Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталы "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген собол салды.
МАДУМАРОВ: "Казандын сыртындагы киши бийликке келгенде гана өзгөрүү болот"
Саясатчы Адахан Мадумаровдун айтымында, президенттин "укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшөм" дегени жөн гана саясий шоу.
"Коопсуздук кеңешинен кийин айткан сөздөрүмдүн баары аныкталып жатканын мезгил көрсөтүүдө. Ошол жыйында укук коргоо тармагындагы коррупцияны жоготобуз деп кыйкырды. Себеби минтип айткан элге жагат. Бул жөн гана саясий шоу. Сот, прокуратура жана башка укук коргоо органдары коррупцияга малынган. Бирөөсү камалдыбы? Бийлик алдын ала “качып кеткиле” деп коррупционерлерге ишарат берет. Анан алар сыртка качып чыгышат. Коррупцияга каршы күрөштүн баары жалган, курулай кыйкырык. Жыйынтыгын чыгарам деген киши Малайзиядагыдай, Өзбекстандагыдай болуп бир күндө эле билинет. Азыр бийлик кызматка алып келген кадрлар гана туура, таза иштеп жатты беле? Казандын сыртындагы киши бийликке келгенде гана өзгөрүү болот. Азыр мектептин директоруна чейин бир партиянын өкүлү болуп калган. Өзүнүн куйругун өзү кыркабы эмне? Алардын кийген тону да, ичкен ашы да бир болуп жатса. Буга чейин камакка алынгандарга 2-3 ай чыдап тургула деп коюшкан. Эл унутчаак. Азиз Батукаевди качыргандарды, Дача-СУга кулаган учакты азыр бирөө эстеп жатабы? Биз унуттук. ЖЭБдеги коррупция да, түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы коррупция да унутулат. Камалгандар кайрадан момоюп чыгып келишет. Туура эмес камаптырбыз деп кечирим сурайбыз. Бийлик ушул эле багытта кете беришине ишенем. Бир клан гана күчтөнүп бара жатат. Учурда элдин алдында аябай сонун спектакль коюлуп жатат. Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн "Уктап жаткан эл же өлөт, же кул болуп ойгонот" деген жакшы сөзү бар", - деди Мадумаров.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Президент айткан сөздөрүн, идеяларын азырынча ишке ашыра элек"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдиргендей, президент идея катарында, сөз түрүндө көп эле нерселерди айтып жатат.
"Тилекке каршы, айткан сөздөрү азырынча ишке аша элек. Ал укук коргоо органдары, сот толугу менен коррупциялашкан деп билдирген. Коррупциялашкан болсо ошол түзүмдөрдүн ичиндеги мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер жоопкерчиликке тез аранын ичинде тартылышы керек болчу. Бирок алардын эч кимиси жоопкерчиликке тартылган жок. УКМКны коррупциялашкан деп айта турган болсок, анда анын ошол убактагы башчысы Абдил Сегизбаев эмнеге жоопкерчиликке тартылган жок? Ошондой эле башкы прокурор, алардын орун басарлары, бөлүм башчылары жоопко тартылган жок. Кызматтан бошотуу гана болуп жатат. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон жок.
Андан кийинки кадам укук коргоо органдары, сот системи коррупциялашкан дей турган болсок, анда тез аранын ичинде биринчи түзүмдү алмаштырып, экинчи саясий реформалар башталышы шарт болчу. Мындай кадамдар дагы болгон жок. Мүмкүн иштеп жатат, күчтөрү жетпей жаткандыр же жөн эле айтып коюшуп ишти кылгысы келбей жатат белгисиз", - деди Жээнбеков.
КАДЫРБЕКОВ: "Жээнбековдун сот, укук коргоо органдарындагы коррупцияны өзгөртө албай жатканына анын мурдагы президенттердей эле ката кетирип жатканы себеп болууда"
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков президент туура эмес кадрларды тандап жатат деген пикирде.
"Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо системин аябай катуу сындады эле. Бирок ошондон бери эч нерсе өзгөргөн жок. Менин оюмча, мунун бир себеби Жээнбековдун да мурдагы президенттердей эле ката кетирип жаткандыгында. Ал да жаңы мыйзамдарды жазсак эле баары өнүгүп кетет деген жаңылыштык ойго берилип кеткен. Себеби институттарды, мыйзамдарды иштете тургандар - бул адамдар. Дүйнөдөгү мыкты мыйзамдарды көчүрүп алса да туура адамдарды тандабаса алар ишке ашпайт. Кагаз түрүндө эле калып калат. Жээнбековдун эч нерсе өзгөртпөгөнүнүн бир себеби катары анын жаңылыш жол менен кетип жатканын айтам. Президент жаңы эрежелер, жаңы кодекстер ишке кирсе коррупциядан тазаланып калабыз деген жаңылыш пикирде кетип жатат. Бардык мыйзамдарды иштете турган - бул адамдык капитал. Азыр карасаңыз, акыркы 30 жылда колунан эч нерсе келбеген кишилерди бийликке алып келип жатат", - дейт Кадырбеков.
ЖОЛДУБАЕВА: "Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери алмашса да иш жакшырган жок"
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева күч түзүмдөрдөгү жетекчилерин алмаштырганда иш жакшырбаганын айтты. "Күч түзүмдөрдөгү жетекчилерди алмаштырууда иштин мүнөзүнө жана ыкмаларына эч кандай таасирин тийгизген жок. Иш жакшырган жок. Демек, кеп башкада", - дейт Жолдубаева.
КАНАТБЕК АЗИЗ: "Коррупция менен күрөштө мурда болбогон окуялар болду"
Юрист Канатбек Азиз учурда президент коррупция менен күрөшүп жатат, аягына чыгуу үчүн убакыт керек экенин билдирди.
"Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдөгү аракети жакшы деп бааласак болот. Мурда болбогон окуялар болду, мурунку өкмөт башчылар, бир нече жетекчи кызматта иштеген адамдар камакка алынды, тергөө иштери жүрүүдө. Мурда биз кыйкырып, азыр камакта тургандар укпай жаткан болсо, бүгүн өздөрү камакта жатышат.
Мурдагы күч түзүмдөрүнө карата аракет көргөнгө иш ачылыш керек, далил керек. Моюнунан сүйрөп барып камап койгон болбойт. Жээнбековдун алдыда дагы убактысы бар, мыйзам бузулуп, коррупциялык көрүнүш орун алган жерлерге убакыттын өтүш менен жетет, чара көрүлөт. Мына Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында дагы маселе айтылды, бул боюнча да сөзсүз бир жыйынтык чыгат. Коррупцияга каршы толук күрөш жүргүзүп, ар бир тармактагы маселелерди алып чыгуу үчүн убакыт керек", - деди Канатбек Азиз.
АСКАРБЕКОВ: "Коррупция менен күрөшүүдө президент чечкиндүү болбосо элде ишеним кетет"
Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, президент коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамга барышы керек.
"Бул маселе туура коюлган. Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев, экс-баш прокурор Индира Жолдубаева, ИИМдин экс-жетекчиси Улан Исраилов жана башка шоопур, жан сакчылар, жогорку кызматта өз билгенин кылганы үчүн, коррупцияны гүлдөтүп, бийликти узурпациялаган үчүн, оппоненттерге каралоо, коркутуу, камоо аракеттери үчүн, улуттук коопсуздукка шек келтиргендери үчүн кылмыш иштери козголуп, камалышы керек эле. Түркүн соодалашуу, башка күчтөрдүн кийлигишүүсү менен кутулуп кетүү аракеттерин көрүшүүдө. Президент коррупционерлер менен күрөшүүдө алсыздык көрсөтпөөсү зарыл. Эл баарын баамдап турат. Аскарбек Шадиевди качыргандары, жогорудагы жана башка ууру, коррупционерлердин камалбай жүрүшү эл арасында сөздөрдү жаратып, суроо, күмөндүү ойлорду пайда кылат. Бир коррупционерди камабай койсо, башкасы да жоопкерчиликтен качуу жолун табат. Ошондуктан президент чечкиндүү кадамга барышы керек, болбосо президентке болгон элдин ишеними кетери шексиз", - деди Аскарбеков.
КАРАСАРТОВА: "Атамбаевдин убагында күч түзүмүн башкарып тургандарды камаш керек дей турган болсок таптакыр өнүгө албайбыз"
Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, азыркы учурда туура эмес иш, катачылык жасалса же мыйзам бузуу болсо бирөөнүн камалганын эле күтүп калган заман болуп калды.
"Адамды камоонун алдында кылмыш иши козголушу керек. Кандай кылмыш жасаганы далилдениши зарыл. Дагы бир варианты бар. Сын-пикир менен айта турган болсок, балким, кээ бирөөлөр өздөрүнүн жакын санаалаштары болушу мүмкүн. Себеби азыркы президент мурунку мамлекет башчы Атамбаевдин эле командасынан чыккан. Баары бир командада болуп административдик ресурсту колдонуп, бийликке чогуу келишкен. Атамбаевге аябай жакын адамдардын көпчүлүгү камалып жатат. Балким, камалбагандары Сооронбай Шариповичке жакыныраак. Биз кылмыш бар экенин билсек, далил менен азыркы күч органдарына маалымдашыбыз керек. Далилдин негизинде кылмыш иши козголбой жатса, анда "аны бийлик коргоп, эч кандай коррупцияга каршы күрөш жүрбөй жатат" деп айтып чыксак болот. Эң негизгиси далилдер болуусу шарт.
Атамбаевдин убагында күч түзүмүн башкарып тургандарды сөзсүз түрдө камаш керек дей турган болсок, таптакыр өнүгө албайбыз. Бүгүнкү күндө камаган ыкмалардан айып пул салып, мындай кызматтарды ээлегенден баш тарттыра турганга өтсөк жакшыраак болот. Түрмөлөрдүн санын көбөйткөндөн көрө айып пулдун акчасы менен анча-мынча мамлекеттик карыздарыбызды жоюп алсак пайда болмок", - деди Рита Карасартова.