КҮНСОБОЛ: Кыргыз өлкөсүнүн аймагы Кытайдын жери болгон деген макала талкууга түшүп жатат. Кыргыз бийлиги реакция кылышы керек беле?

Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты. Макала Кытайдын "toutiao.com" аттуу белгилүү сайтына 11-апрелде жарыяланганын "Азаттык" жазып чыкты.

14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразычылык нотасын жолдоду. Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги маалыматка реакциясын билдире элек.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кытайдын белгилүү сайттарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын аймактары Кытайдын жери болгон деген мааниде макалалар жарыяланганы талкууга түшүп жатат. Казакстан Кытайга нааразычылык нота жибергени белгилүү болду. Кыргыз бийлиги, Тышкы иштер министрлиги да реакция кылышы керек беле?" деген собол салды.

ИМАНАЛИЕВ: "Кытай Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Реакция кылуудан мурун маалымат тараткан тарапты иликтөө керек"

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев маалыматты жарыялаган тараптардын салмагы канчалык экенин иликтеп көрүш керек деген пикирин айтты.

"Кыргыз өлкөсү өз алдынча мамлекет болгондо, анын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп Кытай Эл Республикасы тааныган. Ошондо эки өлкө ортосунда көптөгөн келишимдерге кол коюлган. Эгер Кытайда мындай ой болсо, алар биздин эгемендүүлүгүбүздү таанып, кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлбөйт эле. Буга бир реакция кылуудан мурун бул макаланы жазган тараптарды иликтеп, байкап көрүш керек. Жөн эле бир фейктер же провокацияны көздөгөн тараптар жарыялап койгон болушу да мүмкүн. Андыктан башкысы маалыматты тараткан тарап менен такташуу зарыл", - деди Иманалиев.

ТУРДУКУЛОВ: "Бул өлкөнүн коопсуздугуна, кыргыздын намысына, тарыхын бурмалаганга чоң жол ачат"

Жарандык активист Адил Турдукулов Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Кытайдын элчисин чакырып, бул туура эмес кадам экенин билдирип коюушу керек болчу деген пикирде.

"Казакстандын Тышкы иштер министрлиги нотадан тышкары Кытай элчисин чакырып, мындай жарыяланган материалдар эки өлкөнүн ортосундагы мамилесине кедерги тийгизет деген билдирүүсүн айтышты. Бул туура. Анткени бул белгилүү басылмалар, ал жакта жарыяланган материалдар чынында жөн жерден чыкпайт. Бийликтин макулдугу менен жарыяланат. Бул Кытайдын бийлигинин бир бөлүгүнүн ою болсо керек.

Кыргыз мамлекети дагы жөн калбай, реакция кылышы шарт. Анткени бул өлкөнүн коопсуздугуна, кыргыздын намысына, тарыхын бурмалаганга чоң жол ачат. Кытай элинин биздин мамлекетке карата оюн туура эмес жакка өзгөртө турган материалдардын чыгышына жол бербөө зарыл. Азыркы этапта жолго салып, мындан ары мындай материалдар чыкпаганга ынандыра турган өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Сөзсүз түрдө Тышкы иштер министрлиги Кытайдын элчисин чакырып, бул туура эмес кадам экенин билдирип коюшу керек болчу. Мындай нерселер чыкпаш керек деген нотаны жиберүү зарыл", - дейт Турдукулов.

САБИРОВ: "Кытайга нота жөнөтүүдөн мурун маалыматты жарыялаган тараптын салмагын аныкташ керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров эки улут ортосундагы мамиледе кылдат болуу керек, нота жөнөтүүдөн мурун маалыматты жарыялаган тарапты иликтеп, салмактап көрүү зарыл деген пикирде.

"Эми кандай сайт жазып чыкты ошону караш керек. Мисалы, бирөө Фейсбукка жазып койсо эле биз ар бирибиз реакция кыла бербейбиз да. Эгерде мамлекеттик ЖМК жарыялап жаткан болсо, анда биз реакция кылсак болот. Ал эми сайт болсо анда ал сайттын салмагын аныкташ керек. Азыр кайсы бир билдирүүнү элге жеткирүү куралы ар бир эле кишиде бар болуп калды, эртең менен туруп бирөө маанайы жок болуп жазып койгон нерсенин баарына эле реакция кыла берген болбойт.

Эми салмактап көрүш керек экен жарыяланган кабарды, эки өлкөнүн ортосуна жөн эле чатак салып жиберген болбойт. Казак бийлиги нота жолдогону дагы чынбы же жөн эле айтылган сөзбү муну да тактоо керек. Жөн эле нота жөнөтүп коюу деген оңой иш эмес, анын баарын карап көрүп, кайсы маалымат каражаты жарыялады иликтеп, эгерде чын эле мамлекеттик же өкмөт менен иштешкени чын экендиги анык болгон сайт болсо, анда реакция кылса болот", - деди Сабиров.

ОСМОНАЛИЕВ: "ТИМ нота жибербесе да, расмий билдирүү жасап коюшу керек"

Юрист Кайрат Осмоналиев Тышкы иштер министрлиги тарабынан сөзсүз реакция болуш керек деген оюн билдирди.

"Мен Кыргыз мамлекети тууралуу жазылган макаланы окуган жокмун. Бирок Казакстандын реакция жасаганы боюнча сайттардан көрдүм. Тарых боюнча Улуу жүз, Орто жүз жерлери Цин империциясынын жери болгон деп жазылган. Ошондо батыш мамлекеттерге Орусия да кошулуп Кытайды жеңген болчу. Жеңгенден кийин Орусия айрым жерлерди өзүнө калтырган. Азыркы алыскы чыгыш жактагылардын бир тобу чын эле Кытайдын жерлери болгон. Апийим согушунан кийин Орусияга өтүп кеткен.

Макала боюнча Казакстандын реакциясы туура эле. Анткени азыркы учурда ушундай маселени козгогон туура эмес. Мейли тарых боюнча жаза берсе болот. Цин өтө күчтүү империя болгон. Согуштан кийин бир канча келишимдерге кол коюлат. Цин империясы өз ыктыяры менен жеңилген мамлекет катары кол койгон. Азыр бул маселени козгоп жатышканы туура эмес. Бул чагымчылдыкка окшоп кетет.

Биздин Тышкы иштер министрлиги да, албетте, Кытайга нота жибериши керек. Биз тарыхты билебиз, достук мамилени сыйлайбыз. Бирок ушундай чагымчыл макалалар көп жарыялана берсе, биздин мамилебизге зыянын тийгизиши мүмкүн. Бул боюнча өзүбүздүн позициябызды билдирип коюшубуз керек. Эгерде позициябызды билдирбесек булар макул экен деп ойлоп калышат. Мындан ары дагы бир топ макалалар чыгып, андан кийин биздин мамилебиз бузулушу ыктымал. Тышкы иштер министрлиги нота жибербесе да, расмий билдирүү жасап коюшу шарт. Унчукпай калбаш керек", - дейт Кайрат Осмоналиев.

МАМАСАЛИЕВ: "Кыргыз өлкөсүнүн жери Кытайдын жери болгон деген маалымат алардын расмий позициясы болсо, ТИМден сөзсүз түрдө реакция болот"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев маалымат такталышы керектигин билдирди.

"Алгач маалыматты такташы керек. Эгерде бул Кытай мамлекетинин расмий позициясы болсо, анда сөзсүз түрдө Тышкы иштер министрлигинин реакциясы болот. Сайттарга бул макала чын эле жарыяланса, анда мындай маанилүү маселе тартип боюнча, ШКУнун аянтчасында каралып, талкууланат", - дейт Мамасалиев.

СУЛТАНБЕКОВ: "ТИМ сөзсүз түрдө реакция кылышы керек болчу"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков бул мамлекеттик масштабда болуп жатпаса да Тышкы иштер министрлиги тарабынан реакция болушу зарыл экенин белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу өзүнүн позициясын билдирип, реакция кылыш керек болчу. Бул мамлекеттик масштабда болуп жаткан нерсе эмес. Бирок ошол эле учурда бул жабык түрдө өзүнүн элин экспансияга даярдоо маселеси ачык эле көрүнүп тургандай", - дейт Султанбеков.

ОСМОНБЕТОВ: "Кээ бир басылмалар рейтинг үчүн фейк маалымат чыгарышат"

Саясий серепчи Эдил Осмонбетов мындай учурда реакция кылуунун кажети жоктугун айтты.

"Казакстандын тышкы иштер министри бул боюнча реакция кылганы өздөрүнүн эрки. Бул далилденбеген, калп маалымат. Кээ бир сайттар, гезиттер рейтинг үчүн ушундай макалаларды чыгара беришет. Мындай учурда реакция кылбай эле коюш керек. Кээ бир адистер маалымат чындыкка жатпайт, бул сайтты эч ким окубайт деп айтышты. Бул сайтты Кытайда аз киши окуйт деп жатышат. Мындай учурда ойлонуп, шашпай, кылдаттык менен иш жасаш керек. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы күрөшүү боюнча көйгөй бар", - деди Осмонбетов.

ТАЖЫБАЙ: "Кыргыз өлкөсүнүн аймагы биздики болгон" десе, ТИМ нота жөнөтсө болот"

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Кыргыз жери Кытайдыкы болгон деп басылмалар жазып койсо эле нота жибере берген туура эмес деген пикирде.

"Кытайда мурдатан бери эле ошондой маалыматтар тарых жагынан айтылып келет. Алар бул маалыматты расмий түрдө айтышса, нота жиберилсе болот. Анан жөн эле нота жибере берген туура эмес деп ойлойм. Эгерде кандайдыр бир Кытайдын жоопкерчиликтүү кызматкери же чиновниги азыркы учурда бул биздин жерибиз деп талашса, анда реакция кылуу зарыл.

Илгери кыргыздар деле ошондой аймактарды баш ийдирип алган. Бул тууралуу айтсак, бизге дагы башка өлкөлөр нота жибериши керекпи? Кытайдын органдары "бул биздин жерибиз, кайтарабыз" дешсе, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги нота жиберсе туура болмок. Жөн эле тарыхка байланыштуу болсо, реакция кылуунун кереги жок", - дейт Алмаз Тажыбай.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан