"Мен урматтуу президентибизге, премьер-министрибизге кайрылат элем, сиздерге туура эмес, бир тараптуу маалымат жетип жатат. Эмне үчүн күч органдары туура эмес маалымат таратат, эмне үчүн мыйзамсыз иш алып барат? Мен укук коргоочуларга да кайрылат элем, бул жерде адам укугу бузулуп жатат. Бул ишти эң жогорку күч органы кароодо. Биз анда эми кимге кайрылабыз. Ошол жерде милициядагы агасы кылмышты көрсө дагы, ал Конституция боюнча жоопко тартылбашы керек", - деди Медетова.