Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.
Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.
ЖАПАРОВ: "Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босого чеги бийик, төмөндөтүлсө жакшы болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров босого чеги төмөндөтүлсө жакшы болмок деген пикирде. "9 пайыздык босого чеги аябай эле бийик. Партиялар дагы кошумча 30-50 миң добуш алышы керек болуп калат. Жеке оюм боюнча, Украина туура жол менен баратат. Украинанын президенти босоголук чекти 3 пайыз кылабыз дегени туура. Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылга чейин парламенттик шайлоонун эрежелерин тактап койгула деген сөзүн эске алсак сентябрь, октябрь айларында өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар. "Бир Бол", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары босого чеги 5 пайыз болсо жаман болбойт эле деген ойдо. Калган фракциялар менен сүйлөшүү жүрүп жатат. 9 пайыздык босого чеги боло турган болсо парламентке эки-үч партия өтүшү мүмкүн. Күрөш катуу болот", - дейт Акылбек Жапаров.
ПИРМАТОВ: "Бүгүнкү кырдаалда босоголук чек 9 пайыз болгонун туура деп эсептейм"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов көз карашы бир болгон күчтөр биригиши керек деген пикирде.
"Негизи төмөндөтүү керек. Бирок мамлекетибиздин өнүгүп жаткан фазасында, бүгүнкү кырдаалда босоголук чек 9 пайыз болгонун туура деп эсептейм. Партиянын саны көп, сапаты жок болуп калды. 9 пайыздык чектен өтүш үчүн жаңы күчтөр, жаш партиялар биригиши керек. Биз өзүбүз алакандай аз элбиз, эки жүздөн ашык партия болуп, добуштардын чачыранды болгону жакшы эмес. Саясий маданиятыбыз, жалпы маданиятыбыз, жашоо шартыбыз өнүккөндөн кийин босоголук чекти төмөндөтсө болот. Бир көз карашта болгон күчтөр бириксе жакшы көрүнүш", - дейт Пирматов.
МАСАЛИЕВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан төмөндөтүү зарыл"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев босоголук чек 9 пайыз болсо бир-эки партияга гана парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк болуп калат деген оюн билдирди.
"Парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайыздан төмөндөтүү зарыл. Бүгүнкү күндө 2 миллион шайлоочу болсо, партияда 180 миң добуш болушу керек. Бул бир-эки партияга парламентке өтүүгө жол бере турган мүмкүнчүлүк. Жаңы партияларга парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп калат", - дейт Масалиев.
ИМАНАЛИЕВ: "Босого чеги 5 пайыз болуп төмөндөтүлсө туура болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жаңы түзүлгөн партияларга парламентке өтүү үчүн босоголук чек төмөндөтүлсө жакшы болмок деген ойдо. "Шайлоого 1 жыл калганда босоголук чекти төмөндөтө албайбыз. Менин оюмча, адегенде босого чегин 5 пайыз кылып, 2025-жылы 6 пайыз, 2030-жылы 7 пайыз кылуу керек. 9 пайыздык босоголук чек жаңы түзүлгөн партияга оор болуп калат. Босоголук чек 5 пайыз болсо коом, саясий партия үчүн жакшы болмок", - дейт Каныбек Иманалиев.
ТУРУСКУЛОВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чегин төмөндөтүлүшү керектигин көп депутаттар айтып жатышат"
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов босого чегин төмөндөтүү боюнча көп депутаттар айтып жатканын билдирди. "2016-жылы босого чегин 9 пайызга көтөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Негизи бул маселени парламентте карайбыз го. Азыр Жогорку Кеңештин палатасына талкууга алынып чыгат. Босого чеги төмөндөтүлүшү керек көп депутаттар айтып жатышат", - дейт Турускулов.
СУЛАЙМАНОВ: "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 5 пайызга чейин төмөндөсө жакшы болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов босоголук чекти төмөндөтүү керек деген пикирде.
"Албетте, босоголук чек төмөндөшү керек. Бирок кеч болуп калды окшойт. Парламентке өтүү үчүн босоголук чекти 5 пайызга чейин төмөндөтсөк жаңы күчтөргө, жаңы партияларга жакшы болмок. Эркин атаандашуу болсо туура болот", - дейт Сулайманов.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Парламентке өтүү үчүн босого чеги болбош керек"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев босоголук чек 9 пайыз болгону туура эмес. "Босоголук чекти төмөндөтүү керек. Себеби 9 пайыз албаган партиялар өтпөй калат деген туура эмес. Бул жалпы элдин укугун бузгандыкка жатат. Эки же үч партия өтүшү керек деп ачык айтып жатышат. Бул дагы туура эмес талап. Эмне үчүн бийликтин партиясы өтүшү керек? Парламентке өтүү үчүн босоголук чек болбошу шарт. Боло турган болсо 3 пайыздан ашпашы зарыл", - дейт Чолпонбаев.