Биринчи Май районунун акимиаты Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Сот акимиаттын өтүнүчүн канааттандырды. Бул чектөө коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында болуп жатканы жүйөлөрдүн бири катары айтылды. Бирок коомчулукта митингдерге тыюу салуунун максаты башка экени дагы талкууланууда.
SUPER.KG порталы "Бишкектин райондук соту коронавирус жайылат деген жүйөлөрдүн бири менен 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Соттун чечими Конституцияга каршы келбейби?" деген собол салды.
СУЛТАН: "Бийлик элдин чогулуу эркиндигин чектеп, элге кулдай мамиле кылып жатат"
Экс-элчи Кылычбек Султан Конституцияга ылайык, эл бийликтин ээси экенин белгиледи.
"Демократиялык деп эсептелген өлкөлөрдө адам укугу, эркиндиги эң башкы орунда турат. Конституциябызга ылайык, бийликтин ээси – эл. Ошондуктан элибиз өзүнө кызмат кылган бийликке өз үнүн жеткирүүгө жана ал үчүн митингдерге чогулууга толук укугу бар.
Соттун митингдерге тыюу салуусу – элди табигый эркиндиктеринен ажыратууга барабар. Мындай чечим Конституцияга гана каршы келбестен, жалпы демократиялык баалуулуктарга да каршы келет.
Мамлекеттик органдар тескерисинче, элибизге өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууга жардам бериши, шарт түзүп бериши керек. Ал эми айтылып жаткан коронавирустун жайылуу коркунучу бар болсо, анда мамлекет алгач элдин эркиндигин чектебей турган башка бүт чараларды жасаш керек эле.
Мисалы, эл көп чогулган жайларда элди бет кап, антисептикалык каражаттар менен бекер камсыз кылышы керек эле. Ошол эле митингге келгендерди кордобой, тескерисинче коргоо аракеттерин көрүшү керек эле. Тилекке каршы, бийлик элдин ишениминен кетип, жада калса ушул ооруну да өздөрүнүн ыңгайы үчүн колдонууда.
Дагы бир жолу айтам, Конституциябызга ылайык, эл бийликтин ээси. Бийлик элдин чогулуу эркиндигин чектеп, элге кулдай мамиле кылып жатат. Ал эми демократиялык өлкөдө бийлик элдин кулу болуш керек", - дейт Кылычбек Султан.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Мыйзамга каршы келбейт, бирок бул чечимдин негизи башка маселе болсо керек"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул чектөөнүн максаты башка экенин айтты.
"Тыюу салуунун негизги себеби башкада болсо керек. Азыркы учурда эл өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерине нааразы болуп жатат. Ошого карата митингдер болбосун, элдер көчөгө чыкпасын деген гана аракеттер болууда. Коронавируска тиешеси деле жок болуш керек. Эгерде коронавируска тиешеси болсо, чек араны бекемдеп, өлкөгө келип жаткан кытайларды киргизбейт эле. Кээ бир жерлерде митингдерди токтотуу менен коронавирусту токтото албайбыз. Той, аштар болуп жатат. Чиркөө, мечиттерге эл чогулууда. Ошол жалгыз митингден коронавирус жайылып кетет бекен? Бул мыйзамга каршы келбейт, бирок чечимдин негизи башка болсо керек деген ойдомун", - дейт Мукар Чолпонбаев.
ОШУРАХУНОВА: "Ар кандай шылтоо менен эркиндиктерди тыюу туура эмес"
Укук коргоочу Динара Ошурахунова соттун бул чечими Конституцияга каршы келет деген пикирин айтты.
"Сот Конституцияга ылайык, чечимдерди кабыл алышы керек. Ар кандай шылтоо менен эркиндиктерди тыюу туура эмес. Биринчи Май райондук соттун чечими Конституцияга каршы келет. Бул атайын ар кандай шылтоо менен Аялдардын күнүндө өтө турган аялдарды коргоо боюнча атайын акцияга чыгайын деген активисттерге бут тосуу", - дейт Ошурахунова.
СУЛТАНБЕКОВ: "Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталбаса деле сот ушундай чечим чыгарганы таң калтырып жатат"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков азыркы учурда дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны арбын болуп жатканын белгиледи.
"Коронавирус катталган өлкөлөрдө эмнегедир соттор митинг өтпөсүн деген чечимдерди чыгарышкан жок. Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталбаса деле сот ушундай чечим чыгарганы таң калтырып жатат. Коронавирус катталган өлкөлөрдө жарандардын укугун бузган чечимдер кабыл алынган жок. Жадакалса Кытайда дагы сот мындай чечим чыгарган жок. Кыргыз мамлекетинде митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча соттун чечими түздөн-түз Конституциясынын 34-беренесин бузуп жатат. Бул бийликтин элден коркконун көрсөтүп турат", - дейт Темирлан Султанбеков.
МЫРЗА: "Митингдерге тыюу салуу коронавируска байланыштуу болсо, анда бүт базарларды да жабыш керек"
Жарандык активист Айбек Мырза митингдерге тыюу салуу коронавируска байланыштуу болсо, анда бүт базарларды да жабыш керектигин айтты.
"Соттун чечими Конституцияга каршы келет. Өлкөдө Конституцияга каршы келген аракеттер болбош керек. Соттун чечими бийликтин кызыкчылыгына ылайыктап чыгарылып жатат. Митингдерге тыюу салуу коронавируска байланыштуу болсо анда бүт базарларды жабыш керек. Митингдин саны ар кандай болот. Так санды белгилеш керек эле да. Бир адам жалгыз митинг өткөрүшү мүмкүн да. Бул кадам туура эмес. Мамлекеттеги саясий чыңалууну жасалма түрдө басуу аракети болуп жатат", - дейт Айбек Мырза.