Бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштурган "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек стол өттү. Анда депутаттар, саясатчылар, эксперттер, жарандык коом шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтери, аны өзгөртүү жана жаңы шайлоо системин куруу жөнүндө талкуулашты. Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү сунуш кылып жаткан демилгечи депутаттар өздөрүнүн долбоорлорун презентация кылышты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоого аз калганда анын эрежелеринин өзгөрүлүшүнө кандай карайсыз?" деген собол салды.
МАСАЛИЕВ: “Парламенттик шайлоонун эрежелери өзгөрүлүшү керек”
Депутат Исхак Масалиев парламенттик шайлоонун эрежелеринин өзгөрүлүшүнө туура карай турганын айтты.
“Азыр депутаттардын сапаты, сабаты эл тарабынан аябай нааразычылык туудуруп жатат. Шайлоонун эрежелери өзгөрүлүп, чыныгы эл шайлаган депутаттар болсо жакшы болмок. Ошондой аракеттер болушу керек”, - дейт Масалиев.
ЖЭЭНБЕКОВ: “Бийлик таза шайлоо өткөргөнгө даяр эмес”
Экс-депутат Равшан Жээнбеков белгилегендей, дүйнөлүк практикада шайлоо жакындаганда шайлоонун эрежелерин өзгөртпөйт.
“Бирок биз өзгөртүүгө мажбурбуз. Себеби Кыргыз мамлекети таза, мыйзамдуу, адилеттүү шайлоо өткөргөнгө даяр эмес. Биринчи орунда бийлик даяр эмес. Бийликке коомдун, саясатчылардын ишеничи жок. Ошондуктан биз жакынкы убактарда шайлоо эрежелерин өзгөртүүгө мажбур болобуз. Ал биринчи кезекте акчанын ролун азайтуу, саясий коррупцияны жок кылуу, саясий атаандаштыкты бардык саясатчыларга, партияларга бирдей кылууга жардам берет. Эл менен жолугууга, маалымат каражаттарына чыгууга шарт түзүп, дебаттарды көбөйтөбүз. Мына ушул багытта эрежелерди өзгөртүүгө мажбур болобуз”, - дейт Жээнбеков.
МАМАСАЛИЕВ: "Шайлоо процессин өзгөртүүдө депутаттар радикалдуу кадамдарга барышы керек"Экс-депутат Алишер Мамасалиевдин айтымында, акыркы 2 шайлоо процесси (2015-жылдагы парламенттик шайлоо жана 2017-жылдагы президенттик шайлоо) шайлоочуларга жана талапкерлерге тиешелүү мыйзамдарда катачылыктар бар экенин далилдеди.
"Келе жаткан шайлоого чейин бул кемчиликтерди жокко чыгарыш керек. Учурда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча 4 мыйзам долбоору иштелип чыккан. Эң негизгиси бул өзгөртүүлөрдө көз боёмочулук болбошу зарыл. Депутаттар төмөнкү 3 маселе боюнча радикалдуу кадамдарга барышы керек.
Биринчиси, партиялардын тизмелерин бекитүү боюнча;
Экинчиси, ар бир шайлоочу талапкерлерге добуш бериши керек, ошондо эл билген депутаттар парламентке келет;
Үчүнчүсү, чет өлкөдөгү жарандарыбызга шайлоо укугун аткаруу боюнча шарт түзүп берүү керек.
Эгер ушул 3 маселе боюнча реалдуу кадамдарга барсак, жаңы парламентке чыныгы элдик, абройлуу, белгилүү инсандарга жол ачат. Жаштарга, таза саясатчыларга шарт түзүп беребиз", - деди Мамасалиев.
БЕКМАТОВ: “Мурдагы шайлоодо кеткен кемчиликтер боюнча мыйзамдарга нормаларды киргизип алсак бир топ жеңилдик болот”
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эл аралык уюмдардын шайлоого бир жыл калганга чейин мыйзамдарды өзгөртпөө боюнча кеңеши бар.
“Жаңы систем менен референдум, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоолорун, президенттик шайлоону өткөрдүк. Менин оюмча, күзгө чейин мурдагы шайлоодо кеткен кемчиликтер боюнча мыйзамдарга нормаларды киргизип алсак бир топ жеңилдиктер болот.
Саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча нормаларды киргизүү зарыл. Себеби турмуш көрсөткөндөй, айрым депутаттардын башка мамлекеттерде жарандуулугу чыгып калып жатат”, - дейт Бекматов.
ШЕСТАКОВ: "Конституцияны өзгөртүү жолу менен депутаттардын санын азайтуу керек" Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, партиялык парламентаризм өзүн актаган жок.
"Бизде шайлоо алдында оюн эрежелери тез-тез өзгөрүлүп турат. Азыркы демилгелер активдүү талкууланат деп ойлойм, анткени акыркы жылдары коом депутаттардын санына жана сапатына абдан нааразы болуп жатат.
Мындан тышкары 2016-жылы Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилип жатканда парламенттин 50 пайызы бир мандаттуу систем боюнча, калган 50 пайызы партиялардын тизмеси боюнча шайланышы керек деген демилге көтөрүлгөн. Бул демилге азыр да кызуу талкууланат деген пикирдемин. 2010-жылы мажбурланып киргизилген партиялык парламентаризм өзүн актаган жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, парламентке өткөн саясий партиялар шайлоочулардан бөлөк жашоо менен жашап жатышат. Партиялар өлкөнүн негизги ресурстарын көзөмөлдөгөнгө аракет кылышууда. Кайсы бир партия үчүн өкмөттү отставкага кетирүүлөр буга далил.
Ошондой эле партиялар үчүн 9 пайыздык босого маселеси талкууланат. Мындай босого менен биз кайра олигархиялык парламентти шайлап калабыз. Жогорку Кеңеш кайра жабык акционердик коом болуп калат.
Албетте, шайлоо алдындагы процесстерге өзгөчө көңүл бурулат, себеби оппозиция өзгөрдү, Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы бул тарапка өттү. Атамбаев системдүү оппозиционер, бийликтин өкүлү эмес. Эми талкуу көбүрөөк болот, күрөш активдешет.
Жалпылап айтканда Конституцияны өзгөртүү жолу менен депутаттардын санын азайтыш керек. Парламенттин жарымы бир мандаттуу систем жана жарым партиялык тизме боюнча шайланышы зарыл. Ошондо партиялардын ортосунда атаандаштык болот", - деди Шестаков.
КАРАСАРТОВА: “Парламенттик шайлоонун эрежелерин өзгөртүүгө убакыт бар”
Укук коргоочу Рита Карасартова шайлоонун эрежелерин өзгөртүү маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек деген пикирде.
"Мурунку эрежелер менен олигархиялык парламент келген. Шайлоо эрежелери өзгөрүлбөсө, кайра эле ушундай парламент келет. Шайлоонун эрежелерин өзгөртүү маселеси сөзсүз түрдө каралышы керек. Буга чейин кандай жолду басып өткөнүбүздү карап чыгууга убакыт бар", - дейт Карасартова.
КАДЫРБЕКОВ: “Шайлоо бюллетенинде, партиялардын тизмесинде талапкерлердин аты-жөнү болушу шарт”
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, шайлоо эрежелерине өзгөртүү киргизүү керек.
“Шайлоочулардын конституциялык укугун ордуна алып келүү зарыл. Конституциянын негизинде шайлоочулар депутатты шайлаш керек. Мыйзам боюнча депутаттарды эмес партияны шайлаш керек. Демек, азыр кызык нерсе болуп калды. Шайлоочулар партияны шайлап жатат. Парламентте өздөрүн депутатпыз деп мандат алгандар легитимсиз. Аларды эч ким шайлаган эмес, эл билген да көргөн да эмес. Шайлоо бюллетенинде партиялардын тизмесинде талапкерлердин аты-жөнү болушу шарт. Ошондо 10 жылдан бери мыйзамсыз адамдар депутатпыз деп маселе чечип жатат. Шайлоочулардын шайлоо укугун ордуна алып келүү үчүн эрежерелерди өзгөртүү керек”, - дейт Кадырбеков.