Жалдагы үрөй учурган мушташ. Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун соту башталды

Жалдагы үрөй учурган мушташка шектелип кармалган Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековдун соттук иши башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

"Бизде соттук иш башталган. Бирок соттук отурумдар дайындалганы менен тараптар толук келбей, жылдырылып жатат. Кийинки отурум 31-июлга дайындалган, тилекке каршы ал күнү Курман айт майрамы болгондуктан дагы жылдырылат", - деди басма сөз кызматкери.

2019-жылдын 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган. Ал эми булардын бир тууган агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камагына киргизилген. 2019-жылдын 23-декабрында Казыбек Бапышовдун баш коргоо чарасы тергөөчүнүн өтүнүчү менен каралып, ал үй камагына чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
0001KG
2020-07-28 15:14:04
Актап ийишетко, сизодогу өткөргөн убактысына кошуп акчалай айып пул салып чыгарып ийишет бул паракор соттор!
+7
urmat94
2020-07-28 15:16:54
Булар дагы деле соттоло элекпи бир жылдан бери не кылып журушот факты турса деле
+9
XATSAN125
2020-07-28 18:14:42
urmat94,акча факты менен законду жаап салат
+9
urmat94
2020-07-28 15:19:02
Ошо сабалган балдар боюнча да маалымат берип койгулачы супер азыркы акыбалы боюнча жакшы болуп калышканбы?
+12
munira-tilen
2020-07-28 16:38:17
urmat94,мен да ошону сурайт елем
+10
AdylbekB84
2020-07-28 16:40:52
31- июльда Курман айт майрамы экенин билип туруп эмнеге ошол күнгө жыдырат анда, факты болсо мамат же самат дебейби тезиреек! Кылмыш иши эскиргенине байланыштуу дешти күтүп жатасыңарбы же...
+9
Kuban-1207
2020-07-28 17:04:00
Бул экөөнү эчак эле атыш керек болчу
+6
talaa11
2020-07-28 20:07:01
Бул акмактарды омур боюу камаш керек айбандар десе
+6
faraon312
2020-07-29 01:22:04
Буларды эл жазалабаса кутулуп кетишет. Булардын кылмышын эл унутпай өздөрүндөй төпөштөп майып кылыш керек. Атып койгон жеңил болуп калат.
+2
al-abu-kinesz
2020-07-29 10:38:01
Далилдер жетиштуу го дагы эмне керек??? Бир жыл болду эй. Эгерде кантип соттошту билбей атсанар элге коюп бергиле. Силерге окшогон сотторду соттош керек
+3
Alia82
2020-07-29 11:35:27
Мындайда жылдап созосунар, бийлике каршы иш болсо 2 айда соттойсунар го уяты жоктор, 31и айт экенин билбеген кайсы галдир 31не жылдырды экен, ошонун атын да кошо жазбапсынар, негизи ошол жылдырып аткандардын атын да кошо жазсанар кичине сезишээр беле...
+2
eduardali
2020-07-29 13:37:23
Бул акмактар чыкса дагы бирөөнү майып кылат чыгарбагыла соттор, акча керек болсо мен берем силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан