КҮНСОБОЛ: Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?

Үч жылдан бери Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматка кайтып келбес беренеси менен иштен айдалган. Ал коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кеткенин билдирген. Буга чейин ал инспекциядагы көйгөйлөр боюнча жетекчиликке кайрылганын айткан. Анын сунуштарына көңүл бурулбагандыктан 11-июлда плакат көтөрүп алып, кесиптештерин таза иштөөгө чакырган. Аталган мекеменин директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат катчы нааразычылык акциясын өткөргөндүгү үчүн жумуштан алынганын билдирген. Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасаган. Президент маалымат катчы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында Экологиялык жана техникалык инспекциясында мыйзам бузуулар болгондугу аныкталганын айтты.

SUPER.KG порталы "Президентке мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты "ортомчуларсыз" кантип жеткирүүгө болот?" деген собол салды.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Президент экотехинспекциянын маалымат катчысынын кайрылуусуна ыкчам реакция кылды"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев белгилегендей, мамлекеттик мекемелердеги коррупция тууралуу маалыматты берүү үчүн президенттин сайты, "каттар.кг" деген сайт аркылуу кайрылса болот.

"Электрондук же кат түрүндөгү маселелер боюнча ар бир кызмат абалына ээ болгон адам мыйзамга ылайык, катты окууга жана жооп бергенге милдеттүү. Мурда 30 күндүн ичинде жооп бериши керек болсо, азыр 15 күндүн ичинде жооп бериши керек. Кимде катты электрондук түрдө жөнөтүүгө шарт жок болсо, почта аркылуу жөнөтсө болот. Президентке кайрылууну маалымат каражаттары аркылуу жөнөтсө болот. Ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу. Алар маселеге көңүл бурбай койсо мыйзам алдында жооп берет. Экотехинспекциясынын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусуна президент ыкчам реакция кылды. Бирок берген маалыматтар тастыкталган маалымат болушу шарт. Анткени жоопкерчилик бар", - деди Жээнчороев.

МАМЫТОВ: "Коррупцияны жоюш үчүн буга эл өзү кызыкдар болуш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов коррупция менен күрөшүү бардык адамдарга тиешелүү маселе экенин айтты.

"Коррупциялык элементтерди жаратып жаткан мыйзамсыз аракеттер кызматтагы адам менен ага келген адамдын ортосунда түзүлөт. Демек, ал маселелерди жоюш үчүн, биринчиден, элибиз бул нерсеге каршы күрөшүүсү керек. Буга толук шарттар ачылган. Ар бир органда ишеним телефондору бар. Ошолорго кайрылып, пара талап кылып жатканы боюнча кайрылса болот. Мындан тышкары президенттин интернет-сайты, интернет аркылуу да кайрылып күрөшүү керек. Коррупция менен күрөшүүгө эки тарап тең кызыкдар болушу керек", - деди Мамытов.

МАТРАИМОВ: "Ар бир мекемеде коррупцияга каршы бөлүмдөр бар, бирок бардыгына жетиш кыйын"

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө коррупциялык фактылар боюнча президентке каалагандай жеткирсе болот.

"Коррупция боюнча интернет аркылуубу, кат аркылуубу же көчөдө кыйкырыппы, айырмасы жок. Маалыматтар президентке түздөн-түз жетип жатат. Мисалы, Экотехинспекциянын жана “Темир жолу” ишканасынын кызматкерлеринин кайрылуулары ачык жетти. Булардын бардыгына Коопсуздук кеңешинин катчысы көңүл буруп жатат. Биздегидей ачыктык дүйнө жүзүндө эч жерде болбосо керек. Өлкөдөгү ар бир мекеменин өзүндө коррупция менен күрөшүү боюнча өзүнчө орган бар. Алар иштеп жатышат, бирок бардыгына жетиш кыйын", - деди Матраимов.

РЫСАЛИЕВ: "Президент кааласа ортомчулары жок эле коррупциялык иштерди билип алат"

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин айтымында, президент кааласа кайсы жерде коррупциялык иш бар экенин билип алат.

"Коррупция биздин ар бир күнүмдүк жашообузда кездеше турган нерсе болуп калды. Президент кааласа ортомчулары жок эле ар бир жердеги коррупциялык ишти билип алат, мунун кыйынчылыгы жок. Президентке жеткириштин жолу көп, мисалы, ЖМК өкүлдөрү бар, ар бир жаран кат жазса болот. Коррупцияны бир күндө же бир айда жоюп салууга мүмкүн эмес, убакыт керек. Коррупция менен күрөштү тынымсыз уланта берсе акыры аягына чыгат. Биздин өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүгө президент Сооронбай Жээнбековдун 6 жылдык мөөнөтү толук кетиши мүмкүн, ошондо да аягына чыгарууга мүмкүн эмес", - деди Рысалиев.

НАРЫН АЙЫП: "Ар бир ишти чечүү президенттин иши эмес, тийиштүү кызматтар чечиши керек"

Журналист Нарын Айыптын белгилешинче, ар бир ишти президент эмес, ага чейинки тийиштүү кызматтар гана чечип коёрун, чече албаганы иштебегенинин белгиси экенинен кабар берет.

"Президентке коррупциялык иштерди жеткирүү үчүн өзүнүн атайын суроо-талаптар боюнча сайты аркылуу деле жеткирүүгө болот. Ал каттарга сөзсүз жооп берилиши керек деп ойлойм. Көп адамдар президент көңүл бурсун деп көп иштерди айтат, бирок анын баары эле президенттин иши эмес, аны алдындагы тиешелүү адамдар эле бүтүрүшү керек. Экотехинспекциядагы ишти айтып чыккан Анара Мамбеталиева деле сөзсүз президентке кайрылышы керек беле, тийиштүү жерлерге айтса болмок. Экотехинспекция өкмөткө карайт да, ошол өкмөт эле ишти бүтүрүп, чечип коюшу керек, чуу чыгаруунун кажети жок болчу. Ишти чече албайбы, демек, өкмөт иштебейт. Баары эле өйдө жактан эмне буйрук келет деп карап отурушат", - деди Нарын Айып.

МАМБЕТАЛИЕВА: "Экотехинспекциясынын жетекчилигине үнүм жетпей калганда аргасыздан президентке кайрылдым"

Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева президентке кайрылардын алдында инспекциянын жетекчилигине 10-15 жолу киргенин билдирди.

"Мен дароо эле президентке кайрылган жокмун. Буга чейин инспекциянын ичиндеги кемчиликтерди, кадр жетишсиздигин, ошондой эле коррупцияга катыштыгы бар деп күмөн санаган адамдар тууралуу айтып келгем. Ички жыйындарда элдин нааразычылыгын жокко чыгаруунун негизинде коом менен тыгыз байланышта таза, так иштейли деген сунуштарымды киргизгем. Жетекчиликке кирип коррупцияга катыштыгы бар деп күмөн санаган адамдардын аттарын атап, ушул кызматкерлерге чара көрүп бергиле деп кайрылгам. Бул маселе кечээ эле чыга калган жок. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чакырыгына ылайык, мен кадр саясатын өзгөртүп, кесипкөй адистерди алалы деп чакыргам. Эч кандай акция, митинг же баш аламандык уюштурган эмесмин. Өзүмдүн кесиптештеримди таза иштөөгө чакыргам. Бул чакырыкты жайдын башында эле баштагам. Качан гана сунуштар ишке ашпай, мага карата катуу чара көрүлгөндөн кийин аргасыздан коомчулукка айтып чыкканга туура келди. Мени мыйзамсыз жумуштан кетиргенден кийин бир нече жолу жетекчиликке кирдим. Жетекчиликке үнүм жетпей калганда президентке кайрылууга аргасыз болдум. Жалгыз коррупцияга каршы күрөшкөнгө алым жетпей турганына көзүм жетти. Акыркы кадамым президентке кайрылуу болду", - дейт Мамбеталиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан