КҮНСОБОЛ: Көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул сунушка кандай карайсыз?

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар. Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрлик кызматка көрсөттү. SUPER порталы "Бул сунушка кандай карайсыз?" деген собол салды.

КЕНЕНБАЕВ: "Суракматов жакшы иштеп берет го деген ишеним менен колдодук"

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Азиз Суракматов мурда аткаруучу бийликте иштегенин, шаардык кеңеште депутат болгонун эскертти. "Суракматов мэриянын түзүмүндө иштеген, шаардык кеңеште депутат, андан кийин төрага болгон. Ал мэр болсо аткаруучу бийлик менен шаардык кеңеш тыгыз иштейт го деген ишеним менен колдоо көрсөттүк. Суракматов тажрыйбалуу болгондуктан шаардын тургундарына жакшы иштеп берет го деген үмүт менен көпчүлүк коалиция аны мэрлик кызматка талапкер кылып көрсөттү", - дейт Кененбаев.

МАМЫРКУЛОВА: "Мыйзамсыз курулуш иштерге катышы бар делген адамдын шаар башчылыгына көрсөтүлүшү туура эмес"

Журналист Канышай Мамыркулова Суракматов мурдагы мэр Албек Ибраимовдой эле мыйзамсыз курулуш иштерине катышы бар делген адам экенин айтты. "Мен бул кишинин мэрликке көрсөтүлүшүнө аябай эле каршы пикирдемин. Дал ушуга байланыштуу кечээ президент Сооронбай Жээнбековго интернет аркылуу кайрылуу жолдодум. Бүгүн анын кагаз түрүндөгү үлгүсүн расмий түрдө жеткирем. Анткени Бишкек шаарында өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгү жашайт. Ушундай шартта шаар башчысы таза жол менен шайлануусу керек. Буга чейин шаарды жетектеп келген Албек Ибраимовдун иши кандай аяктаганын эл жакшы билет. Анан кылмыш иши козголгон Албек Ибраимовдун ордуна кайра эле КСДП тарабынан мыйзамсыз курулуш иштерине катышы бар делген адамдын көрсөтүлүп жатышы дагы эле мурдагы оюндардан арыла албай жатканыбызды көрсөтөт. Жакында эле кыркка жакын жарандык коом өкүлдөрү президент менен жолуккан. Ошондо сот, укук коргоо органдарын реформалоо, коррупция боюнча маселелер көтөрүлгөн экен. Эмгек жолу элге таанымал эмес, таанылса да мыйзамсыз иштерге катышы бар экени айтылып жүргөн адамдын шаар башчылыгына көрсөтүлүп жатканы туура эмес”, - деди Мамыркулова.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Бишкек мэрлигине чарбачыл, шаарды оңдой турган киши керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, Суракматов - шаардын маселелерин түшүнгөн талапкер. "Бүгүнкү күндө Бишкек мэрлигине чарбачыл, шаарды оңдой турган киши керек. Кайсы талапкер болсо дагы программасынан аныктап бериш керек, кандай иш жасайт, шаар үчүн эмне кылат. Шаар мэрлигине өз кызыкчылыгын ойлобогон адам керек. Учурда чарбалык көп жумуштар башталган, аларды аягына чыгаруу менен андан ары өнүктүрүү керек. Бишкек - борбор шаарыбыз, коноктор көрө турчу жер. Коңшу өлкөлөрдүн борборлору заманбап технологиялар менен өнүгүп баратат, биз да өнүгүү жолуна түшүүбүз керек. Суракматов жөнүндө айта турган болсом, бул адам шаар үчүн белгисиз адам эмес, Жогорку Кеңешке, шаардык кеңешке да шайланып депутат болгон. Шаардык кызматтарда да иштеген, Бишкектин көйгөйлөрүн билген талапкер катары эсептейм”, - деди Жээнчороев.

АЙБЕК МЫРЗА: "Суракматов мэр болуп калса коррупция менен күрөшпөй эле өркүндөтөт"

Жарандык активист Айбек Мырза Азиз Суракматов мэр болуп шайланса, коомчулуктагы нааразычылык күчөй турганын белгиледи. "Суракматовдун курулуш компаниясы бар. Ал 7-кичи райондо балдар ойной турган аянтчаны талашып, ошол жакка көп кабаттуу үй курабыз деп чыккан. Биз жергиликтүү жашоочулар менен бирге митингдерди уюштуруп, балдар аянтчасын коргоп калганбыз. Балдардын аянтчасына көз артып жаткан адам кантип Бишкек шаарынын мэри болот? Ал эч качан шаар тургундарына, шаарга жан тартпайт. Суракматов мэр болуп калса коррупция менен күрөшпөй эле өркүндөтөт. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция анын кылган ишин, эмгегин, программасын карабай эле бизнес кызыкчылыктары үчүн колдоду. Ал мэр болуп шайланса коомчулукта нааразычылык пайда кылып, бийликке болгон ишенимди төмөндөтөт", - деди Айбек Мырза.

МҮЗҮРАЛИЕВ: "Суракматов - тажрыйбалуу, татыктуу талапкер"

Бишкек шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Канатбек Мүзүралиев Суракматов тажрыйбалуу, татыктуу талапкер деген пикирде. "Ал буга чейин муниципалдык кызматтарда иштеген, шаардык кеңештин депутаты, төрагасы болгон. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Тажрыйбасы чоң болгондуктан мэр катары иштеп кетет деген оюм бар", - деди Мүзүралиев.

АФИДЖАНОВ: "Суракматов - Ак Үйдүн тапшырмасы менен сунушталган талапкер"

Жактоочу Искен Афиджановдун Бишкек мэрлигине талапкер Ак Үйдүн көрсөтмөсү менен гана сунушталган талапкер деген пикирде. "Суракматов "Елизавета" курулуш компаниясына катыштыгы бар экени белгилүү. Бул кызыкчылыктардын кагылышынын артынан келген талапкер. Массалык маалымат каражаттарында Суракматовдун Бакиевдер менен да жакындыгы бар экени айтылып жүрөт. Менин жеке пикирим боюнча, шаар мэрине талапкер болгон Суракматов - Ак Үйдүн тапшырмасы менен гана сунушталган талапкер", - деди Афиджанов.

САГЫНОВ: "Суракматов шаардын көйгөйлөрүн билгендиктен татыктуу талапкер деп эсептейм"

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Сагыновдун айтымында, Суракматов - шаардын көйгөйлөрүн билген татыктуу талапкер. "Суракматов менен таанышканыма эки-үч күн болуп калды. Буга чейин сыртынан таанып жүрчүмүн. Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан ага ар кандай суроолор берилип, ал өзүнүн ой-пикирлерин айткандан кийин татыктуу талапкер боло аларын түшүндүм. Өзүнүн ой-пикири бар инсан экен. Шаардын көйгөйлөрүн дагы жакшы билет. Ошол көйгөйлөрдү чечет деген үмүт менен көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин көрсөттү", - деди Сагынов.

АЛТЫМЫШЕВ: "Суракматовдун талапкерлиги жогору жактагы маселе чечүүчүлөрдүн маегинен чыккан жыйынтык"

Журналист Тынчтык Алтымышев Суракматовдун талапкер катары чыгышы маселе чечүүчү мансаптуулардын таасири менен жасалып жаткан иш экенин айтты.

"Бишкек - Кыргыз өлкөсүнүн борбору, жүзү, миллиондогон жашоочулары бар шаар. Ушундай чоң шаарга мэр шайлоону шаардык кеңеш, өкмөт, президент, президенттик аппарат олуттуу кабыл алып, маани берип чечсе болмок. Биз мурунку мэрди эмне үчүн кетирип жатабыз? Мурунку мэр Албек Ибраимов дагы бийликтеги таасирдүү адамдардын колдоосу менен түндүктөн түшкөндөй болуп мэрликке отуруп калганы үчүн, анын ошол кезде айтылган артында чуулуу иштердин бар экенине карабай келгени үчүн жумуштан кетирилди, камалды. Учурунда ал тууралуу айтылган чуулуу иштерге карабай мэр болгон. Натыйжада баарыбызга белгилүү бир топ коррупциялык иштер болуп кетти. Өткөндөн сабак алып, чарбачыл, шаар тургундарынын жашоосун түшүнгөн мэрди тандасак болмок, ойлонсок болмок.

Суракматовдун баскан изин караганда анын артында мыйзамсыз иштер көп экени ачык булактарда айтылып жатат. Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда Суракматовго таандык делген курулуш компанияга Ак Үйдүн жанынан мыйзамсыз жер алып бергени, эми ошол адамды Өмүркулов мэрликке алып келе жатканы экөөнүн ортосунда бизнес кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турбайбы?

Суракматов дагы Албек Ибраимов келген жол менен мэрликке келе жатат. Анын буга чейин эл үчүн кылган бир да ишин көргөн эмесмин. Бул талапкер жогору жактагы маселе чечүүчүлөрдүн маектешүүсүнөн чыккан жыйынтык. Болбосо, ар бир фракциянын бирден талапкер көрсөтүүгө толук укугу бар болчу. Бирок алардын баары Суракматовдун талапкерлигине макул болуп жатат", - деди Алтымышев.

САРИЕВ: "Көпчүлүк коалиция Суракматов шаардын көйгөйлөрүн жакшы билет деген критерий менен колдоду"

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сариев буга чейин Суракматов менен ар кандай сүйлөшүүлөр болгонун айтты.

"Ал кандай иштерди жасай турганы тууралуу айтып берди. Өзүнүн алдыдагы пландары, программасы жөнүндө ой бөлүштү. Мурда шаардык кеңеште, мэриянын түзүмдөрүндө 9 жылга жакын иштеген. Ар бир фракция менен кеңешип сүйлөштүк. Бишкек шаарынын маселелерин толук билет деген критерий менен көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин көрсөттү", - деди Сариев.

БАБАКУЛОВ: "Кыргыз мамлекетинде башка кадр жок калгандай Суракматовдун талапкерлигин мэрликке көрсөткөнүнө каршымын"

Жарандык активист Аманбол Бабакулов Суракматовдун талапкерлиги мэрлик кызматка көрсөтүлгөнүнө каршы экенин айтты.
"Суракматов - мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кадры. 2008-жылдан бери Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары болуп иштеп келген. Аны КСДПдан депутаттыкка талапкер болгонун билбейм. Азыр маалымат каражаттарынан окуп, нес абалда болуп калдым. Анткени 2010-жылы болгон революция ошондой адамдардан кутулуу максатында болгон. Сооронбай Шарипович быйылкы жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. Анда эмне үчүн айылдык балдарды көтөрбөйт? Баягы эле Акаев, Бакиевдин кадрларын кызматтарга коюп жатат. Мен Суракматовдун талапкерлигине толугу менен каршымын. Анткени мэр боло турган адам чарбачыл болуш керек. Кыргыз мамлекетинде башка кадр жок калгандай Суракматовду мэрлик кызматка көрсөтүп жатышканына каршымын", - деди Бабакулов.

ТАЛИЕВА: "Шаар башчылыгына бир эле адамдын талапкерлигин көрсөтүү туура эмес"

Мурдагы министр Камила Талиева Бишкектин мэри ишкер эмес, мамлекеттик кызматкер болуусу зарыл деген оюн айтты.

"Учурда көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл болуп турат. Мыйзамга ылайык, шаар мэрине талапкерди фракция же өкмөт башчы гана көрсөтө алат. Бирок Бишкек шаары өлкөнүн борбору болгон үчүн андагы жашаган элдин талабын эске алуу керек. Башкача айтканда, калаа башчысын шаар тургундары шайлашы зарыл. Ал эми мэр боло турган адам шаардын инфраструктурасын, көйгөйүн, социалдык маселелерин жакшы билген адам болуусу керек. Ошондой эле мамлекеттик жумушта баскычтарды басып өтүшү зарыл. Учурда Бишкектин тазалыгы Ош шаарынан да артта калды. Тазалыкты жөнгө салуу үчүн чарбачыл мэр келиши абзел. Ошондой эле шаар мэрине бир гана адамдын талапкерлиги көрсөтүлүшү туура эмес. Башка дагы талапкерлер көрсөтүлүүгө тийиш. Керек болсо эл арасынан татыктуу талапкерди алып чыгып, калаа эли үнүбүздү кошуубуз абзел.
Азыркы талапкерди жакшы тааныбайт экенмин. Шаар тынымсыз кыймылда болуп турган тирүү организм сыяктуу. Ошон үчүн шаарды жетектей турган адам шаардын чарбачылыгын, экономикасын социалдык көйгөйлөрүн чечип кете алгыдай болуусу керек. Азыркы талапкердин жогоруда айтылгандардын баарын жөнгө сала аларына күмөнүм бар. Социалдык тармактарда да бул кишиге карата каршы пикирлер айтылып жатат. Эң башкысы, шаар мэри боло турган адам ишкер болбой, мамлекеттик кызматкер болуусу керек. Азиз Суракматовду ишкер деп айтып жатышат. Буга чейин ишкер адамдардын мамлекеттик кызматта иштегенин, өз чөнтөгүнүн камын ойлоп, мамлекетти өнүктүрө албаганын көрдүк го. Мэр деген бардык убактысын элдин жашоосуна арнашы керек", - деди Талиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан