Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жана Кадамжай районунда эки күндө 6 адам өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка байланыштуу жыйын өткөрдү. Ал көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
SUPER.KG порталы "Баткенде өз алдынча көмүр казган 6 адам каза болду. Бул мындай биринчи кырсык эмес. Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында эмне үчүн тийиштүү иштерди алдын ала жүргүзбөйт?" деген собол салды.
ЖАМАЛДИНОВ: "Кен казган жерлерге өкмөт көңүл бурушу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун пикиринде, мындай окуянын алдын алуу үчүн өкмөт тез арада көңүл бурушу керек. "Кен казган жерлерге өкмөт көңүл бурушу керек. Алар өз алдынча барып көмүр казып жатса, салык да түшпөйт. Туура түшүнөбүз жарандардын жумушу жок болуп, уруксатсыз көмүр казганга барып жатышат да. Буга өкмөт тез арада көңүл бурушу керек. Бизде качан өлүм, чыр-чатак чыкмайынча мындай маселелер каралбайт", - дейт Жамалдинов.
МОМБЕКОВ: "Шахтадагы көмүр казуу көр тиричиликке барып такалат"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жергиликтүү бийлик бул маселенин алдын алышы керектигин жана баары келип көр тиричиликке такала турганын айтты.
"Менимче, аталган маселени өкмөт алдын албай жатат. Бул нерсенин баары эле айланып келип көр тиричиликке такалат. Ал жакка көзөмөл кылыш үчүн адамдарга жумуш берилиши керек. Эгер алардын иштеген иши жок болсо, бөгөт коюлбайт. Кеп ошондо болуп жатат. Жергиликтүү бийлик бул нерсени эске алса болмок жана тиешелүү чараларды көрүшү керек эле. Шахта казган адамдардын коопсуздугу үчүн деп шахталарды жаап, киргенге уруксат берилбеши керек болчу. Жергиликтүү бийлик, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы булардын алдын алууга милдеттүү болчу. Кандай болгон күндө дагы ал жерде адам өмүрү кыйылып жатат. Өкмөт бул маселеге мыйзам же токтом менен бөгөт коё албайт. Бул жерде жергиликтүү бийлик тарабынан аракеттер жүргүзүлбөй калган.
Аталган инспекция шахталарды жабышы керек болчу. Ал гана эмес каза турган адамдарга айып пул салынышы шарт эле. Мына ошону караган эмес да. Керек болсо ал жердегилер чоң ишкерлер. Мисалы, казып чыккан көмүрдү 100 сомдон алып, кайра эле алып чыгып 200 сомдон сатышат. Бул көр тиричиликтин айынан жана ал жерде эч кандай шахталардын баарын жеке ишкерлер өздөрү алып алышкан. Анан ал жакка түшүп алып иштешет. Албетте, ал жактагы шахталардын бардыгы мурда эле жабылып, казганга болбой тургандыгы айтылган. Адамдар чынында мыйзамсыз казып жатышат. Анан ошолорду карап көзөмөлдөшү зарыл. Бул өкмөттүн шалаакылыгы", - деди Момбеков.
КАРАШЕВ: "Элдин коопсуздугу үчүн көмүр казуу боюнча өкмөт көзөмөлдү күчөтүшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мындай көрүнүш бүгүн эле болуп жатпаганын эске салды. "Өкүнүчтүү окуя болду. Бул нерсе бүгүн эле болгон жок. Буга чейин деле болуп келген. Чоң шахталар токтоп калгандан кийин ушундай окуялар болуп жатат. Ал кишилер дагы жыргаганынан көмүр казып жаткан жок да. Алар да үй-бүлөсүн багайын деп көмүр казып жатышат. Ошол эле мезгилде мындай окуялар болбошу үчүн мамлекет тарабынан катуу талаптар коюлушу керек. Өкмөт көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Жергиликтүү бийлик дагы катуу көзөмөлгө алып, жарандарга эскертүү бериши шарт. Мындайга жол берилбеши керек", - дейт Карашев.
ОРОЗОВА: "Адам өлүмү болгон жерде бирөө жоопкерчиликке тартылышы керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы ушундай көрүнүштөрдү көзөмөлдөшү керектигин айтты.
"Мындай окуя жыл сайын болот да. Ошондуктан техникалык жагын караш үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы бар. Өкмөт аларга талапты күчтүү коюп, алдын ала текшерип турушу керек. Ушунун бардыгы мыйзам чегинде талап кылынбагандыктан болуп жатат. Адам өлүмү болгон жерде бирөө жоопкерчиликке сөзсүз тартылышы керек", - дейт Орозова.
РЫСПАЕВ: "Өз алдынча көмүр казгандарды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өз алдынча көмүр казгандар көп, өкмөт анын ар бирин көзөмөлдөй албайт деген пикирде.
"Буга өкмөттүн шайы келбей, жетише албай жатат. Өз алдынча көмүр казып жаткандар көп. Элдин коопсуздугун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы карап чыгышы шарт. Тартип бузуулар болуп жатат. Өз алдынча көмүр казгандарды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөшү керек", - дейт Рыспаев.
АЙБАЛАЕВ: "Көмүр казууда көзөмөл болбосо, кырсыктар боло берет"
Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев көмүр казуу татаал маселе экенин, бул тармакта коопсуздук жагы өтө кылдат болушу керек экенин айтты.
"Көмүр өндүрүү менин билишиме караганда, советтер союзу учурунан бери келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Бул тармакта коопсуздук жагынан өтө чебердик, биримдик менен иш жүрбөсө, ал жерде дайым ушундай кырсыктар болуп турат. Ошондуктан көпчүлүк кендер менчиктештирилип, сатылып кетти. Ал жерде көзөмөл кандай, аны ким көзөмөлдөйт деген суроого жараша болушу керек. Мындан улам ал жердеги негизги көйгөй көзөмөлдүн начардыгы, жоопкерчиликти сезбегендиктен болуп жатат. Мурун көзөмөлдөгөндөр болот эле. Азыр кандай болуп калды, аны айта албайм. Бирок текшерип турган органдар бар. Ал тараптарга максималдуу текшерип турганга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Көзөмөл катуу болушу зарыл. Ошол жерди ишке ашырган адам көмүрдү казып келүү боюнча бардык тартипти чеги менен сакташы шарт. Көмүр казуу бул өтө кооптуу кендердин бири болгондуктан, бул татаал тема. Бул тармакты мамлекет жетекчиликке алып, көзөмөлдөп турушу керек. Эгер көзөмөл жок болсо, ушундай окуялар боло берет", - деди Айбалаев.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Өкмөт элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш-чараларды күчөтүшү керек"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров белгилегендей, адамдардын кырсыкка учурап, аягы өлүм менен бүткөн окуя биринчи жолу болгон жок.
"Ушундай окуялар болгондо өкмөттөгүлөр кайгыргандай түр көрсөтүшүп, кайра унутуп калышат. Алар эмнеге коопсуздукту колго алышпайт? Эгерде өкмөт тиешелүү көңүл буруп, алар менен байланышта болсо мындай кырсык болбойт болчу. Көмүр казып, каза болгондорду "уруксаты жок көмүр казды" деп айтып жатышат. Мындай сөзгө каршымын. Алардын жумушу жок болсо көмүр казганга барышат да. Өкмөт андай жерлерге коопсуздук иш-чараларын күчөтүшү шарт. 6 жарандын каза болгонуна өкмөттү күнөлөш керек. Бул үчүн өкмөт отставкага кетиши зарыл", - дейт Токтонасыров.