Кечээ, 7-октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, ага президент ар кандай кызматты сунуштап жатканын айтты. Бирок ал президент менен такташып алчу маселелери бар экенин билдирди. "Элдик курултай" кыймылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бекназаровдун айтымында, аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптарга президент макул болгонун айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бекназаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө Сооронбай Жээнбеков макул экендигин айтты. Ар бир президенттин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү президенттик шайлоо учурунда киргизсек туура болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенин, бирок аны азыр эмес, президенттик шайлоо учурунда кылуу туура экенин айтты. "Биринчиден, бул айтылгандарды тактоо керек. Бизге тарыхта кала турган президент керек. Ал Баш мыйзамды өзгөртпөгөн президент Сооронбай Жээнбеков болушу керек. Мен бүгүн эле ушул тууралуу кат жөнөттүм. Конституция 1993-жылы кабыл алынгандан баштап эле мындай жазалы, тигиндей жазалы деп айтып жатышат. Биз бул жаатта шашып эле жүрөбүз.
Баш мыйзамдын нормалары боюнча менде дагы бир топ эле ойлор бар. Чынында Баш мыйзамыбызга бир топ эле өзгөрүүлөр керек. Бирок менимче, муну азыр эмес, кийинки президенттик шайлоо учурунда кылсак туура болот. Мисалы, азыр Сооронбай Жээнбеков конституциялык жыйынды буйруктун негизинде түзсө, биз үч жыл ичинде бул тармакты жакшылап, шашпай талкуулап ушул долбоорду даярдасак туура болот. Анда биздин президент тарыхта жакшы жагы менен калат. Элди уккан, өзүнө өзгөртүүлөрдү тартуулаган президент гана ушундай кыла алат", - деди Бекешев.
ТУРСУНБЕКОВ: "Зарылдыкка жараша иш кылуу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдан баштап парламенттин референдумсуз эле Конституцияга өзгөртүү киргизгенге мүмкүнчүлүгү болот деген пикирде. "2020-жылы Конституциядагы мораторийдин мөөнөтү бүтөт. Парламенттик же президенттик башкарууга өтүү боюнча саясий күчтөр айтып келет. Парламенттик башкаруу системи болушу керек деген маселени мен да колдойм", - деди ал.
Ошону менен катар эле Чыныбай Турсунбеков "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизе берүү Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түздүбү?" деген суроого "зарылдыкка жараша иш кылыш керек" деп жооп берди.
МАДУМАРОВ: "Конституцияны алтын тамга менен жазса деле иштебейт. Кеп Конституцияда эмес, кеп кишиде"
Саясатчы Адахан Мадумаров коом өзгөрүшү керек деген пикирде.
"Кеп Конституцияда эмес, кеп кишиде. Себеби Конституцияны алтын тамга менен жазса деле иштебейт. Иштебеген Конституциянын мамлекетке пайдасы жок. 30 жылга жакын мезгилде Конституция менен жашаганды үйрөнгөн жокпуз. Бийликтеги адамдарды, коомду өзгөртүш керек. Коом өзгөрсө, бийлик өзгөрөт. Коом талап кылганды үйрөнүшү зарыл", - дейт Мадумаров.
КАДЫРБЕКОВ: "Кыргыз мамлекетинин өнүкпөй жатканынын негизги себеби Конституциянын өзгөргөнү"
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков белгилегендей, Конституция өзгөргөн сайын башкаруу системи өзгөрүлөт. "Кыргыз мамлекетинин өнүкпөй жатканынын эң негизги себеби Конституциянын өзгөргөнү. Баш мыйзам өзгөргөн сайын башкаруу системи алмашат. Ошого жараша көп мыйзамдар мамлекеттик түзүмдөрдөгү башкаруу системинде өзгөрүү болуп жатат. Ал өзгөртүү бүтө электе кайрадан референдум болуп жатат. Баш мыйзам 12 жолу өзгөрдү. Мамлекетте туруктуулук жок болуп жаткандыктан, ордубуздан жыла албай жатабыз. Конституцияны өзгөртүү дегенде бир гана бөлүмгө көңүл бурулат. Бул президенттин, парламенттин укугу. Ушул процесске Бекназаровдун катышып жатканы мени өкүндүрөт", - дейт Кадырбеков.
КЕЛДИБЕКОВ: "Конституцияга өзгөртүү киргизүү бул учурдун талабы"
Саясатчы Ахматбек Келдибековдун пикиринде, Конституцияда көп мүчүлүштүктөр бар. "Конституцияга өзгөртүү киргизүү бул учурдун талабы. Баш мыйзамда көп мүчүлүштүктөр бар. 2010-жылы Конституция жалпы элдик талкууга коюлбай, бүдөмүк түрдө шашылыш кабыл алынып калган. Мисалы, ошол жерде мамлекеттин тышкы, ички саясатын ким аныктай турганы жазылган эмес. Кийин мамлекеттин тышкы саясатын президент аныктайт деп мыйзам менен кабыл алынган. Бул Конституцияда каралган эмес. Ушуга окшогон нерселерди талкуулап алышыбыз керек. Шайлоо процессин жана башка өзгөртүүлөрдү киргизиши керек деп эл айтып жатат. Бул коомдун талабы", - дейт Келдибеков.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Элдик курултай" кыймылы улуттук маңызда Конституция жазыш керек деп айтып жатабыз"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев конституциялык реформа жасаш керектигин айтты.
"Мурун көп учурларда президенттер өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн өзүнө ыңгайлуу Конституцияны жазып, ошону каалагандай бычышкан. Азыр болсо биз "Элдик курултай" кыймылы улуттук маңызда Конституция жазыш керек деп айтып жатабыз. Ошонун негизинде конституциялык реформа жасоо зарыл", - дейт Дүйшөбаев.