2013-жылы "Кыргызгаз" "Газпромго" символикалык түрдө 1 долларга сатылган. 2015-жылы "Газпром" компаниясынын төрагасы Алексей Миллер ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда 3 жылдын аралыгында газ тармагына 45 миллиард 5 миллион сом инвестициялоо милдеттемесин алгандарын айткан.
"Газпром" компаниясы 5 жылга инвестициялык келишим менен Кыргыздын бүткүл газ инфраструктурасын алды эле. SUPER.KG порталы "Келишим талаптары аткарылдыбы? "Кыргызгазды" бекер карматып салуу чечими туура болдубу?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: "Коңшу өлкөлөр менен чыр-чатак чыкканда алар бизди жазалоо үчүн газ берүүнү токтотуп койчу"
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кыргыз өлкөсү газ боюнча көз карандысыздыкка жетти деген ойдо.
"Газпром" "Кыргызгазды" сатып алуу үчүн төлөгөн 1 доллар – бул символикалык баа. Чындыгында, "Кыргызгаздын" миллиондогон доллар карызын "Газпром" өзүнө алган. Өз убагында коңшу өлкөлөр менен чек ара же башка бир маселе боюнча чыр-чатак чыкканда алар бизди жазалоо үчүн газ берүүнү токтотуп койчу. Айрыкча, түштүк аймактарда: бир нече ай бала бакчаларда, мектептерде көчөдө отун менен тамак жасаган күндөр болгон. Алмазбек Атамбаев бул чарбаны карыз менен берип, жыйынтыгында биз газ боюнча көз карандысыздыкка жеттик. Ошентип 6 жылдан бери эч ким бизге газды өчүрө элек", - дейт Карамушкина.
АБДРАХМАНОВ: "Орусия берген убадаларын аткарган жок, анткени биз тараптан аны эч ким көзөмөлдөй албайт"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов Орусия ооз толтуруп убада бергени менен, иш жүзүндө аларды аткара албаганын айтты.
"Кыргызгаздын" Орусияга өтүшүнө мен башында эле каршы болуп келгем. Себеби эркин мамлекет болгондон кийин мынчалык чоң көз карандылыкка барбоо керек эле. Анткени мындай энергетикалык көз карандылык акыры келип моюнуңа сыйыртмак катары илинип калат. Мисалы, кезинде Украина менен Орусия дос болчу, кийин эки өлкөнүн мамилеси бузулган соң Орусия газ берүүнү токтотуп салган. Бир жыл бою украиналыктар газы жок отуруп калган. Ошон үчүн мамлекеттик стратегиялык маселени бир өлкөгө байлап берген туура эмес. Эгер жаныбыздагы коңшубуз болгон Өзбекстандан газ ала албасак, анда биз эмнеге эркин мамлекет болуп жүрөбүз. Орусия деле газды Өзбекстандан алып жатат. Керек болсо мурдагы баадан жогору өз үстөгү менен сатып жатат. Ал эми 5 жыл мурунку убадалары тууралуу айтсам, жигиттер деле үйлөнөрдө кызга көптөгөн убада берет. Орусия деле ушундай кылган. Азыр убадасы аткарылган жок. Анткени бизде аларга таасир бере турган, аны көзөмөлдөй турган рычаг жок. Газды жана нефть продуктуларыбыздын баарын 100 пайыз Орусиянын карамагына өткөрүп бергенибиз туура болгон эмес. Эгер биз Украинадай же Грузиядай болуп демократиялык жолго түшөбүз десек, анда бизди Орусия экономикалык жактан муунтуп коёт. Анткени Орусия өзүнүн таасириндеги өлкөлөрдүн демократияга өтүүсүнө жол бербейт", - деди Абдрахманов.
САБИРОВ: "Газпром" иш жүргүзүп жатат, жаңы конуштар газ менен камсыздалууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров "Газпром" менен келишим аягына чыкканда жыйынтыктары тууралуу өкмөт маалымат бере турганын айтты.
"5 жылга түзүлгөн келишим аягына чыга элек. Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жыйынтыктар тууралуу өкмөт маалымат берет. Кандай иштер жүрүп жатканын "Газпромдо" иштегендерден сурабасаңар, депутаттар кайдан билсин? Жүрүп жаткан иштерди өкмөт көзөмөлдөйт. Негизинен иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштар газ менен камсыздалып, айрым жерлерде газ берүүнү убактылуу токтотуп, оңдоо иштери жүрүп жатканы боюнча телеберүүлөрдөн берип жатат. Келишимдин талаптары кандай түзүлгөнүн карай элекпиз", - дейт Сабиров.
БАЙСАЛОВ: "Кыргызгазды" Орусияга бергенибиз стратегиялык жактан туура эмес кадам болгон"
Коомдук ишмер Эдил Байсалов өлкө аймагын газ менен камсыз кылуу Орусиянын берген убадасы боюнча жүргүзүлбөй жатканын айтты.
"Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин ал өлкө менен мамилебиз жакшырып, тыгыз байланышта жашаганы турабыз. Бирок эки өлкөнүн алакасына ыңгайсыздык жараткан жагдайлар жок эмес. Ал коңшу өлкөдөн газды өзүбүз эмес, Орусия аркылуу алганыбыз.
Чынын айтсак, "Газпром" компаниясы тарабынан жаңы конуштарга газ түтүкчөлөрү орнотулуп, айрым аймактар газ менен камсыз болууда. Учурунда Владимир Путин 30 миллиард рубль инвестиция жасап, Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагын газ менен камсыз кылабыз деген. Мен бул пикирди уккан соң Владимир Путинге ичим жылып туура чечим болгон деп баа бергем. Тилекке каршы, газ менен камсыз кылуу Орусия берген убаданын негизинде аткарылбай жатат. Убадалар кандай аткарылып жатканына эч ким кызыккан да жок. Мына эки күндөн кийин эгемендүүлүгүбүздү белгилегени турабыз. Бирок эгемендүү өлкө болуп туруп бир өлкөгө кайсы бир тармак боюнча 100 пайыз көз каранды болгонубуз чоң катачылык. Эркин мамлекеттер мындай учурларда газды башка жактан, нефтини башка жактан алып тең салмакты сактоого тырышат. Биз болсо баарын бир кабинетте байлап койдук. Учурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин биздин өлкөгө мамилеси жакшы. Бирок 20 жылдан кийин кандай болорун эч ким билбейт. Бийлик башына башка фашисттик көз караштагы адам келсе, анда газды да, нефтини да берүүнү токтотуп коюшу мүмкүн", - деди Байсалов.
УМБЕТАЛИЕВ: "Кыргызгаз" ошол тармактагы коррупциялык иштерди жабуу максатында сатылып кеткен"
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, "Кыргызгаздын" өзүнүн баасы болгон, коррупциялык иштерди жашыруу максатында сатылып кеткен. "Кыргызгазды" "1 долларга" сатуу чечими туура эмес болгон. Себеби "Кыргызгаздын" өзүнүн баасы бар болчу, 150-200 миллион доллардын тегерегинде бааланмак. Имараттары, ар кыл газ куурларын эсепке алганда деле көлөмдүү каражатка сатылмак. Сатылып кетишинин себеби ошол учурда "Кыргызгаз" коррупциялашып кеткен, 15-20 миллион доллардын тегерегиндеги каражаттар кайсы бир тараптардын чөнтөгүнө кеткен. Ошол сол жакка кеткен каражаттарды жашыруу максатында сатып жиберишкен. Чынында эле ошондой болду, ал иштер ачылбай кала берди.
Сатып алган тараптын ишин айта турган болсок, бир топ убадаларды бергени менен, бүгүнкү күндө көрүнүктүү ишин көрө элекпиз. Бишкекте жана Ысык-Көлдө спорт комплекстерин салды, ага баарыбыз күбөбүз. Андан башка да 2030-жылга чейин Кыргыз аймагынын 70-80 пайызын газ менен камсыз кылуу милдетин алган, бирок иштер аткарыла элек. Оңдоп-түзөө, чарбалык майда жумуштарды аткарып жатышат, бирок көрүнүктүү жумуштарын көрө элекмин", - деди Умбеталиев.
ҮМӨТАЛИЕВ: "Кыргызгазды" Орусияга 100 пайыз берип салбай, кошумча мүмкүнчүлүктөрдү табуу керек эле"
Экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев Орусия "Кыргызгаз" ишканасын "Газпром" компаниясынын карамагына аларда бир топ убадаларды бергенин эскертти.
"Бирок иш жүзүндө убадалардын баарын аткара аларына толук кандуу ишене алган эмесмин. Бул тууралуу ошол учурда да айтып келгем. Себеби Орусия буга чейин бир нече долбоорду каржылоо үчүн убада берген. Бирок алардын бирин дагы аткара алган эмес. Мындай көрүнүш Орусиянын өзүндө да көп болот. Ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык чуулгандуу иштер чыгып, орто жолдон иштер токтоп калат. Биздин өлкөнүн "Кыргызгазды" бир өлкөгө байлап берип монополия болуусуна жол бергенибиз чоң катачылыгыбыз болгон. Эгемендүү мамлекетпиз дегенибиз менен, экономикалык жактан Орусияга аябай эле көз карандыбыз. Эми алар убадасын аткарабы же жокпу өздөрү билет. Биз эч нерсе кыла албайбыз. Ошон үчүн бир өлкөгө байланбай башка тараптан да мүмкүнчүлүк издөө керек эле. Атаандаштык болгон жерде дайыма туруктуулук, тең салмактуулук болот. Бир тарапка да толук көз каранды болбойсуң", - деди Үмөталиев.