КОДУРАНОВА: “Оппозицияга кеткенибизди жарыялап жатсак кантип көпчүлүк коалицияда отурабыз?”

Депутат
Асел Кодуранова фракция коалициядан чыгабы же чыкпайбы аны бир Кудай билет деген ойдо экенин билдирди.
“Коалициянын көпчүлүгүндө кантип отурабыз? Эгер биз ачык жана расмий түрдө оппозицияга кеткенибизди жарыялап жатсак. Негизи Кыргызстан социал-демократиялык партиясы көпчүлүк коалициядан чыгышы керек. Бирок коалициядан чыгабы же чыкпайбы аны бир Кудай билет. Себеби Иса Өмүркулов жазып жатпайбы: “Биз эмне себептен чыгабыз?” деп. Расмий түрдө оппозицияга кеткенибизди жарыялаган соң негизи коалициядан чыкканыбыз туура болот”, - деди Кодуранова.
МАСАЛИЕВ: “КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып кетсе жакшы болмок”

Жогорку Кеңештин депутаты
Исхак Масалиев Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамында партия менен фракциянын жашоосу эки башка көрсөтүлүп калганын айтты.
“Партия оппозицияга кетсе фракция көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген талап жок. Анткени мыйзамда антип жазылган эмес. Кыргыз мамлекетинин негизги мыйзамында партия менен фракциянын айырмасы болуп калыптыр. Партия өзүнүн жашоосу менен жашай берет. Ал эми фракция өзүнүн турмушу менен жүрө берет. Мыйзамда чыгышы керек деген негиз келтирилбесе дагы менин жеке пикиримде КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып кетсе жакшы болмок”, - деди Масалиев.
КАРАМУШКИНА: "Президенттин иниси Жогорку Кеңешти жана фракцияны көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу жанданууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина фракциянын оппозицияга өткөнү туура болмок деген пикирин айтып, көпчүлүк коалицияда калган депутаттарды сынга алды.
"Партиянын расмий жана мыйзамдуу лидери бийликке оппозициялык кыймылда барары боюнча коомдук билдирүү жасады. Башкы себеп саясий кеңештин чечимдерин аткарылбашы жана бийликтеги коррупция менен күрөшүүдөгү коюлган талаптарга дал келбеши болду. Анткени Матраимовдун бажы тармагына таасири тийип, вице-премьер-министрлердин биринин катышуусунда аткезчилик менен жүктөр ташылып жатат. Президенттин иниси Жогорку Кеңешти жана фракцияны көзөмөлдөп, үй-бүлөлүк, кландык башкаруу жанданууда. Эң кооптуусу Алмазбек Атамбаевдин жанында калган партиянын активдүү мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү башталды. Негизи фракция оппозицияга өтүшү керек эле, бирок 4 адам гана өттү. Эч качан саясаттан жана бийликтин ыңгайлуу шарттарынан кетпей тургандар Иса Өмүркулов менен калышты. Көпчүлүк депутаттардын бизнеси бар эмеспи, алар коркоктук кылышты. Болбосо убагында Атамбаев алардын бизнесине көмөк көрсөткөн. Асылбек Жээнбеков тарапта калгандар чыккынчылык кылышты, коркушту. Эми оппозицияда болууга алардын алы да жетпейт. Мурдагы партиялаштары басымга кабылып жатканы тууралуу эч кимиси үн каткан жок. Мамлекеттик органдардын Атамбаевдин кадрларын кызматтан алып, кландык режим өлкөнү башкарып жатат", - деди Карамушкина.
ТУРСУНБЕКОВ: “Кыргыз мамлекетинин мыйзамында жазылган талапты аткаруу керек”

Жогорку Кеңештин депутаты
Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, мыйзамга каршы иш жасоого болбойт.
“Кыргыз мамлекетинин мыйзамында жазылган талапты аткаруу керек. Дүйнөлүк классикадагыдай эле партия оппозицияга кетсе, фракция көпчүлүк коалициядан чыгат. Биздин өлкөнүн мыйзамында кандай экенин тактоо керек”, - деди Турсунбеков.
ЗУЛПУКАРОВ: “КСДП оппозицияга кеткенин жарыялашы партиянын чечими деп айтуу кыйын”
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, мыйзамда партия оппозицияга өтсө, фракция көпчүлүк коалициядан чыгыш керек деген маселе жок.
"Көпчүлүк коалиция, азчылык коалиция түзүлгөндө партия жөнүндө жазылган эмес. Ал жерде фракция жөнүндө айтылат. КСДПда 2-3 пикирде болуп жаткан топтор болуп жатпайбы. Партиянын оппозицияга кеткенин жарыялашы КСДПнын чечими деп айтуу кыйын”, - дейт Зулпукаров.
ШЕСТАКОВ: "КСДПга байланыштуу кырдаалды партиялык системдеги саясий абсурд болуп жатат десек болот"

Саясат таануучу
Игорь Шестаков КСДП фракциясы шайлоого чейин көпчүлүк коалицияда калышы мүмкүн деген пикирин айтты.
"Буга чейин деле КСДП бир канча партизандык отряддарга бөлүнүп калганын айткан элем. Бизге "КСДПсыз КСДП" деген отряд эле жетишпей жатат. Азыркы кырдаалды партиялык системдеги саясий абсурд болуп жатат десек болот. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Партия өзүн оппозициялык деп атагандан кийин фракциядагылар эми эмне болот? Кезектеги отряддын бири болот. Алар Алмазбек Атамбаев жетектеген партиядан көз каранды болбой, өзүнчө партияданбыз деп ойлоп жатышса керек. Фракциядагылар кийинки шайлоого чейин жүрө беришет, бирок андан кийин кандай кылышары түшүнүксүз. 2015-жылдагы бирдиктүү партия жок. Азыр ич ара чыр болуп жатканын көрүп жатабыз", - деди Шестаков.
ШЫКМАМАТОВ: “Партия менен фракциянын ортосундагы кризис чечилмейинче баш аламандыктар боло берет”

Жогорку Кеңештин депутаты
Алмамбет Шыкмаматов партиянын саясий кеңеши менен фракциянын биргелешип кабыл алынган чечими гана легитимдүү болорун белгиледи.
“Партиянын саясий кеңеши оппозицияга кетүү тууралуу чечимин чыгарууда, сөзсүз түрдө фракция менен биргеликте кабыл алынат. Анткени фракция бул партиянын саясаттагы чоң өкүлү. Ошондуктан партиянын саясий кеңеши менен фракциянын биргелешип кабыл алынган чечими легитимдүү болот. Эгерде эки жак биргелешип чечим кабыл алышса фракция оппозицияга кетмек. Ал эми азыркы кырдаалды ала турган болсок, КСДП партиясы, КСДП фракциясы менен макулдашпай, пикирин укпай, өздөрү оппозицияга кеткенин расмий жарыялады. Эми партия фракцияны көпчүлүк коалициядан чыккыла деп мажбурлап жатат. Ал эми КСДП фракциясы партияны укпайт. Себеби партиянын саясий кеңешине баш ийбейт. Жакында бир эле партиянын 2 съезди өтөт. Кайсынысы легитимдүү, кайсынысы легитимсиз экенин акыры барып сот чечет. Бул партиянын жана фракциянын ичиндеги саясий кризис. Анткени партия да, фракция дагы ичинен 2ге бөлүнгөн. Ошондуктан бул кризис чечилмейинче баш аламандыктар боло берет”, - деди Шыкмаматов.
КАСЫМБЕКОВ: “КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда калуусу акылга сыйбайт”

КСДПнын юристи
Нурбек Касымбековдун айтуусунда, КСДП фракциясынын эл өкүлдөрү партиянын программасы менен шайланып келген, алардын көпчүлүк коалицияда калуусу шайлоочулардын алдында ыңгайсыздыкты жаратат.
“КСДП фракциясы, КСДП партиясынын тизмеси менен келген. Партия менен келгенден кийин алардын көпчүлүк коалицияда калуусу акылга сыйбайт. КСДП фракциясынын депутаттары партия оппозицияга кетсе, фракция көпчүлүк коалициядан чыгышы керек деген Конституцияда көрсөтүлгөн эмес деп айтышы мүмкүн. Чындыгында биздин мыйзамда андай нерсе жазылган эмес. Кыргыз мамлекетинин тарыхында партия оппозицияга кетип, фракция эмне болот деген биринчи жолу болуп жатат. Ошондуктан көпчүлүк коалициядан чыгуу КСДП фракциясынын депутаттарынын көз карашына жараша болот. КСДПнын тизмеси менен чыгып Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланышты. Эми алар элдин алдында моралдык жоопкерчиликтерин сезиши керек. Анткени КСДП фракциясынын эл өкүлдөрү партиянын программасы менен шайланып келишкен. Шайланып келгенден кийин партияны унутуп, байланышты үзүп коюшту. Ошондой эле партиянын багытын колдошкон жок. Эгерде КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкпаса шайлоочулардын алдында ыңгайсыз абалда калышат”, - деди Касымбеков.