Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.
БОКОЕВ: "Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатпаса, мындай таркабайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев парламент таркабайт деген пикирде.
"Кандай себеп болсо дагы парламент өзүн-өзү таркатпаса, мындай таркабайт. Элдин Жогорку Кеңеш таркаса деген ою бар, бирок парламент таркабайт го. Президент парламент таркасын деп кетире албайт. Ал буйрук менен тарката албайт, бирок ошондой жагдай түзүп коюушу мүмкүн", - дейт Бокоев.
КЕЛДИБЕКОВ: "Кандайдыр бир чоң себеп болбосо шайлоо өз учурунда өтүшү керек"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков парламенттик шайлоо өз учурунда өтүшү керектигин айтты. "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтөт деген сөздөр айтылып жатат. Бирок шайлоонун өтүшүнө бир жылдай убакыт калды. Жогорку Кеңешти эрте таркатууда кандайдыр бир чоң себеп болбосо шайлоо өз учурунда өтүшү керек. Президент деле шайлоо өз учурунда болот деп айтты. Ар нерсе өз учурунда болгону жакшы. Шайлоо өтө турган болсо саясий же башка жактан эсептеп, жакшылап анализдөө керек. Кыргыз мамлекетинде эрте өткөрүлгөн шайлоо жакшы жыйынтык берген эмес. Учурда Жогорку Кеңештин таркалышына себеп көргөн жокмун", - дейт Келдибеков.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүгө күчтүү себептер жок"
Экс-депутат Равшан Жээнбеков коомдо парламентке болгон нааразычылык жеткиликтүү деңгээлден жогору деген пикирде. "Негизи парламентке болгон нааразычылык күчтөр болот. Бул жолку парламентке нааразычылык мурдагыга салыштырмалуу бир топ күчтүү. Элдин парламентке болгон жек көрүүсү пайда болуп калды. Бирок ошого карабастан Жогорку Кеңешти таратуу механизми аябай оор. Парламентти депутаттар өздөрү гана тарата алат. Бүгүнкү күндө өздөрүн таратабыз дегени реалдуу эмес. Парламенттик шайлоого бир жыл калды. Ошондуктан парламентти бүгүнкү күндө таратуу оор болот. Алар өздөрүн-өздөрү таратышпайт. Президент же өкмөт парламентти таратыш үчүн көп ресурс, чыгаша, саясий милдеттемелерди алышка туура келип калат. Ошондуктан менин оюмча шайлоо өз убагында өтөт. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүүгө күчтүү себептер жок", - дейт Жээнбеков.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Депутаттар Жогорку Кеңештин таркашын каалабайт. Анткени булардын көпчүлүгү кийинки шайлоодо өтүшпөйт"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул парламент тарабай турганын айтты. "Алар өздөрүн таркатууга негиз түзбөйт. Буларды "чөнтөк парламент" деп айтса болот. Депутаттар өздөрүнүн жанын багышы үчүн кайсы шайтан болсо да кызматташып кеткенге толук даяр. Алар парламенттин таркатылышын каалабайт. Анткени булардын көпчүлүгү кийинки шайлоодо өтүшпөйт", - дейт Чолпонбаев.
КАДЫРБЕКОВ: "Парламенттин тарашына негиз жок"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков парламент таркабайт деген оюн билдирди. "Жогорку Кеңештин таркашына негиз жок. Парламент таркабайт. Таратууга бир гана чечим керек. Алар өз ыктыяры менен өзүн-өзү таркатышы шарт. Депутаттардын парламенттин таркашына кандай кызыкчылыгы бар? Кызыкчылык болушу керек. Саясатта достук деген жок, бир гана кызыкчылык бар. Мурда биз шайлоого чыгып жатканда менин атаандашым парламент таркасын деп кол коюп берген. Ал шайлоочулар менен жолукканда бир аксакал "балам, сен парламент таркасын деп кол койдуң беле" деп сураган. Ал кол коюп бергенин айтканда, аксакал "анда эмнеге шайлоого чыгып жатасың, дагы бирөө суранса кол коюп берет турбайсыңбы" деп айткан. Ошондо ал арыз менен талапкерлигин алып салган.
Негизи парламенттин тарашына кызыкдар тарап жаңы шайлоого даяр болушу керек", - дейт Ишенбай Кадырбеков.