КҮНСОБОЛ: Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: "Президенттен күчтүүрөөк кишини премьерликке көрсөтүшпөйт. Президенттин оозунан эмне деген сөз чыкса "куп таксыр" деп колун көкүрөккө алып турган жүгүрүктөр керек"

Саясатчы Адахан Мадумаров өкмөттүн алсыздыгы, Жогорку Кеңештин жоопкерчиликсиздиги, президенттин пайдасыздыгы сабатсыздыкка келип такалат деген пикирин айтты.

“Өкмөттүн алсыз экени башынан эле белгилүү. Себеби ал жерде кесипкөй инсандар жок. Бүт бардык партиялар фракциябыз деп министрликтерди устукандап бөлүп алышкан. Кесипкөй адистер партиялардын мүчөсү болбогону үчүн өкмөткө кире алышпайт. Алар сабатсыз, эч нерсени түшүнбөгөн киши болсо да биздин партиядан ушул киши барсын деп өкмөттүн курамын курашат. Өздөрү деле билип турушат. Экинчи себеби, премьер-министрликке президент сунуштап жатканда өзүнөн да чабал, сабатсыз киши келишин каалайт. Президенттен күчтүүрөөк кишини премьерликке көрсөтүшпөйт. Президенттин оозунан эмне деген сөз чыкса “куп таксыр” деп колун көкүрөккө алып турган жүгүрүктөр керек. Жогорку Кеңеште сабаттуулук аябай аксайт. Мына кодекстерге өзгөртүү киргизип алып ашмалтайы чыкпадыбы? Иштей албаган өкмөттү бир атанын балдары болуп ынтымакташып 5 жылда 5 өкмөттү алмаштырып жатышпайбы? Принциби жок. Анан мурунку президент колу-бутубузду бурап эле макулдугубузду алып жатты деп актанып жатышат. Ошондой кылса эле макул боло берген сен кимсиң! Колу-бутун бурап 9-кабаттан секир десе секиреби? Баарынын башында сабатсыздык турат. Президент президенттик кызматка кичинесинен даярданган эмес. Кокустан чочугандай болуп келип калган кишилердин кесепетинен өкмөт жабыр тартат. Өзү “президент эмес, өкмөт башчы болуу түшүмө дагы кирген эмес” деген. Демек, түшүнө да кирбесе ишти кантип алып кетишти ойлонгон эмес. Даярдыгы бар, колунан келе турган, ишмер инсандар келмейинче эч бир тармакта өнүгүү болбойт”, - деди Мадумаров.

АКАЕВ: "Депутаттар президентти таарынтып албаймбы деп жашап калышты"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев азыр Кыргыз мамлекетиндеги реалдуу бийлик президенттин колунда экенин айтты.
“Жогорку Кеңеш чындыгында алсыз. Президенттик аппараттан көз каранды. Ал эми өкмөт дагы алсыз болуп, кадр саясатында дагы эч нерсени чечпейт. Өкмөттөгү кадрлардын бардыгын президент менен Жогорку Кеңеш дайындайт. Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитети президенттин карамагында. Ушул эки орган кимде болсо ошол күчтүү болуп кете берет. Парламентке 70-80 пайыз депутаттар бизнестен келген. Бизнестен келгендерге укук коргоо органдары оңой эле иш таап койсо болот. Ушундай туташ көйгөйлөр келип, өкмөт менен парламенттин чабалдыгына, күчтүү президенттик бийликтин орношуна алып келүүдө.
Президент экономикалык, социалдык маселелерге дагы аралашып кетүүдө. Анткени ал иштерди өкмөт жасабай жатат. Кыргыз өлкөсүндө Конституция менен эмес, түшүнүктөр менен жашап жатабыз. Өлкө башчыны эл шайлагандан кийин президент чечет деген түшүнүк пайда болуп калды. Жаңы Баш мыйзам боюнча эң күчтүү парламент менен өкмөт. Ал эми президент болгону тышкы саясатты карайт. Келечекте УКМКнын дагы бюджетин Жогорку Кеңеш карашы керек. Азыр алар өздөрү эле бекитип алууда же жабык. Чындыгында Башкы прокуратура менен УКМКны парламент көзөмөлдөп, алардын талапкерлигине добуш берген учурда гана парламенттик башкарууга айланат. Болбосо президенттик башкаруу болуп кете берет. Өзүбүздүн реформаларды жасаган парламентке айлансак жакшы болмок. Биз өзүбүздүн функциябызды президенттин аппаратына алдырып жибердик. Аны кайтарып алуу үчүн күчтүү партиялар парламентке кириши керек. Депутаттар биринчи кезекте президентти таарынтып албаймбы деп жашашат. Ал эми депутаттар элди таарынтып албаймбы деп жашаган учурда Кыргыз мамлекетинде көз карандысыз бийлик орнойт”, - деди Акаев.

МОМБЕКОВ: "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз" дегенге толук болбосо да жарым-жартылай кошулам"

Депутат Рыскелди Момбеков эл тарабынан айтылган сын пикирлерге толук болбосо да жарым-жартылай кошула турганын билдирди.

“Өкмөт алсыз болуп жатканы, аргасыз кадамдарга барганы, кадр саясатында катачылыктарга жол бергени боюнча айтылган сындардын айрымдары туура. Экинчиден, экономикадагы сандар, көрсөткүчтөр боюнча айтканда да өкмөт алсыз болууда.

“Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз” дегенге толук болбосо да жарым-жартылай кошулам. Себеби жасап жаткан аракеттери же болбосо өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатканда жоопкерчиликтери бар, жок эмес. “Президент пайдасыз” деп баа бергенге азыр эртерээк, анткени 1 жыл гана болду. Бирок ал жакшы пландар менен баратат, бул жерде кептин баары аткаруу бийлигинде. Эмне себептен сот бийлиги жөнүндө айтпай жатасыңар, “сот бийлиги сокур” болуп калды десеңер ага да кошулат болчумун. “Сот бийлиги соолуп калды” дегиле мен ага да кошулам, муну силер эмес, эл көрүп айтып жатат. Эл жөн жерден айтып жаткан жери жок, алар бийлик бутактарынын аракеттерин көрүп анан ага баа берүүдө. Мисалы, президентке келген арыз-даттануулардын 45 пайызы сот жана прокуратуранын үстүнөн арыздангандардан келген. Бул нерсе сот жана прокуратуранын аткарган иштери президенттин талаптарына жооп бербегендигинен кабар берет”, - дейт Момбеков.

КАДЫРБЕКОВ: "Президент өзүнүн ыйгарым укугунан чыкпай, ошонун деңгээлинде иштеп жатканына ыраазы болушубуз керек"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун айтымында, президент Жогорку Кеңештин, өкмөттүн ишине кийгилишпей жатканы жакшы нерсе.

“Өкмөттү алсыз деп айтуу кыйын. Бул өкмөттүн иштеп жатканына бир жыл болду. Алар жаңыдан бутуна туруп жатат. Азыркы премьер-министр мурунку өкмөт башчыларга караганда саясатка кийлигишпей, өзүнүн иши менен алек болуп жатканы жакшы нерсе. Ал эми парламент өзүнүн функциясын, ыйгарым укуктарын жеткире аткара албай жатат. Негизи парламенттик өлкө болгондон кийин алардын колунда күч бар. Алар деңгээлине, күчүнө жараша иштеп жатат. Көз карандысыз, деңгээли күчтүү депутаттар болгондо мамлекетибиздин жолу башкача болмок беле. Жогорку Кеңеш өкмөттүн айрым маселелери боюнча начар иштеп жатса жоопкерчиликти моюнуна алышы керек. Кадрларды алар тандап жатат. Ошол эле кезде кийин алар иштебей жатса өкмөттү күнөөлөөдө. Депутаттар жоопкерчиликти өзүнүн моюнуна алса, өкмөткө бут тоспой жардам бергенге аргасыз болот. Президенттин ыйгарым укугу чектелген. Бүгүнкү күндө президент өзүнүн ыйгарым укугунан чыкпай, ошонун деңгээлинде иштеп жатканына ыраазы болушубуз керек. Жогорку Кеңештин өкмөттүн ишине кийлигишпей жатканы жакшы нерсе”, - дейт Кадырбеков.

МАМБЕТОВ: "Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерге чечкиндүү чара көрбөй, алар чогулуп калды"

Коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов бийлик тажрыйбалуу адистер менен сүйлөшүүгө барбай жатканын айтты.

“Азыр Жогорку Кеңеш дагы, президент дагы бизге керек. Эгерде алар болбосо башкаруучусу жок мамлекет болуп калабыз. Биз парламент, мамлекет башчы жасап жаткан же туура эмес жасаган иштерин айтып турушубуз керек. Өлкөдө көйгөйлүү маселелер көбөйүп кетти. Бирок президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш ошолорго карата чечкиндүү чара көрбөй, алар чогулуп калды. Тажрыйбалуу, кесипкөй адистер билгендерин айтып турушу керек. Бирок премьер дагы, өлкө башчы да Кыргыздын элитасы менен сүйлөшкөнгө бара албай жатышат. Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы ушундай болгон. Ал улуттук элита менен акылдашкан эмес”, - деди Мамбетов.

БОКОЕВ: "Бүгүнкү күндө парламент өз алдынча саясий чечимдерди кабыл ала албай калды"

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бүгүнкү күндө парламент өз алдынча саясий чечимдерди кабыл ала албай калды деген пикирде.

“Баарыбыз коомчулуктун сын-пикирин угуп, түздөнүшүбүз керек. Конституция боюнча бийлик элге таандык. Ошондуктан биз элдин атынан шайлансак, аларга жага тургандай мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Эгерде алар бизге нааразы болсо, демек, начар иштеп жатабыз. Коомчулук Жогорку Кеңешти пайдасыз, ылдый баш, өз алдынча чечим кабыл ала албайт деген сындарды айтып жатат. Бул коомчулуктун баасы, бул боюнча эч нерсе айта албайбыз. Азыркы чакырылышка көп сын-пикирлер түшүп жатат. Ар бир партия, талапкер элге берген убадасын аткарганга аракет кылышы керек. Мен элдин Жогорку Кеңеш тууралуу айткан сын-пикирлерине кошулам. Бүгүнкү күндө парламент өз алдынча саясий чечимдерди кабыл ала албай калды”, - дейт Бокоев.

ОРОЗБАКОВ: "Тилекке каршы, Жээнбеков мурдагы эле президенттердин жолуна түшүп алды"

Саясий серепчи Сапар Орозбаков өлкөдө эки жолу революция болгону менен, систем өзгөрбөгөнүн айтты.

"Мен да ошол ойдомун. Атүгүл ушундай болорун Сооронбай Жээнбеков бийликке келип, алгачкы кадам жасаганда эле айткам. Кыргыздын 30 жыл көз карандысыз тарыхын карап көрсөңүз, кыргызга анын президентинен ашкан зыянкеч душман болгон эмес. Мен Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевди айтып жатам. Эки жолу революция болгону менен, систем өзгөргөн жок. Баягы эле президенттин үстөмдүгү.

Жаңы Конституциянын "атасы" Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууга өттүк дегени төгүн экенин Атамбаев өзүн камап салганда көрдүк. Мен Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоодогу күрөшүндө Жээнбековду колдогон элем. Тилекке каршы, ал мурдагы эле президенттердин, тагыраак айтканда, ошол эле Атамбаевдин жолуна түшүп алды. Ошолордой эле бардык бийликти өз колуна топтоп алды. Атамбаев канчалык жаман болсо да, экономиканы көтөрүүгө аракет жасады. Бул үчүн ал өзүнүн элдешкис душмандарын да кызматка койду, мисалы, Темир Сариев. Ал эми Жээнбеков болсо башынан эле бийликти кантип сактап калам деген ой менен алек. Бир дагы иш кылып көрбөгөн Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы кылды. Бакиев сыяктуу мерчемдүү кызматтарга өз тааныштарын, урук-туугандарын жана жердештерин коюп жатат. Аны туурап Абылгазиев да ошентип жатат. Бийликтин бутактарына эркин атаандашуунун негизинде билимдүү, иш билги адамдар келмейинче эч өзгөрүү болбойт. Мен Атамбаев президент болгондо макала жазып Атамбаев Бакиевден ашкан ажыдаар болот деп айткам, акыры ошондой эле болбодубу. Муну айтып жатканым - Жээнбековдун тагдыры деле ошолордукундай болот, бул жакшылык менен бүтпөйт", - дейт Орозбаков.

КАЗАКБАЕВ: "Парламент жоопкерчилик албаганы үчүн эл колдобой калды"
Саясий серепчи Марат Казакбаев депутаттар кабыл алынган чечимдер боюнча жоопкерчилик албаганы үчүн ишенимин жоготконун айтты.
“Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз экенин Бишкек ЖЭБи боюнча маселелер каралганда көрсөттү. Ишенич жок, эл колдобой калды. Депутаттар “биздин күнөөбүз жок, бардык күнөө өкмөттө, президентте” деп түртүп жатышат. Реалдуу караганда депутаттар чечим кабыл алышкан. Азыр ЖЭБ боюнча айыпталгандардын соту болуп жатат. Булардын да саясий жактан жоопкерчилиги бар. Жыйында депутаттар өздөрү ЖЭБге окшогон долбоорлорду кайра карап чыгыш керектигин айтып калышты. Бул туура. Анткени башка долбоорлор деле коррупцияга малынган. ЖЭБде авария болбосо ичинде эмне болгонун билбей калмакпыз. Парламент ратификациялоого катыштыгы барбы, демек, жоопкерчилик алышы керек”, - деди Казакбаев.

ТОКТОНАСЫРОВ: “Бийликти бузулуп калган унаа сыяктуу элестетем”

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров коомчулук мындай сөздөрдү жөнү жок айта бербей турганын белгиледи.

“Чындыгында бийликти бузулуп калган унаа сыяктуу элестетем. Бузулган унаа көптөн бери оңдолбой жаткандай сезилет. Бийликтин эл менен иши жок. Президент коррупцияга каршы күрөш боло турганын айтат, бирок күрөш болбой жатат. Өкмөт болсо өкмөттүк саат өткөрүп, сүйлөгөндөн башка эч нерсе аткарышпайт. Парламент ызы-чуунун чордону болуп калды. Быйыл кыштан эптеп чыктык, былтыркыдай болуп ЖЭБде авария болгон жок. Өлкөдөгү бардык көйгөйлөр боюнча президент жыйынтык чыгарып, ал азыркы абалдан кантип чыгабыз деген маселенин үстүндө иштеши керек”, - дейт Токтонасыров.

АКЫЛБЕК: "Азыркы Конституция бардык бийлик институттарына укукту берип, жоопкерчилик берген эмес"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн алсыздыгы эч кимге сыр эмес экенин айтты.

“Президент - азыркы Конституция боюнча бийликтин бутактарынын арасындагы калыс. Ал коопсуздук жана тышкы саясатты аныктоочу адам. Өлкөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык жана укуктук кризиске Жогорку Кеңеш менен өкмөт жооптуу. Жогорку Кеңешке элдин нааразы болгон себеби булар өз бийлигинин жүргүзө албаганында. Кайсы бийлик келсе ошол бийликке баш ийип, мыйзам кабыл алуу жана аны көзөмөлдөө функциясын толук аткара албаганында болуп жатат. Канчалаган элге зыян сунуштарды берип, өздөрү криминалдык окуяларга катышып, өлкөнү укуктук кризиске келтирген да ушул парламент. Эл Жогорку Кеңешке ишенбейт. Менимче, бул чакырылыштын жумушун улантканга моралдык укуктары да калган жок. Өкмөттүн жумушун статистика эле көрсөтүп турат.

Үч пайыздык өсүш - бул өнүгүү эмес. Бул биздин өлкөнүн ордунан жылбай турганынан кабар берет. Инвестиция 30 пайызга түштү, өлкөдөн акча чыгып кетип жатат. Бул инвесторлордун өлкөбүзгө болгон ишеничи жоктугунан кабар берет. Өкмөттү сындай турган оппозиция да жок. Эки бийлик жумушун аткара албаганда эл жоопту президенттен күтөт. Бул кризистен чыгуу үчүн бизге Конституциялык реформа керек. Ички жана тышкы саясатка бир жооптуу институт тандашыбыз керек. Азыркы Конституция бардык бийлик институттарына бийлик берип, жоопкерчилик берген эмес. Бийликке көз каранды эмес, күчтүү парламент түзүлүшү керек”, - деди Акылбек.

АСАНБЕКОВ: "Кыргыз эли бири-бирин кемсинткен, каралаган маданиятсыздыкты саясаттын куралы кылып алышты"

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков алгач ар бир адам өзүн өзгөртүүгө, жоопкерчиликтүү болууга аракет кылса жакшы болмок деген оюн айтты.

“Кыргыз өлкөсүндө көпчүлүк бийлик бутактарындагы жарандардын адамдык сапаттарына тийишип, сындап, кемчиликтерин жарыялоону жакшы көрүшөт. Кыргыз эли бири-бирин кемсинткен, каралаган, эч бир илимий далилдөөсү жок өтө төмөн маданиятсыздыкты саясаттын куралы кылып алышты. Бул багытта саясий упай чогулткан адамдар Кыргыз өлкөсүнө тынчтык алып келип, өнүгүү шартын түптөй алышпайт. Ошондуктан алгач ар кимибиз өзүбүздү өзгөрүүгө, өзүбүз жоопкерчиликтүү болууга аракет кылсак жакшы болот эле. Ал маселелер баарыбызга эле белгилүү. Азыркы күнү биздин коомго көп жылдан бери чогулган саясий-экономикалык иштерди туура багытта өнүктүрүп кетүү илимий сунуштардын жоктугу -мамлекетибиздин келечеги үчүн чоң коркунуч”, - дейт Асанбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан