КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасынын такталбаган аймагында коңшу өлкө курулуш иштерин үч күндөн бери жүргүзүүдө. Эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер ушул убакка дейре үн ката элек?

14-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштаганы тууралуу маалымдалган. Лейлектен Бишкек шаарына келген айылдык кеңештин депутаттары "Баткен районунун үч айыл өкмөтү анклав болгону турат" деп бийликке кайрылуу жасаган. Мамлекеттик чек ара кызматынан аталган аймактагы абал туруктуу деп маалымат тараткан. Ал эми чек ара маселеси боюнча жооп берген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков расмий түрдө билдирүү жасабаганы коомчулукта сындалып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасынын такталбаган аймагында коңшу өлкө курулуш иштерин үч күндөн бери жүргүзүүдө. Эмне үчүн чек арага жооп берген вице-премьер ушул убакка дейре үн ката элек?" деген собол салды.

ОРОЗОВА: "Чек ара маселелери боюнча комиссиянын иши тез жүрбөгөндүктөн бүгүнкү күндө чатактар болуп жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозованын айтымында, чек ара маселесин чечүү кечиккен сайын пикир келишпестик окуялар болуп жатат. "Чек арадагы көйгөйдүн көптүгүнөн өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча штат берилген. Чек ара маселелери боюнча комиссия ошол кызматтын карамагында. Комиссиянын ишинин тез жүрбөгөндүгүнөн улам бүгүнкү күндө чатактар болуп жатат. Албетте, чек ара маселеси тез бүтпөйт. Бирок бул маселени чечүү кечиккен сайын ушундай окуя болуп жатат", - дейт Карамат Орозова.

КЕЛДИБЕКОВ: "Бүгүнкү күндөгү Кыргыз-Тажик чек арасында болуп жаткан окуялардын бардыгы көптөн бери топтолуп, чечилбей келе жаткан маселенин негизинде болуп жатат"

Саясатчы Ахматбек Келдибеков чек ара маселеси өтө кылдаттыкты талап кыла турганын айтты. "Бүгүнкү күндөгү Кыргыз-Тажик чек арасында болуп жаткан окуялардын бардыгы көптөн бери топтолуп, чечилбей келе жаткан маселенин негизинде болуп жатат. Эгерде ошону учурунда эки коңшу өлкөнүн президенттери көңүл буруп, чечкенде бүгүнкү күндөгүдөй көйгөй болмок эмес. Менин оюмча, азыркы президенттин алып барып жаткан иштери боюнча Өзбекстан, Тажикстан менен бул маселе келечекте чечилет деген ишеничтемин. Бирок ага чейин өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия чек араны делимитация жана демаркациялоо иши аягына чыгып, чечим кабыл алынганга чейин чек аранын жанындагы бош, талаш жерлерде эч кандай курулуш болбош керек. Бири-бирине элдин нааразычылыгын күчөтө турган маселелер каралбаш керек. Муну өкмөт жөнгө салып протокол иретинде болобу тастыктап жазып коюш керек. Себеби делимитация бүткөндөн кийин гана ар бир өлкө өзүнүн чек арасында кандай курулуш иштерди алып барып, кандай кылып пайдалана турганын чечет. Чек ара маселеси боюнча өкмөттүн тийиштүү вице-премьери кандай бир маселе чыкса өтө чоң маани берип, көңүл буруу зарыл. Керек болсо ал жерге барып, көйгөйдү ордунан чечкенге аракет кылуу шарт. Вице-премьерлер ушул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылып, маани берүү менен гана иш алып барышы керек", - дейт Келдибеков.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Чек ара маселеси боюнча нааразычылыктар күчөп жатканда көйгөй чечилбесе, анда бийлик буга кызыкдар эмес же колдорунан келбей калды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков күндөн-күнгө чек арада чатактар көбөйүп жатканын белгиледи. "Чек ара маселеси бизге, Тажикстанга окшогон кедей, авторитардык коррупциялашкан мамлекеттер үчүн оор, татаал көйгөй болуп эсептелинет. Эгерде бул маселени көптөн бери президент өзү жеке көзөмөлүнө алып, өкмөт, укук коргоо органдары кийлигишип чече албай жатса бул бийликтин көйгөйдү чечүүгө потенциалы түгөнүп баратканынын далили. Анткени күндөн-күнгө чатактар, конфликттер көбөйүп жатат. Элдин чек ара маселеси боюнча нааразычылыгы күчөп жатканда бийлик көңүл бурбай, чечпей отурса алар буга кызыкдар эмес же колдорунан келбей калды", - дейт Жээнбеков.

ИСАКОВ: "Жергиликтүү эл чек арага жооп берген вице-премьерге караманча каршы экен"

Жарандык активист Гүлжигит Исаков бийлик эл жактырбаган вице-премьерди кызматта кармап отурат деген пикирде.

"Ушул жылдын жай айларында Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан кезектеги жаңжалдан кийин биздин санаалаштарыбыз чек арага барып, өз көздөрү менен көрүп, эл менен баарлашып келишкен эле.
Жергиликтүү эл чек арага жооп берген вице-премьерге караманча каршы экен. Бийлик эмне үчүн эл жактырбаган вице-премьерди кызматта кармап турат? Бийлик элди тоотпойбу? Вице-премьердин аркасынан ээрчиген сөздү эске албайбы? Тажиктердин колунда кандай компроматтар бар? Улуттун кызыкчылыгы бир кишиден төмөн турабы? Суроолор абдан көп. Журналисттер анын эшигин каккылап, кайсы жерде болсо дагы таап, коомдун маалымат алуу укугунан пайдаланышы керек. Коопсуздук органдары иликтей турган жагдайлар көп. Мамлекеттүүлүк, улуттук кызыкчылык жеке адамдардын айыбынын ачылып калышынан жогору турат. Улуттук кызыкчылык жеке каталардын айынан садага чабылбашы керек", - деди Гүлжигит Исаков.

АЙБЕК МЫРЗА: "Чек ара маселесин болбогон себептер менен созгон сайын пикир келишпестиктер күчөп жатат"

Жарандык активист Айбек Мырза бийликтин алсыздыгынан, так жоопкерчилиги жоктугунан, чечкинсиздигинен ушундай маселе жаралып жатат деген ойдо. "Президент мынча убакытта бул маселени чечесиңер деп тапшырма бериши керек. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын, адилеттүү адамдарды чек ара боюнча түзүлгөн комиссияга киргизүү зарыл. Чек ара маселесин болбогон себептер менен созгон сайын пикир келишпестиктер күчөп жатат. Чатактар бийликтин аракетсиздигинен болууда. Баткендеги айылдык кеңештин депутаттары Бишкекке келип, маалымат каражаттары аркылуу такталбаган жерге Тажикстан курулуш иштерин жүргүзүп жатканын айтышты. Алар бийлик бул боюнча эч нерсе жасабай жатканын билдиришти", - дейт Айбек Мырза.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан