бошотулушу Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго тиешеси жок. Бүгүнкү күндө, баарыбыз билгендей, сот бийликке көз каранды", - дейт Карасартова.
ЖОРОБЕКОВ: "Текебаев, Жапаров жакын арада бошотулат деген үмүт бар"
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштыруунун кереги жок деген пикирде.

“Менин оюмча, убагы келгенде Текебаев, Жапаров бошотулат. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун бошотулушу жакшы нерсе. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков - кыргыздын кыйын жигиттери. Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштырып кереги жок. Текебаев, Жапаров жакын арада бошотулат деген үмүт бар", - дейт Жоробеков.

АКУН: "Ар бириники ар башка берене, беренелерине жараша болот"

Мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акундун пикиринде абактагы саясатчылардын ар бири ар кандай беренелер менен айыпталгандыктан салыштыруу туура эмес.

"Биринчиден, бул нерсе беренелерине жараша болот. Алар ар кандай беренелер менен айыпталган.
Асанов менен Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Жапаров "барымтага алган" деп, ал эми Текебаев "алдамчылык" боюнча айыпталууда.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров акталган жок, алар жаңы кодекстин негизинде болгону мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар маал-маалы менен барып катталып турат, бирок соттолгондугу алынбайт.

Өмүрбек Текебаев боюнча президент "ырайым сурап кайрылсын" деди, Текебаев "мен сурабайм" деди. Садыр Жапаров боюнча учурда тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдөбүз. Аны амнистия боюнча бошотуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Амнистия менен чыга бериш керек, анан чыккандан кийин соттошо беришет. Ырайым берүү менен амнистия экөө эки башка, амнистия менен чыгуудан уялбаш керек", - дейт Акун.

АРГЫНБАЕВ: "Бийлик саясий туткундарды абактан бошотуп, актаса элдин ишенимине ээ болот"
Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдон биринчи камалганын белгиледи.
“Биздин комитет Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров камалганда саясатчыларга мыйзам тебеленип жатканын айтканбыз. Текебаевдин өзүнө кайрылганда азырынча отуруп турушсун деп койгон. Алар эч качан ушундай нерсе башына тиерин ойлогон эмес. Бул табалагандык эмес, туура түшүнгүлө! Саясий туткундарды коргоо комитети бардык саясий туткундарды бошотуу талабын көтөрүп чыгабыз. Буга чейин дагы мыйзамдын чегинде аталган талаптарды коюп, иш-чараларды уюштуруп келгенбиз. Мындан кийин дагы бул маселени көтөрө беребиз. Бийлик саясий туткундарды абактан бошотуп, актаса элдин ишенимине ээ болот", - дейт Аргынбаев.
КАЧКЫНБАЕВ: "Учурдагы бийликтин дагы 4-5 жыл убактысы бар, алдыда кандай окуялар болот белгисиз"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев саясий туткунга кабылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга эркиндик берүү жакшы иш экенин айтты.
"Учурдагы бийликтин акыркы жылы болуп жатса саясий өңүттө камалгандарды эмнеге тандоо менен чыгарып жатат деп ойлонсок болмок. Бирок антип ойлонууга эрте. Акырындык менен аларды дагы бошотот. Саясий туткунга кабылып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга эркиндик бергени жакшы иш. Мындай саясатты “кош келиңиздер” деп колдоо керек. Эми күтө туралы. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кылмыш кылып кармалган болсо башка кеп болмок, булардыкы саясий күнөө деп четинен чыгарганы жакшы иш. Ал эми азыркы бийликтин алдыда дагы 4-5 жылы бар. Алдыда кандай окуялар орун алат, азырынча белгисиз", - деди Качкынбаев.

МЫРЗА: "Кеп саясатчылардын абактан чыгышында эле эмес, алардын акталышында болуп жатат"

Жарандык активист Айбек Мырза саясий куугунтукка туш болгондордун иши кайра каралып, алар акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.

"Муну элдин көзүн боёо аракети деп айтса болот. Саясий туткундарды коргоо комитетинин жыйынында биз айткандай эле бардык саясатчыларга бирдей мамиле кылынышы керек. Курултайдын чечиминде да саясатчылардын ишин кайра жаңы ачылган жагдайлар менен карап чыгышы кажет деп айтып жатабыз. Азимбек Бекназаров 2005-жылы Феликс Кулов сыяктуу саясатчылардын ишин кайра каратып, алар акталышкан.

2010-жылы Эркин Булекбаев, Ишенбай Кадырбековдун иши кайра каралып чыккан. Азыр да ошондой иш жасалса бийликтин адилеттүүлүгү болмок. Саясий куугунтукка кабылгандардын ишин кайра каратып, алар акталышса бир жөн. Бирок Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун абактан чыгышы алардын иши жаңы кодекстерге байланыштуу болуп жатат. Бул алар өздөрүнүн жазасын алып бүткөндөн кийин чыгышты дегенди түшүндүрөт. Акталганга жатпайт. Ошол эле саясатчылар менен бирге камалып чыккан Дастан Сарыгулов "соттолгон адам катары өлгүм келбейт" деп жатпайбы. Бул жерде кеп абактан чыгууда эле эмес, алардын ишин кайра карап чыккандан кийин акталышында болуп жатат", - деди Айбек Мырза.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан