Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон. Бүгүн саясатчы баласы тууралуу биринчи жолу үн катты.
"Тиги бала атайлап жасабагандан кийин... Баары Кудайдан... Кокустук болуптур. Арыз жазуу менен уулумду кайтарып ала албайбыз. Кудайдын буйругуна баш ийели" деп Садыр Жапаров билдиргенин анын жакындары айтып беришти.
Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков социалдык тармактагы баракчасына "Садыр Жапаров баласын сүзгөндөрдү сотко бербегиле, арыз жазбагыла, бул кырсык, аны каматкан менен пайда жок деди" деп жазды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына барышы бүгүн чечилерин билдирген.
Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.