КҮНСОБОЛ: Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген собол салды.

БААТЫРБЕКОВ: “Мен "Бабанов саясатка кайтсын" деп аны колдогон адам эмесмин”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков Бабановдун “саясаттан кетем” дегени өзүнүн чечими экенин айтты.

“Бабанов өзү “саясаттан кетем” деп жатса, биз эмнеге ал саясатка кайтышы керек деп айтмак элек? Саясатка кайтуу же кайтпоо ал адамдын өзүнүн чечими. Ал өзү “саясатка кайтпайм” деген. Мен "Бабанов саясатка кайтсын" деп, аны колдогон адам эмесмин”, - дейт Баатырбеков.

КАЗАКБАЕВ: "Бабанов "саясаттан кетем" деген сөзүнө бир жыл бою бекем турду"

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Бабанов бир жыл бою берген убадасында туруп, саясатка аралашпаганын айтты.

“Өмүрбек Бабанов саясатка кайтабы же жокпу, чечимди өзү кабыл алышы керек. Мурун ал элге кайрылуу жасаган. Бирок кандай болгон күндө дагы Кыргыз мамлекетинде ынтымак болушу керек. Өлкөдө реформа жүрүп, өнүгүү болушу зарыл. Ар бир саясатчы, лидер өлкөнүн коопсуздугуна, ынтымагына, өнүгүүсүнө салымын кошсун. Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев маегинде Бабанов эмне үчүн саясаттан кеткенин, эмне үчүн өлкөдөн сыртка чыкканын, Он-Адыр боюнча ачылган кылмыш иши саясий максатта болгонун ачык айтыптыр. Буга башка деле комментарий керек эмес болуш керек. Президент муну өзгөчө көзөмөлгө алышын суранат элем. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, УКМК жана Башкы прокуратура тез арада адилеттүү тергөө жүргүзүп, бул иш жабылат го деп ойлойм.

Бабанов бир жыл бою өз сөзүндө бекем турду. Бабановдун мамлекеттен чыгып, саясаттан кетишине, ынтымак үчүн ошол жакта болуп турушуна 3 тараптуу келишим болгонун Атамбаев ачык айтыптыр. “Биз чечкенбиз. Саясаттан депутаттык мандатын тапшырып кетсин, ынтымак үчүн, жаңы бийликтин бекемделиши үчүн сыртта туруп турушу керек” деп айтты ал. Бабанов буга чейин эч бир саясий топко кошулбай, саясатка аралашкан жок”, - деди Казакбаев.

КАДЫРБЕКОВ: "Бабанов келсин" деп суусап жаткан эч ким жок, эл өзүнүн тиричилигин өзү кыла берет"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков Бабанов саясатка кайтып келеби же келбейби, бул маселени ал өзү чечиши керектигин айтты.

"Эгерде аткара турган программасы болсо, ошол программаны ишке ашырам деген амбициясы болсо, албетте, саясатка кайтып келсе болот. 2020-жылы шайлоо болот, катышып утса, кайтып келсин. Бул нерсенин эч маселеси жок. Ошол эле мезгилде "Бабанов келсин" деп суусап жаткан эч ким жок, эл өзүнүн тиричилигин өзү кыла берет.

Эми бизде бүгүн бирди айтып, эртең башка нерсени сүйлөй беришет да. Бул нерсеге тараза - шайлоочулар, биз бирөөгө "катыш", бирөөгө "катышпа" деп айта албайбыз, ачык атаандаштык, демократия курабыз десек, элдин элегинен ачык тандалып, акырындан уят, сөзгө туруу деген принциптер орногондо гана ар бир саясатчы өз сөзүнө маани берип, айтканына туруп, алдабаганга аракет кылат. Ал нерсеге эл акырындык менен ушул мисалга окшогон нерселерди баштан өткөрүп үйрөнөт", - деди Кадырбеков.

ЖОРОБЕКОВ: “Бабанов Кыргыз мамлекети үчүн пайда алып келет”

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Өмүрбек Бабановду Кыргыз мамлекетине чакыруу зарыл экенин белгиледи.

“Бабановдун Он-Адырда айткан сөзү, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту дегендин бардыгы болбогон нерселер. Ал саясатка кайтабы же жокпу, өзү чечет. Бирок Бабанов Кыргыз мамлекети үчүн пайда алып келмек. Анткени ал ишкер жигит. Орусияда, башка жактарда тааныштары көп болгондуктан инвестиция тартканга мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай жактарын карап туруп, албетте, аны Кыргыз өлкөсүнө чакыруу зарыл.

Бабанов Кыргыз мамлекетине пайдасын тийгизиши керек. Азыркы президентибиз ушундай жигиттерди пайдаланып инвестиция тартуусу шарт. Ал эми Он-Адырда сүйлөгөн сөзү, Назарбаев менен жолугушту деген бул суу кечпеген нерсе экенин Атамбаев маегинде айтты. Он-Адырда Бабанов улуттар аралык кастыкты күчөтө турган эч нерсе айткан эмес. Ал эми Назарбаев 28 жылдан бери Казакстанды жетектеп жүргөн кыраакы киши. Назарбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен апрелде жолукканда деле Бабановго айткан сөзүн билдирген. Ал кыргыздар кимди шайласа ошону менен иштей беребиз дегендей пикир калтырган”, - деди Жоробеков.

ШЕСТАКОВ: "Бабановдун каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар болсо, чоң саясатка кайта берсе болот"

Саясий эксперт Игорь Шестаков Бабановдун туруктуу шайлоочулары бар экенин айтты.

"2016-жылы парламенттик шайлоодо Бабанов лидерлик кылган "Республика-Ата Журт" партиясы 2-орунду алган, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал өзү 2-орунду ээлеген. Бул көрсөткүчтөрүн эске алганда, саясатчы Бабановдун туруктуу рейтинги жана шайлоочулары бар. Ал саясий капиталга ээ. Ага карата козголгон кылмыш иштери токтотулушу керек деген экс-президенттин билдирүүлөрү Бабановдун рейтингине оң таасирин тийгизет", - деди Шестаков.

ТУРДУКУЛОВ: “Бабанов Кыргыз өлкөсүндө калып күрөшө турганын көрсөтсө болмок”

Жарандык активист Адил Турдукулов Өмүрбек Бабановдун саясатка кайтып келишине бүт мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

“Бабанов саясатка кайтып келеби же келбейби, өзү чечет. Ал тагдырын өзү аныктайт. Менин оюмча, анын саясатка кайтып келишине бүт мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени акыркы президенттик шайлоодо ал экинчи орунду ээлеген. Бабановдун шайлоого аттанганы Кыргыз тарыхында алгачкы жолу шайлоонун атаандаштык менен өтүүсүнө себеп болду. Акыркы шайлоодо анын ролу жакшы болду. Ал жакшы прецедент түзүп берди.

Ошол эле учурда катасын айтпай койсо да болбойт. Бабанов өзүнө кылмыш иши козголобу же жокпу, Кыргыз өлкөсүндө калып, күрөшө турганын көрсөтсө болмок. Мисалы, Өмүрбек Текебаев камаларын билип туруп чындыгынан тайбай, ак экенин көрсөтүп, Кыргыз мамлекетине кайтып келген. Бабанов болсо бизнес үчүнбү же башка себеп мененби, чет жакка чыгып кетти. Ошондуктан ага карата элдин арасында, өзгөчө аны колдогондордун арасында терс пикирлер жаралган. Колдогон элдин ишенимин кайтарып алуу үчүн Бабановдон чоң эмгек жана убакыт талап кылынат. Балким, Алмазбек Атамбаев же Адахан Мадумаров менен коалиция түзүп мүмкүнчүлүк табат деп ойлойм”, - дейт Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан