19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген собол салды.
БАКИРОВ: "Казакстандын чек араны жаап коюшу биздин дыйкандарга ыңгайсыздыкты жаратты"
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Казакстан кайсы продукциянын көлөмү көбөйүп баратса, ага тыюу салып койгонду өнөкөткө айлантып алганын айтты.
“ЕАЭБдин мүчөлүгүнө толук кандуу мамлекет катары бир топ келишимдерге, ошонун ичинде товарды эркин жүгүртүүгө макулдашуу жолу менен киргенбиз. Бүгүнкү күндө Казакстан Кыргыз мамлекетинин айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө бөгөт койду. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталана турган өнөкөт болуп калды. Анткени Казакстан маркетингди, талапты ар дайым карап турат. Ошонун натыйжасында айыл чарба продукциясында эмне жетишпей жатканын жана көбөйүп кеткенин анализдеп турат. Эгерде кайсы бир продукциянын көлөмү көп кирип жаткан болсо, кандайдыр бир шылтоону таап туруп, кыргыз продукциясын ташып кирүүгө тыюу салып коёт. Мүмкүн биздин өкмөт Казакстандын өкмөтү менен иштешүүдө чабалдык кылып жаткандыр.
Бир жагынан Өзбек мамлекети картошканы албай жатканда, экинчи тарап боордош, союздаш деген Казак Республикасынын чек араны жаап коюшу биздин дыйкандарга ыңгайсыздыкты жаратты. Келечекте бизде да мамлекеттик маркетинг башкаруусу болушу зарыл. Анткени канча көлөмдө, кайсы продукцияны эксе болот, аны кандай жол менен өткөрөбүз деген системдүү түрдө иш болушу керек. Бүгүн өтпөй калса эле өрт өчүргүчтөй болуп чуркап жүрөбүз. Ал эми келечекте алдын-ала божомолду билип турушубуз абзел. Коңшу Казакстандын биздин продукцияларды ташып кирүүсүнө тыюу салып койгону сабак болду”, - деди Бакиров.
БЕКЕШЕВ: "ЕАЭБдин курамындагы 5 өлкөнүн укуктары бирдей болушу керек"
Депутат Дастан Бекешев бул суроону буга чейин да жыйында көтөргөнүн белгиледи.
“Ушундай маселени буга чейин эле көтөрүп чыккам. ЕАЭБдин курамындагы 5 өлкөнүн укуктары бирдей болушу керек. Бирок чындыгында көрүп жатабыз, кээде Кыргыз өлкөсүнө Орусия, Казакстан тараптан туура эмес мамиле көрсөтүлүп жатат. ЕАЭБге өтүү баары бир терс таасирин берет. Учурда башка өлкөлөр да бул курамга кирсек кандай болот деп карап жаткан кези. Мисалы, ошол эле Тажикстан "биз курамга кирсек, бизге ушундай мамиле жасалбайбы?" деп ойлонууда. Биз бирдиктүү союз кылып жаткандан кийин бири-бирибизге бут тоспой чогуу иштешибиз керек. Чындыгында тыюу салган ЕАЭБге туура келбейт, аларга тыюу салууга негиз да болгон эмес. Казак тарап биздин өлкөдөн барган продукция санитардык жана фитосанитардык нормаларга жооп бербейт деп билдиришти. Чынында биздин лабораториялардын сертификаттарын алар кабыл алышпайт, ушунусу жаман. Алардыкы туура, биздики туура эмес болуп калууда, бирок бул нерсенин өзү туура эмес. Эмне себептен биздин лабораториялар уруксат бере албайт десек, алар бизге уруксат бербей жатышат дейт. ЕАЭБдин инспекциялары келип "бизге Казак тарап каршы болуп жатат, ал эми Орусия колдоп жатат" дешти. Бул жерде менин оюмча саясат эле, саясий мамиле. Биздин экономика жагынан артта болгонубуз аларга ыңгайлуу болуп жатат", - деди депутат.
КЫДЫРБАЕВ: "ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер ортосунда чек ара ачык болушу керек"
Экономист Улук Кыдырбаев ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда кызматташуу тыгыз болуп, бири-бирине колдоо көрсөтсө жакшы жыйынтык бермек деген пикирин билдирди.
“Казакстан Кыргыз мамлекетинин айыл-чарба продукцияларынан жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган коркунучтар чыгып жатат деген себептерди айтышууда. Биздин азык-түлүк атайын бир белгиленген шарттарга жооп бербей жатыптыр. Негизинен ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер ортосунда ачык чек ара болушу керек. Чыгарылган продукциялар биримдиктин ортосунда эркин өтүүсү, жарандардын кирип-чыгуусунда дагы эркиндик болушу зарыл. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда тыгыз катышуу болуп, сырттан келген атаандаштыктарга тоскоолдук кылып, бири-бирибизге, биримдиктин ичиндеги ишкерлерге колдоо көрсөтсөк жакшы болмок”, - деди Кыдырбаев.
САМАТОВ: "ЕАЭБдеги мамлекеттер ортосунда укуктук жактан теңдик жана тең ата болуп сүйлөшө турган механизм жок"
Фермер Манас Саматов бул маселе 6 жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын айтты.
“ЕАЭБге киргенибиз эч кандай экономикалык долбоор эмес, муну саясий долбоор деп айтсак болот. Орусия менен Казакстанга кандай чечим керек болсо, каалаган учурда кабыл ала беришет. Себеби укуктук жактан теңдик жана тең ата болуп сүйлөшө турган механизм жок. Кыргыз мамлекетинин үлүшү өтө аз. Ошондуктан бул көрүнүш токтобойт, кайталана берет. Москва менен Астана кандай чечим кабыл албасын, биз аларга баш ийип жашоого мажбурбуз. Ошол себептен мурдатан ойлонуп биримдикке кирбешибиз керек болчу. Эгерде Европадан жаңы айыл-чарба техникасын алып келейин десең бажы бөгөттөрү жол бербейт. Биз техниканы дагы Орусиядан алышыбыз керек. Анткени келишим ушундай түзүлгөн. Бирок Орусияда жаңы технология, жаңы техника жок. Учурдагы картошканын маселеси кичинекей жарааттын бир жарылган учуру”, - деди Саматов.
ҮМӨТАЛИЕВ: "ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн чек ара боюнча тирешүүсүн көрүп жатабыз. Өкмөт дипломатиялык канал менен элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттерди көрүшү керек"
Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев алгач Казакстан Кыргыз жеринен айыл-чарба продукцияларын ташып кирүүгө эмне үчүн тыюу салганын аныктоо керек деген пикирин айтты.
"Депутаттар тыюу салуунун себептерин, алар канчалык орундуу экенин тереңирээк изилдесе жакшы болмок. Негизги кеп ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн кызматташа алабы же жокпу дегенинде эмес, бул бирикме шашылыш түзүлгөнү маалым. Түптөлүп жаткандагы максаты деле Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жооп бербейт эле. СССР маалындагы ойлорго карата мажбурланган биригүү болгон. Ошондуктан бул уюмдун келечеги кыска. ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн бири-бири менен болгон тирешүүсүн көрүп жатабыз. Чек ара ачык болушу керек дешкен, бирок Беларусь менен Орусиянын ортосундагы чек ара бир тараптуу жабылып калганын көрүп жатабыз. Казакстан менен Орусия ортосунда дагы кайсы бир продукциялар боюнча, күйүүчү майларды Казакстанга алып кирүүгө тыюу салынып жатат. Бүгүнкү күндөгү абал - бирикмеге кошулгандыктын натыйжасы. Өкмөт баары бир жолдорду издеп, дипломатиялык канал менен элдин, экономикабыздын кызыкчылыгы үчүн аракеттерди көрө бериши керек", - деди Үмөталиев.
МАМБЕТОВ: "Экономика, айыл-чарба министрлигинде күнөө көп. Дыйкандар картошка, кант кызылчасын өстүрүп, бирок сата албай жатышат"
Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен тең укуктуу өнөктөш болгонубуз үчүн алар менен бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек деген пикирин айтты.
"Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен болгон соода-экономикалык маселелерибизди биздин Экономика министрлиги чечиши керек. Тилекке каршы, Олег Панкратов ал маселелерди чече албай жатат. ЕАЭБде да биздин өкүлдөр бар. Алар эмне кылышты билбейт көрүнөт. Бүгүн эле өкмөт башчы ЕАЭБдин экономикалык комиссиясынын жыйынына катышты. Ал аталган маселени көтөрдүбү же жокпу белгисиз. Негизги маселе - бизден чыккан товарларды кошуна өлкөлөргө эркин чыгарып сатуу. Бул нерсе ишке ашпай жатат. Экономика, Айыл-чарба министрлигинде күнөө көп. Дыйкандар картошка, кант кызылчасын өстүрүп, чет өлкөлөргө сата албай калышууда. Биздин органдардын өкүлдөрү эмне деген карантин экенин иликтеши керек. Казакстан, Орусия, Өзбекстан сөз үстүндө эле жаап коюп жатат. Биздин алар менен тең укукта сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эмне үчүн Казакстан тарап Киров суу сактагычын башкарабыз деп жатышат? Ошолордун баарын аныктай турган биздин органдарыбыз, соода-экономикалык маселелерди караган комиссия бар. 2001-2006-жылдары Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы соода-эконмикалык маселелерди чечип келгенбиз. Биз тең укуктуу өнөктөшпүз. Алар менен бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек", - деди Мамбетов.