Жактоочу: "Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралууда"

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Асановду үй камагына калтыруу сунушталды. Сот кеңешме залына кирип кетти.

Курсан Асанов Аскер прокуратурасында бүгүн, 27-августта саат 14:00дөн тарта сурак берди.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2019-08-27 20:40:24
Алмазбек Шаршенович, сиз атып салдыныз...эми атпасаныз...суранам..деп жалынып чыгаргандай болду да АЛкашты...
Бийлик мажироолугун корсотуп койду бир сагызганды кармай албай ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан