Бир канча күндөн бери Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатканы көптөрдүн көңүл чордонунда болуп жатат. Бүгүн, 19-декабрда депутаттар шаарды каптаган ышка өкмөт көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты. Депутат Марлен Маматалиев бул көйгөйгө көңүл бурулбаса, өкмөт кетсин деген маселесин дагы көтөрүп чыгарын билдирди.
SUPER.KG порталы "Депутаттар өкмөт Бишкекти каптаган ышка көңүл бурбай жатканын айтышты. 1 миллиондой киши жашаган борбор шаардын калкынын саламаттыгы өкмөттү эмне үчүн ойлондурбайт?" деген собол салды.
ТОКТОШЕВ: "Өкмөт бул маселе боюнча эч кандай чара көрбөй жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев тийиштүү мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин караш керек деген пикирде.
"Бул маселени депутаттар көп көтөрүп жатат. Биз канчалык айтканыбыз менен өкмөт көзгө көрүнө турган иш жасаган жок. Эч кандай жыйынтык жок. Тийиштүү мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин караш керек. Мындай боло турган болсо, премьер-министрдин өзүнүн жоопкерчилигин караганга туура келет. Бул жерде биздин балдарыбыз жашайт. Мындай маселе бир эле депутаттардын көйгөйү эмес, жалпы шаардын маселеси да. Тийиштүү органдардын чабалдыгы болуп жатат. Демилге көтөрбөй жатышат", - дейт Токтошев.
ГАЙПКУЛОВ: "Бишкекти каптаган кара түтүн тууралуу маселени чечүү боюнча өкмөт деле ойлонуп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов бул маселе боюнча өкмөттү күнөөлөгөн болбой турганын айтты.
"Кара түтүн унаалардын эле көптүгүнөн эмес, көп жерлерде көмүр жагылгандыктан каптап жатат. Көмүрдүн сапаты начар болууда. Ар түрдүү көмүр келип жатат, аны тийиштүү органдар көзөмөлдөбөй жатышат. Көзөмөлдөгөндө элге арзан көмүр керек болгон үчүн көз жумулууда. Өкмөт өзү деле бул маселени кантип чечишти ойлонуп жатат. Бул бир күндө чечиле турган маселе эмес. Өкмөттү күнөөлөгөн болбойт. Комплекстүү түрдө иш алып баруу керек", - дейт Гайпкулов.
КУТМАНОВА: "Бишкекти каптаган кара түтүндү жок кылуу боюнча президент өзү тапшырма бербесе, жыйынтык чыкпайт"
Эколог Динара Кутманова бул маселеге өкмөт көңүл бурбай жатканын белгиледи. "Бишкекти үч жылдан бери ыш каптап жатат, эч кандай жылыш жок. Жылдан-жылга күчөп жатат. Быйыл такыр эле абал начар. Бул маселени мэрия чечет деген туура эмес. Мэриянын кээ бир жерлерге күчү жетпейт. Премьер-министр өзү кийлигишип, иш кылмайынча бул маселе чечилбейт. Өкмөт шалаакы мамиле кыла берсе, эмки жылы деле ушундай болот. Мындан да жаман абал түзүлөт. Өкмөт эмес, президент да кийлигишиши керек. Бишкекти каптаган кара түтүндү жок кылуу боюнча президент өзү тапшырма бербесе, жыйынтык чыкпайт", - дейт Кутманова.
ОРМОНОВ: "Бишкекти каптаган ышка өкмөт такыр көңүл бурбай жатат деген туура эмес сын-пикир"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов өкмөт тарабынан иштер жүрүп жатканын айтты.
"Бул маселеге өкмөт такыр көңүл бурбай жатат деген туура эмес. Бишкек шаарынын өзүнүн өзгөчө макамы бар. Бишкектин шаардык кеңеши, башчысы бар. Алар өздөрү көп нерселерди кылып жатышат. Өкмөт тарабынан электромобилдерди салыгы жок киргизүү каралды. Өкмөт бул маселеге такыр эле көңүл бурбай отурат деген туура эмес сын-пикир", - дейт Ормонов.
МАМАШОВА: "Бишкекти каптаган кара түтүндү экономикалык маселе деп айтса болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова кара түтүндү экономикалык маселе деп айтса болот. "Кара түтүн жылытуу мезгилинде пайда болот. Көмүр менен үйлөрдү жылытканда дагы тургундар өздөрүнө билинбегени менен абдан чоң зыян келтиришет. Көмүрдөн башка ар кандай нерселерди отко салганда зыяны тиет. Ошондуктан бүгүнкү күндө газификацияга көңүл буруу керек. Тилекке каршы, газификацияны карап көрсөк газды үйгө чейин алып баруу маселеси дагы кымбат. Газификация кымбат болуп калат экен. Көмүр менен үйдү жылытуу үчүн бир күнгө 100 сом кетсе, газ менен жылытууга 150 сом кетет экен", - дейт Айсулуу Мамашова.
ТУРУСБЕКОВ: "Шаарды кара түтүн каптап жатканы боюнча депутаттар кыйкырышууда, өкмөт, мэрия уктап жатышат"
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбековдун айтымында, шаарда бул маселени көтөрбөгөн адам жок.
"Бул өтө чоң көйгөй. Кыш келгенге эки эле жума болду. Дагы эки жумадан кийин үч ай кыш болот. Монголияда түнү электр энергияны акысыз кылып отун, көмүрдү жакпай, абаны тазалап жатышат. Биз кыйкырып жатабыз өкмөт, мэрия уктап жатышат. 1 миллион адамдын ден соолугу кандай болот? Биздин шаарыбыз коопсуз шаар эмес, кооптуу шаар болуп калды. Эң кир шаарлардын бири болуп калды. Кара түтүндү жок кылууга эрк керек. Өкмөт чара көрүшү шарт", - дейт Турусбеков.