Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү кеңешке депутат болууну каалагандардын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу зарыл экени айтылды. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров билдирди. Ал шайлоо мыйзамдарына киргизилген ушундай талап күчүндө экенин айтты.
Демилге депутаттар арасында талаш-тартышты жаратты. Мындан улам SUPER.KG порталы "Жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы барбы?" деген собол салды.
БОКОЕВ: "Жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билимдин зарылчылыгы жок"
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билимдин зарылчылыгы жок экенин айтты.
"Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жогорку билим тууралуу талап коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө аларга талап кылынбайт. Анан биз президентке, Жогорку Кеңештин депутатына талаптарды койбой туруп, жергиликтүү кеңештин депутаттарына койсок мындай нерсени эл түшүнбөйт. Моралдык этика жактан дагы туура келбейт. Ошондуктан биринчи кезекте жогорку жактагыларга талап коюп туруп, андан кийин жергиликтүү кеңешке коюу зарыл", - дейт Бокоев.
ЖАПАРОВ: "Бийлик деген сөз бар кызматтын баарына тең жогорку билими бар адамдар келиши керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңешке жогорку билими бар адамдар келиши керек деген пикирде.
"Бийлик деген сөз бар кызматтын баарына тең жогорку билими бар адамдар келиши шарт. Билими жок, зээндүү кишилер келди деген убакыт деле өтүп баратат. Өнүгөм, өсөм деген көп өлкөлөрдө компьютерди, англис тилин билсин деген талаптарды киргизип, азыр бир топ алдыга жылып кетти. Мисалы, Грузия мамлекетинде мугалимдерге да ушундай чектөө киргизилген. Англис тилинде сабак бергендерге эки эсе көп айлык төлөшкөн. 10 жылдын ичинде Грузияда мектептердин бардыгында англис тилинде билген гана мугалимдер калган. Биз зээндүү кишилер болсо болду, билими жоктор деле боло берет деп популизмдин жетегинде баратабыз. Коммунисттик ыкмалардан кете албай жатабыз. Элдин тагдырын, бюджет маселесин чечип жаткан жерге билими бар кишилер келсе жакшы болот эле деген ой-пикирди айтсак көп кесиптештерим мени колдобой жатат", - дейт Акылбек Жапаров.
АБДРАХМАТОВА: "Жергиликтүү кеңештин депутатынын жогорку билими болушу керек деген формалдуу талап болуп калышы мүмкүн"
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул формалдуу талап коррупцияны жандантышы мүмкүн деген ойдо.
"Жогорку Кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жогорку билими барлар келиш керек деген демилгени киргизип жатышат. Эмне үчүн депутаттар ушундай сунушту өздөрүнө киргизген жок? Бул демилгени коомчулук талап кылса талкуулай турган нерсе. Бирок кошумча талаптарды киргизүү кооптуу. Кыргыз мамлекетиндеги коррупциянын денгээлин көрүп жатабыз. Диплом керек десек окубагандар, окуу жайдын босогосун бир жолу аттабагандар деле диплом алып келет. Кызматта иштеп жүрүп диплом алгандарды көрүп жатпайызбы. Бул формалдуу талап болуп калышы мүмкүн. Билим берүү тармагында реформа жүргүзмөйүнчө, формалдуу талаптарды киргизип, коррупцияны жандантып алабыз. Ошондуктан бул нерсени жети өлчөп, бир кесүү керек", - дейт Атыр Абрахматова.
ИСАКОВ: "Көп нерсе формализмге айланып кетти"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков формализмден алыстоо керектигин айтты. "Негизи көп нерсе формализмге (ред. Иштин мазмунуна, маңызына залал келтирүү менен, анын сырткы түрүн, формасын гана сактагандык, формалдык жагына гана өткөрө көңүл буруу) айланып кетти. Мектептерди, жогорку окуу жайларды кантип аяктап, атүгүл, илимдерди кантип жактап жатышканына күбө болуп келебиз. Диплому жокко, диплом шартын койсоңуз, дипломдуу болуп келе калат. Билим берүүгө реалдуу инвестиция жасасак болот. Илгери айыл жеринде мектепти бүтүрүп деле кенен кругозорго ээ болушат эле. Азыр заман аябай бат өзгөрүп жатат. Учурда өз алдынча билим алуу дагы күч алып жатат. Эл менен иштешип жаткандан кийин заманбап ыкма менен иштешкен элдин дагы талабына жооп бериши керек. Программасы жаңыланбаган, жаттатма ыкма менен алган дипломуң атаандаштык заманда эч нерсеге жарабайт. Практика жагына көңүл буруу зарыл. Экстроверт, активист инсандар ар кандай шарттарда коом менен иштешип келишет. Формализмден алыстоо керек", - дейт Гүлжигит Исаков.
АЙБЕК МЫРЗА: "Жергиликтүү кеңештин депутатынын жогорку билими болушу керек деген Конституцияга каршы келет"
Жарандык активист Айбек Мырза жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы жок деген ойдо.
"Менин оюмча, жергиликтүү кеңештин депутатына жогорку билимдин зарылчылыгы деле жок. Анткени жергиликтүү эл ким ишти адилеттүү, калыс алып кете ала турган адамды депутат кылып шайлайт. Мыйзам боюнча, ар бир адам шайланууга жана шайлоого укугу бар. Билими жок болсо шайланбай калат деген Конституцияга каршы келет. Адамдын билимине эмес, жасаган эмгегине караш керек. Жергиликтүү кеңештин депутатына элдин ишенимине ээ болгон адам шайланышы шарт", - дейт Айбек Мырза.