КҮНСОБОЛ: Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?

2019-жыл

2018-жыл

Кечээ күндөн тартып социалдык тармакта президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүү мекемелеринин жетекчилери - аял кишилер менен бара жатып кол чатыр кармап жүргөндөгү сүрөттөрү интернетте талкууланууда. Маалым болгондой, президент 6-февралда Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барып, абал менен таанышкан. Ал учурду өлкө башчынын жеке фотографы Султан Досалиев тартып, жарыялаган.

Андан кийин интернет желесинде Жээнбековдун бул жүрүм-турумун мактагандардын саны көбөйүп алкап жатышты. Ошол эле учурда президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүүсү кадыресе эле көрүнүш болуш керек экенин, президент катары жасаган иштерине көңүл буруу маанилүү экенин жазгандар чыкты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президент кол чатырын өзү көтөргөнү өлкөнүн көтөрүлүшүнө канчалык таасирин тийгизет?" деген собол салды.

ОСМОНАЛИЕВ: "Президент кол чатырын өзү көтөрбөгөндө ким көтөрмөк эле?"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев президенттин кол чатырын өзү көтөргөнүн чоң иш жасагандай баалоо туура эмес экенин айтат.

"Президенттин кол чатырын өзү көтөрбөгөндө ким көтөрмөк эле? Ушундай эле көз карашта карасак туура болмок. Социалдык тармактарда анын кол чатыр көтөргөнүн алкап, талкуулап жаткандарга чынында таң калдым. Бул сөз кыла турган деле эпизод эмес да.

Эгерде президент 10 миң, же макул, 1000 киши иштеген заводду курдуртуп, ошонун ачылышына барып жакшы кептерин айтса анда мактоого алсак болот эле. Ошондо анын "пиарчылары" чыгып алып аны пиар кылса болот эле. Мен ал кишини жакшы билген адам катары айтайын, ага мындай пиардын кереги жок, ага карабастан жанында жүргөн адамдар анын аброюна шек келтире турган ушундай майда-чүйдө иштерди жасап жатышат.

Маселен, кечээ президент билим берүү багытында, физика, математика предметтери боюнча окутууну күчөтүү тууралуу жакшы пикирлерди айтты. Буга эч ким маани берген жок. "Мен кыйын, мен алдыңкы интеллигентмин" деп аны курчап жүргөн адамдар ушундай иштерге барып, анын аброюна шек келтиргенине өкүнөм.

Чет мамлекеттерде кол чатыр көтөрмөк тургай, жумушуна жөө, коомдук транспорт менен барып келген жетекчилер бар экенин билебиз. Биз үчүн да өлкө башчынын кол чатыр көтөргөнү кадыресе көрүнүш болушу керек", - дейт Осмоналиев.

САСЫКБАЕВА: "Жээнбеков Атамбаев кетирген каталарды оңдоп, саясий куугунтук менен камакта отургандарды чыгарса көп элдин көңүлүн бурмак"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын айтымында, президенттин кол чатырын көтөрүп жүргөн сүрөтүн башкаларга үлгү болсун деген жүйөө менен жарыялашкан.

"Анткени өлкөдөгү кээ бир депутат, министр жана башка бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн мансабына чиренип кол чатырын да көтөрбөй калган. Ошол нерседен улам өлкө башчынын бул сүрөтү элдин көңүлүн бурду.

Бирок албетте, президенттин негизги милдети - элге кызмат кылуу, ошол кызматын канчалык жемиштүү кылды деген маселе болуш керек. Ошол эле кезде Жээнбеков бир кезде өзү жанында жүргөн, жаман иштерге барбай турганын билген эле адамдар саясий куугунтук менен түрмөдө жатат. Алардын күнөөсүз экенин билсе да унчукпай, түрмөдөн чыгарбай жатат. Андан көрө Атамбаев кетирген каталарды оңдоп, саясий куугунтук менен камакта отургандарды чыгарса социалдык тармактагы гана эмес, жалпы элдин көңүлүн бурмак. Азыр эми алардын тагдырына балта чапкандай эле болуп калып жатат да", - дейт Сасыкбаева.

НЫШАНОВ: "Бизде доклад окуганы келген министрлердин папкасын жардамчылары көтөрүп келет. Ошолорго сабак болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов президенттин кол чатырын өзү көтөрүп жүрүшү анын тарбиясынан кабар берерин айтат.

"Ар бир адам чоң кызматка келгенде мурунку алган билими, ата-энесинен алган тарбиясы көпчүлүк учурда ачык көрүнүп калат. Кыргызда "күн көрбөгөн күн көрсө күндүзү чырагын жагат" деген сөз бар. Ошол үчүн бул анын жөнөкөйлүгү деп ойлойм.

Жакында эле Англиянын премьер-министри парламенттен чыкканда 3-4 том папкасын өзү көтөрүп чыгып, унаага салганын көрдүм. Аны жанымда тургандарга “карагылачы” деп көрсөттүм. Ал эми бизде министр доклад окуганга келсе папкасын өзү көтөрүп чыкпайт да. Ал жумушту жардамчылары аткарат", - дейт Нышанов.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Президенттин кол чатыр көтөргөнүн даңктабай, орчундуу маселелерди талап кылышыбыз керек"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров президент баатырдык кылгандай эле кечээ күндөн бери социалдык түйүндөрдө аны мактап жаткандарга нааразы экенин айтты.

"Биз өтө эле майдачыл болуп баратабыз. Президент баатырдык кылгансып кечээ күндөн бери эле социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жатат. Президенттин кол чатыр көтөргөнүнөн башка маселелер көп. Саясатчылар, журналисттер, активисттер Сооронбай Жээнбековдун кол чатыр көтөргөнүн баалап, даңктап жатканы өкүнүчтүү. Жээнбеков президент болгондон баштап бүгүнкү күнгө чейин аткарган иши жок. Убакыт өтүп жатат. Ал досунун таасиринен чыга албай жатабы? Дача-СУ аймагына кулаган учактагы жүктүн ээси ким экенин, күнөөлөрү далилденбеген саясатчылардын ишин кайра кароону талап кылсак болмок", - дейт Токтонасыров.

КАЧКЫНБАЕВ: "Бул жакшы көрүнүш, бирок президентти башка иши менен пиар кылышса болмок"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев президенттин кол чатыр көтөргөн сүрөтүн башка чиновниктерге үлгү болсун деп чыгарышкан деген оюн билдирди.

"Президент өзүнүн кол чатырын көтөргөнү жакшы эле көрүнүш. Сүрөттү социалдык түйүндөргө чиновниктердин бардыгы президенттей жөнөкөй болсо деген мааниде, жакшы ой менен чыгарышса керек. Ошол эле учурда күлкүлүү жагы да бар. Антип сүрөт чыгарышпаса деле кол чатырды өздөрү көтөрүшү шарт. Мындай пиар кылуунун кереги бар беле? Президентти башка иши менен пиар кылышса болмок", - дейт Качкынбаев.

МАМАСАЛИЕВ: "Жардамчыларына кол чатыр карматып койгон чиновниктерди баарыбыз билебиз"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев президенттин кол чатыр көтөргөнү башка чиновниктерге үлгү болушу керек деген пикирин айтты.


"Менин оюмча, бул бүт кыргыз чиновниктерине үлгү болушу керек. Эгер ушул таасир этсе бул да жакшы көрүнүш. Бизде кээ бир жетекчилер өздөрүн элден жогору ойлойт. Алардын алдына кызыл килем төшөп, үстүнө зонтик карматышат. Бир нече жолу чиновниктердин жардамчылары күндүн аптабында кол чатыр көтөрүп чуркап жүрүшкөнүн баарыбыз билебиз. Элге ошол сүрөт жакса, анда эл туура түшүнүп, туура кабыл алды", - дейт Мамасалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан