3-мартта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьеринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Саясатчы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатканын айтып чыккан.
22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр кайталанды. Мындан улам эки өлкөнүн президенттери жолугушту. Бирок анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы, ошондой эле ушул күнгө чейин жогорудагы протокол тууралуу да кенен маалымат бериле элек.
SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасындагы март айында чыккан жаңжалдан кийин протоколго кол коюлган. Эмне үчүн ушул убакытка чейин ошол протокол ачыкталбай келет?" деген собол салды.
ЗУЛПУКАРОВ: "Мамлекеттик сыр деген бар..."
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров эл өкүлдөрү эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин иштеп чыккандан кийин гана ошол материалдарды сураганга укугу бар деген пикирин айтты.
"Биз Жогорку Кеңештин депутаттары эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин иштеп чыккандан кийин гана ошол материалдарды сураганга укугубуз бар. Бул регламенттин талабы. Ошондуктан биз ачыкталышы керек деп талап коюп, айта албайбыз. Тиешелүү тармактык комитеттерде бул маселе каралган. Жогорку Кеңештин депутаттарында сыр сактоо милдети бар. Мамлекеттик сыр деген бар. Протокол эмнеге ачыкталбай жатканын так билбейм. Эгерде мен материал менен тааныша турган болсом эмнеге ачыкталбай жатканын сурамакмын", - дейт Зулпукаров.
ТИЛЛАЕВ: "Кыргыз-Тажик президенттеринин жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча бизге маалымат жете элек"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан кийин кол коюлган протокол ачык айтылганын билдирди.
"Протокол ачык айтылган. Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулуш иштерин улантуу боюнча макулдашылганы ачык жарыяланган. Маанилүү чечимдер кабыл алынган эмес. Ошондо кабыл алынган кээ бир жумуштар аткарылып жатат. Аксай-Тамдык унаа жолдорун, социалдык объекттерди куруу боюнча жумуштар аткарылууда. Бул Ак-Сай тууралуу чечимдер, ал эми Баткен облусу боюнча бир топ чечим кабыл алынганы менен тапшырмалар аткарыла элек. Жакында эки президенттин жолугушуусунда кандай чечимдер кабыл алынганы боюнча маалымат бизге жете элек", - дейт Тиллаев.
МАСАЛИЕВ: "Бул протоколдун айрым жерлери ачыкталбайт. Себеби кандай гана чечим болбосун эки тарапка тең өзүнүн элинин жерин саткан болуп калат"
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул маселе өтө кылдаттыкты талап кыларына токтолду.
"Бул кылдаттык менен карала турчу маселе. Эгер бир эле сөз туура эмес айтылып калса бүт процесс жокко чыгып кетиши мүмкүн. Качан гана сүйлөшүүлөр толук бүткөн соң ал ачыкка чыгат. Мында да айрым жерлери ачыкталбайт. Себеби кандай гана чечим болбосун эки тарапка тең өзүнүн элинин жерин саткан болуп калат. Бир кадам алдыга кеткени менен бир кадам артка кетүүгө да туура келет. Алардын президенти өзүнүн эли ичинде, биздин өлкө башчы эл ичинде жакшы эмес сөздөргө ээ болуп калышы мүмкүн. Чыр болгон жерлер боюнча качан гана маселе толук чечилгенде 100 пайыз маалыматты берүүгө болот", - деди эл өкүлү.
ОРОЗОВА: "Чек ара маселеси боюнча эки мамлекет бир пикирге келиши керек, ошондо баары ачыкталат"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова протокол эки тарап бир чечимге келген соң гана ачыкталат деген ойдо.
"Бул протокол боюнча тиешелүү кызматтагы адамдар жооп бериши керек деген ойдомун. Чек ара маселеси боюнча эки мамлекет бир пикирге келиши керек, бирок учурда андай болбой жатат. Мындай айтканда, учурда ар ким өзүнүн кызыкчылыктары үчүн күрөшүүдө.
Жакында эле эки президент жолугушту, бирок кандай пикирге келгени боюнча маалыматым жок. Документтердин баары ратификацияга Жогорку Кеңешке келгенде гана толук маалымат биле алабыз. Бул жерде эл аралаш жашап жатат, эки тарапка тең ыңгайлуу болгондо гана жергиликтүү тургундар ыраазы болушат. Ал эми аралаш жерлер такталмайынча бир пикирге келиши оор", - дейт Орозова.
МАМАТАЛИЕВ: "Кыргыз-Тажик маселеси боюнча өзүбүздүн позициябызды карманышыбыз керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев протокол ачык эле болгонун билдирди.
"Март айында чыккан жаңжалда өкмөт 13 күндөн кийин реакция кылган. Биз өкмөттү сындап, палатага чакырып эмне үчүн кеч реакция болгонун сураганбыз. Ызы-чуунун баарысы Ворух анклавына бара турган жол боюнча болуп жатат. Биз позициябызбы алдырбашыбыз керек. Жердин метр, сантиметри болсо да өзүбүздүн позицияны карманышыбыз шарт. Тажик тараптын жолду чогуу колдонолу дегенине макулдугубузду бербешибиз абзел", - дейт Маматалиев.
КЕЛДИБАЕВ: "Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча кол коюлган протокол ачыкка чыкканда элдин арасындагы күмөндүү ойлор токтойт болчу"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев бийлик өкүлдөрүнүн ар бир кыймыл аракети, кол койгон документтери коомчулукка ачык чыгышы керек деген пикирде.
"Демократиялык, укуктук мамлекет болгондон кийин эки тараптын кызыкчылыктары, милдеттери, жоопкерчиликтери жазылышы керек. Ал жерде кандай мазмундагы сөздөр жазылганы, кандай жоопкерчиликтер жүктөлгөнү элге ачык болушу шарт. Бийлик өкүлдөрү протоколду коомчулукка ачык чыгарбай элдин нааразычылыгын жаратып жибериши мүмкүн. Ачыкка чыкканда карапайым калктын арасындагы күмөндүү ойлор токтойт болчу", - дейт Келдибаев.