КҮНСОБОЛ: Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз болсо да эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген собол салды.

КАРАМУШКИНА: "Өлкөдө балансты сактоо үчүн оппозиция керек, бизде каршы пикирин айтып тура алган оппозиция жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өлкөдөгү кырдаалга биринчи кезекте президент күнөөлүү деген пикирин айтты.

"Криминал менен байланышы бар депутаттардын ишин иликтөө боюнча укукту криминалдык милицияга берүү боюнча сунуш түштү. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алдында жалпы жарандар менен теңдик болот дегенди түшүндүрөт. Криминалга байланышкан депутаттардын, алардын өкүлдөрүнүн жазага тартылбашы мамлекеттик бийликке жабышып жатат. Мындай өзгөртүүлөр колдоо табарына көзүм жетпейт. Акыркы учурларда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы бандиттерге туруштук берип, бул багытта эч ким өзгөртүүлөрдү киргизбей жатканын айтып жатышат. Азыр баш аламандык орун алып жатат. Мыйзам боюнча биринчи кезекте президент күнөөлүү. Ага макулдашуу саясаты керек же балансты сактоо үчүн нормалдуу оппозиция болушу зарыл.

Өлкөбүздө түрдүү багыттагы топтор, диний агымдардын да таасири күчөп жатат. Мамлекеттик иштерге аралашып, светтик коомду бузууга аракеттенген өлкөлөргө визасыз режим киргизүүгө депутаттарды мажбурлаганы дагы бекеринен эмес. Эгер интеллигенция, кайдыгер эмес жарандар үн катышпаса бир гана криминалдык жаңжалдар эмес, башка өлкөлөрдүн диний түзүмдөрү бийликти басып алышы мүмкүн. Каршы пикирин айтып тура алган оппозиция жок. Атамбаевдин мурунку тарапташтары чыккынчылык кылып кетип калышты. Ал кимди, каякка жөнөтүү керектигин айта алмак. Биздин көптөн берки өнөктөштөрүбүз ошол эле Орусия, Беларусь жана башка өлкөлөр биз менен байланышуудан да кооптонуп калышты. Биз Москва менен Минскке карап түзөлбөй, Ооганстанга ооп бара жатабыз", - деди депутат.

МОМБЕКОВ: “Өкмөттүн бюджетине киреше алып кире турган эки тармакта коррупциянын калың экенин эл билет”

Депутат Рыскелди Момбеков бул тармактагы коррупцияны ачууга өкмөт өзү кызыкдар болбой жатканына таң калып жатканын айтты.

"Бажы тармагында же салык тармагында, же негизги өкмөттүн бюджетине киреше алып кире турган ушул эки тармакта коррупциянын калың экенин эл билет. Анан бул жаатта коррупциялык нерселерге согуш жарыяланып же болбосо аны жоюудагы өкмөттүн аракеттери натыйжа бербесе элдин бийликке болгон ишеними кетет. Өзүм дагы таң калам, эмнеге бул тармактагы коррупцияны ачууга өкмөт өзү кызыкдар болбой жатат? Былтыр февраль айында президент айткандан кийин жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражаттары боюнча кылмыш иштери козголгон, бирок алар 1 жылдан бери белгисиз. Ошол акчалар өкмөткө кайтарылдыбы, уурдагандар такталдыбы, кандай сурак, кандай жооп болду маалымат жок.

Ушундай нерселердин баары өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүндө аракеттери алсыз экенинен кабар берет. Илгери Турсунбек Чыңгышев айткандай, бажы тармагындагы коррупция боюнча бир гана жалкоолор айткан жок. Учурда бул тууралуу кошуна мамлекеттердин өкмөт башчылары, укук коргоо кызматтары да Кыргыз өлкөсүндөгү бажы тармагындагы аткезчиликте чоң акчалар ойноп жатканын айтууда", - деди Момбеков.

КАДЫРБЕКОВ: “Бул президент менен өкмөт эч нерсени өзгөртпөйт”

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков бийликте отурган кишилер бажы аркылуу көмүскө жол менен өзүн-өзү байытууга булак таап алганын айтты.

“2017-жылы ЕАЭБдин отурумунда Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев бизди катуу сындаган. 2015-жылы Кытайдын статистикасы менен Кыргыз мамлекетине экспорттолгон товардын өлчөмү 4 миллиард 300 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргыз тараптын статистикасы боюнча Кытайдан келген импорт 1 миллиард доллар деп катталган. 2016-жылы Кытай Кыргыз өлкөсүнө 5 миллиард 600 миллион доллар товар экспорттолду деп каттаса, биздикилер 1 миллиард 500 миллион доллар деп каттоодо. Ортодо 4 миллиард 100 миллион доллар айырмадагы сумма чыгып жатат. Бул бир жылдын ичинде чыккан гана айырма болууда. Бул миллиарддаган акчалар мамлекеттин бюджетине түшпөй, чиновниктердин сол чөнтөгүнө кетип жатканынан кабар берет. Ошондуктан ар бир бийлик келгенде өзүнүн көзөмөлүнө алганга аракет кылат.

Бажы башкармалыгынын жетекчисинин Райымбек Матраимовду “сүттөн ак экен, биз бул кишиге эч нерсе айта албайбыз” деген пикири кайрадан ишке келет дегендей белги болду. Албетте, Матраимов ошол жактагы жашыруун иштерди билет. Ал эми бийлик үчүн мындай кишилер дагы керек. Менин жеке пикиримде бул президент менен өкмөт эч нерсени өзгөртпөйт. Булар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана баюу жолдорун ойлогон гана кишилер. Ошондуктан буга чейин мамлекеттик кызматта иштебеген, азыркы саясатка аралашпаган жана дүйнө жүзүндө тажрыйбасы, билими бар адамдар келип алгылыктуу программаларды баштамайынча эч кандай майнап чыкпайт”, - деди Кадырбеков.

МУКАНОВА: "Бажы кызматында дале коррупция болсо, демек, чечим кабыл алгандардын бул жаатта кызыкчылыгы бар"

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова Бажы кызматы кирешелүү булак болгону үчүн жеке кызыкчылыгын ойлогон жактар бар болорун белгиледи.

"Бажы кызматы Салык кызматы менен катар эле бюджеттин негизги киреше булагы болуп саналат. Демек, бул акча булагы. Ошого жараша бажы кызматында коррупциялык тобокелчиликтер көп. Коррупция - өз кызыкчылыгы үчүн баюу максатында каражаттарды жана ресурстарды өзүнө өткөрүп алуу эмеспи. Бажы кызматы дале коррупциялык тобокелчиликте болсо, демек, чечим кабыл алган жактардын бул жаатта жеке кызыкчылыгы бар", - деди.

КАРАСАРТОВА: “Ашын жеп койгондон кийин сүйлөй албай каласың” деген эле маселе болуп жатат”

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, бийликке келгендер өз адамдарын чоң кызматка алып келүү менен алек болууда.

“Себеби биздин бийликке келүү үчүн ушундай адамдардын колдоосуна аябай ээ болушат. Анан бийликке келгенден кийин милдеттенме пайда болуп калат. Ошон үчүн булар КСДПга жардам берген деп туруп, “ашын жеп койгондон кийин сүйлөй албай каласың” деген эле маселе болуп жатат.
Азыркы күндө бийликке келгендер өз кадрларын коюп жатса, алар эртең башка кадрын алып келүү менен алек болууда. Ушундай систем түзүлүп калган. Бул нерсе бири-бирине байланыштуу.
Эгер сен иштебесең эч качан кызматка келбейсиң, ал эми келгенден кийин бул “бийликти колдойсуң” деген маселе. Президент өзү "бул КСДПга жардам берген, ошон үчүн эгер кылмыш жасаса силер далилдеп бергиле" деп ачык эле айтты. Ал эми журналисттер баарын эл ачык эле көрүп жатканда кантип далилдемек эле? Президент ушинтип айтып жаткандан кийин дагы эмне кылып далилдеш керек деген маселе туулат", - деди Карасартова.

ОШУРАХУНОВА: “Бийлик өзү коррупцияга малынганы үчүн мындай иштердин бетин ачпай жатат”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргыз мамлекетинде кайсы жакка барба баарында коррупция бар экенин айтты.

“Бийлик өзү коррупцияга малынганы үчүн мындай иштердин бетин ачпай жатат. Кыргыз мамлекетинде кайсы жакка барба бардык жакта коррупция бар. Бирок Бажы кызматында коррупциянын казаны кайнайт. 2010-жылы убактылуу өкмөттөгү болжол менен Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин урушу деп айтылып интернетке чыгып, ошол учурда Райым “миллион” боюнча уруш дагы болгон. Ага карабастан Райымбек Матраимовду өзүнө алып алды. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Матраимовду коррупционер деп кайра эле өзү айтып чыкты. Эгерде азыркы бийлик ошол коррупциялык схеманы изилдебесе, анда бизде шек жаралат. Азыркы бийлик бажыдагы коррупциялык схеманы өздөрүнө иштетип жатат. Бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып баштаса, биз жакшы деп билип жүргөн адамдардын аты аталып калышы мүмкүн. Анткени бийликте отурган адамдардын кызыкчылыктары толтура. Ошондуктан бул жактагы коррупцияны көзөмөлдөп, оңдогонго саясий эрки жетпейт”, - деди Ошурахунова.

ТУРДУКУЛОВ: “Чек арадагылар гүлдөп, өнүгүүдө. Аларды калкалаган ошол учурдагы бийлик”

Активист Адил Турдукулов Кыргыз мамлекетиндеги эң башкы экономика жаатындагы көйгөй көмүскө табитинде болуп жатканын айтты.

“30 жылдан бери 70-80 пайызга чейин экономика көмүскөдө деп какшап келишет. Муну азайтабыз деген таризде программа түзүшөт. Бирок көмүскө экономика кыскарбай келет. Себеби көмүскө экономиканын эң башкы бөлүгү - бул чек арадагы, өзгөчө Кытай тараптан товарлар аткезчилик түрүндө келип, кайрадан аткезчилик түрүндө Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек аралары аркылуу чыгып кетип жатканынын белгиси. Ал эми ошол жакта миллиарддаган акчалар көмүскөдө болуп жатат. Ошол себептен чек арадагылар гүлдөп, өнүгүүдө. Аларды калкалаган ошол учурдагы бийлик. Өкүнүчтүүсү бул систем 5 президенттен өтсө дагы сынбай жатат. Эгерде чыныгы таза жолду тандадык десек, коррупция менен күрөшүүнү алгач бажы тармагынан баштоо керек. Азырынча мындай күрөш байкала элек. Бул жерде бир гана саясий эрк болушу зарыл. Бийлик өзү аралашуусу керек, ошондо аны жоюуга бир-эки кадам жетиштүү болот. Ошондуктан бийликтин чын дилинен бажыдагы коррупцияны жоюуга ынтызар болушу абзел. Андай болбосо бул жакта эч нерсе өзгөрбөйт”, - деди Турдукулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан