Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген собол салды.
СУЛАЙМАНОВ: “Бир шайлоонун жазасын экинчи шайлоо берет”
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов убадаларына турбаган депутаттарды эл кийинки шайлоодо шайлабай койсо болот деген пикирде.
“Бир шайлоонун жазасын экинчи шайлоо берет. Кийинки шайлоодо эл убадасына турбаган депутаттарды шайлабай койсо болот. Ал эми убадасына турбаган президенттер тууралуу айта турган болсом, мекенине келе албаган же элине чыга албагандан өткөн жаза барбы? Мындан өткөн жаза жок”, - дейт Сулайманов.
МАСАЛИЕВ: “Шайлоо алдында берген убадаларын аткарбаган президент элдин алдында урматын жоготот”
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, убадаларын аткарбаган партияларды кийинки шайлоодо эл колдобошу керек.
“Парламенттин ичинде 6 саясий партиянын фракциялары бар. Ошолордун убадалары аткарылбаса, кийинки шайлоодо эл ошол партияны колдобошу керек.
Ал эми президент бир эле мөөнөткө шайланат. Эл аны шайлап алгандан кийин эч нерсе кыла албайт, кайра чакыртып алуу процедурасы жок. Жазалоого мүмкүн эмес. Убадасын аткарбаган президент элдин алдында урматын жоготот. Кийин саясий күрөшкө чыкса, шайлоочулар добуш бербей коёт”, - деди Масалиев.
КАДЫРБЕКОВ: "Убадасын аткарбаган президентти же депутаттарды сотко берсе болот"
Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун айтымында, сөзүнө турбаган мамлекеттик жетекчилерди жазалоонун эки жолу бар.
"Биринчиден, биз демократиялык контексттин ичинде сүйлөсөк, шайлоо алдында берген убадасын аткарбаганы үчүн шайланып келген президентти же депутаттарды кийинки шайлоо убагында шайлабай коюп жазалай турган бир инструмент бар. Саясатчыларга ишеним көрсөтпөө жазасы эң реалдуу болуп саналат.
Экинчиден, аларды сотко берсе болот. Мисалы, бир компания "3 айдын ичинде үйүңүздү бүтүрүп беребиз" деп убадалап, бирок 3 айдын ичинде бүтүрбөсө, аны сотко берип компенсация алса болот. Ушул эле логика менен депутаттарды же президентти эч кандай тоскоолдуксуз сотко берүүгө болот. Маселен, президент шайлоо алдында коррупцияны жеңем деген эле. Жарандардын тобу Коррупцияны кабылдоо боюнча дүйнөлүк индексине таянып же укук коргоо жана сот системиндеги коррупциянын абалын көрсөткөн статистикалык көрсөткүчтөргө таянып, бул убаданын аткарылганын же аткарылбаганын аныктай алат. Эгер коррупция азайбаса же көбөйсө, анда убада аткарылбаган болот, ошентип президентти сотко бергенге укуктуу. Бирок бизде муну эч ким иш жүзүндө кылып көргөн эмес. Мыйзам жагынан карасак, буга эч нерсе жолтоо болбойт", - деди Кадырбеков.
ТУРДУКУЛОВ: “Улут башчылары аткарган иштери менен тарыхта каларын сезе билиши керек”
Жарандык активист Адил Турдукулов билдиргендей, эл убадасын аткарган президентти шайлаш керек.
“Бизде президенттин бийлиги бир мөөнөт менен эле чектелген. Ошондуктан башка мамлекет сыяктуу убадаларын аткарбаган президентти кайра шайлабай коюу укугунан четтетилебиз. Президенттикке келген адам “Кыргыз тарыхында калам” деп келиши керек. Президент туура эмес иш аткарса, жаман элес менен тарыхта калат. Ал эми жакшы иш жасаса, жакшы ат менен тарыхта каларын сезе билүүсү зарыл.
Шайлоочулар убадасын аткарбаган депутаттарды кайрадан шайлай бергенине таң калам. Алардын 1-2 миң сом бергенине алданган туура эмес. Эми шайлоодон шайлоого чейин элдин аң сезими жогорулайт деген ойдомун. Алар ким канча акча бергенине эмес, буга чейин берген убадаларына турдубу же жокпу, ошону карап чечим чыгарар деген үмүт бар”, - деди Турдукулов.
БАКИР УУЛУ: "Шайлоочулар 20 жылдан бери алданып эле жүрүшөт"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун айтымында, шайлоочулар мурунку шайлоолордон сабак алып, убадага турбагандарды шайлабашы керек.
“Азыр парламенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу циркке айланган. Шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер жогорку деңгээлдеги артист болуп көрүнүшөт. Эгер циркке эл билет сатып алып кирсе, шайлоодо партиялар эле акча таратышат. Айырмасы, цирк жаман болсо эл барбай коёт. Депутаттар шайланып калган соң убада аткара алышпаса өздөрү билип кетишпейт. Ошондуктан шайлоочулар ширин сөзгө, акчага алдана бербестен, убаданы аткарбагандарга кийинки жолку шайлоодо добуш бербей коюп жазалашы керек. Тилекке каршы, 2000-жылдан бери шайлоочулар мындай тыянакка келе албай жатышат. Башкача айтканда, алданып эле жүрүшөт. Бул маселени мыйзам менен чечүү жолун издеп көргөнбүз. “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу” деген мыйзамды мен жазгам. Ал жерде депутат кандай болушу керек, элге отчёт берүүсү, баары жазылган. Өмүрбек Текебаев болсо депутаттарды чакыртып алуу боюнча мыйзам жазган. Ал мыйзам боюнча депутаттарды чакыртып алуу кыйын, анткени шайлоочулардын 4төн 3 бөлүгүнүн колу керек. Аны парламентке андан соң БШКга жиберип анан чечим кабыл алынат. Шайлоочулардын колун топтоо, албетте, кыйын, ошон үчүн бул мыйзам иштебейт. Эгер президент убадасына турбаса, Жогорку Кеңештин 3төн 2 бөлүгүнүн добушу менен импичмент жарыялап, аны отставкага кетирип жазалай алат. Эгер партиялык шайлоо түзүлбөгөндө коомчулуктун да ролу чоң болот эле. Азыр партиялык шайлоо системине өткөндөн бери шайлоочулардын эч кандай укугу калган жок. Баарын партия чечип жатат. Мурда депутаттар, президент баш болуп шайлоочулардан коркуп турушчу.
Мен дайыма айтып келем, биз толук бир мандаттуу шайлоо системине өтпөсөк да, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдөгүдөй депутаттардын 50 пайызы бир мандаттуу, 50 пайызы партиялык жол менен шайланышы керек. Азыркы партиялар калыптана элек, жасалма партиялар. Акчасы барлар түзө калып шайлоодо акча таратып өтүп кетип жатышат”, - деди Бакир уулу.
МОЛДОКМАТОВ: “Берген убадалардын аткарылышы боюнча эл талап кылышы керек”
“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов парламентке келген партиялар убадасын аткарбаса кийинки шайлоодо аларга добуш бербеш керек деген пикирде.
“Парламентке келген партиялар убадаларын аткарбаса, эң оңой бир эле жолу бар. Бул кийинки шайлоодо аларды шайлабай коюу. Себеби парламентке келген партиялардын курамына кирген депутаттардын мандатына чакыртып алуу, аларды кетирүү мүмкүн эмес. Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаты жөнүндө мыйзамында жазылган нормалар боюнча, депутат каза болуп калса, соттун өкүмү чыкса же арыз жазса ошондо мандатынан ажыратылат.
Партиялардын берген убадалары боюнча эл талдап чыгып, талап кылып, сурашы зарыл. Шайлоочулар өздөрү таразалап, тарбиялашы керек. Учурда сурай турган, талап кыла турган тарап жок болууда. Мындан улам алар каалаганын кылып жатышат. Бул өнөкөткө айланып кетти.
Президент боюнча, мамлекет башчынын өзүнө тийиштүү Конституцияда жазылган, мыйзамдарда каралган нормалары бар. Анын аткара турган укуктары жана милдеттери бар. Бүгүнкү күндө президенттин премьер-министрге караганда ыйгарым укуктары кыскартылган. Бүгүн премьер-министрдин ишин көбүрөөк баалаш керек. Анткени аткаруу бийлиги болуп жатат. Экономика, мамлекеттин ички саясатын жүргүзүп жаткан - бул премьер-министр. Өкмөт башчынын ишин парламент баалоосу кажет. Эгерде парламентке эл туура эмес баа берсе же баасын бербесе парламент каалаганын кылып баштайт.
Президенттин өзүнө тиешелүү иштери аткарылбаса, парламент ачык айтып чыгышы зарыл. Мамлекет башчынын берген убадалары ага тийиштүү ыйгарым укуктарына, милдеттерине байланыштуу жасаган иштерине парламент баа бериши керек. Ошол эле учурда эл дагы баасын бериши зарыл”, - деди Молдокматов.
АСАНБЕКОВ: "Сөзүнө турбаган жетекчилерди бийликтен четтеткенибизде гана аларды жазалоого мүмкүнчүлүк пайда болот"
"Мекен ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков убадаларын аткарбаган мамлекеттик жетекчилерди кандай учурда жазалоо мүмкүн экенин айтты.
"Алардын курулай убадаларына ишенген элге туура маалыматтарды жеткирип, кезектеги шайлоо процесстеринде, алгач бийликтен четтеткенибизде гана мүмкүнчүлүк пайда болот. Же болбосо бийлик системиндеги жан-жөкөрлөрү аларга саясий коргоолор менен көмөк көрсөтүп, мыйзамдуулукту орнотууга тоскоолдук кылышат", - деди Асанбеков.