КҮНСОБОЛ: Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?

20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү чоң чуу жаратты. Бул окуядан соң коомчулук милиция кызматкерлеринин шалаакылыгына нааразычылык билдирип, бийлик кеч болсо да буга көңүл бурган. Кийин кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган.

Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталы "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: "Кызматынан кеткен адамдын тикелей күнөөсү далилденсе, жазаланыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, милиция кызматкерлеринин моралдык жоопкерчиликти алып, кызматтан кеткени туура болду.

“Бул окуяны тергөө иликтеши керек, биз "жазалаш керек" дегенден алыс болушубуз зарыл. Ал жердеги окуяда милиция өлтүрүп койгон жок да, ал жерде шалаакылык болду. Милиция аларды кайраштырган жок, ал деген кырсык. Бирок булардын моралдык жоопкерчилиги бар, ошондуктан кызматтарынан кетишти, бул туура. Бул иш болобу, башка иш болобу, кызматынан кеткен адамдын тикелей күнөөсү далилденсе, жазаланыш керек”, - деди Шыкмаматов.

ЖАМАНГУЛОВ: "Бурулайдын өлүмү мамлекеттин аброюна шек келе турган окуя болду"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кыздын өлүмүнө жол берген кызматкерлерди кызматтан кетирип гана тим болбой, жазага тартыш керек деген пикирде.

“Бул мамлекеттин аброюна шек келе турган окуя болду. Мамлекет, өкмөт башчылары бул маселени талкуулап, тийиштүү тапшырмалар берилди, бул туура чечим болду. Милициянын шалаакылыгынын айынан бир эмес, эки адам зыян тартты, арыз түшүп, ыкчам иликтөө башталгандан кийин экөөнү бир жерге камабаш керек болчу. Бул иш боюнча тийиштүү адамдар кызматтан кетип эле тим болбой, жазасын алыш керек”, - деди Жамангулов.

БАЙПАКБАЕВ: "Жогорудан баштап кызматтан алган чечим туура болду"

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев Бурулайды өлтүрүүгө жол берген милиция кызматкерлерин кызматтан алуу - эң туура чечим болгонун айтты.

"Тилекке каршы, учурда тартиптүүлүк азайып баратат. Жогорудан баштап кызматтан алган чечим туура болду, биз ушундай бекем жол менен кетишибиз керек. Бул окуя чынында шалаакылык, ошонун айынан жаш кызыбыз каза болуп калды. Президент, премьер чечкиндүү кадамга барып, тапшырмалар берилип, тийиштүү адамдар кызматтан алынды.

Учурда ИИМдин ичинде мындан башка да көйгөйлөр бар, ошонун баары чечилиш керек. Кызматтан алуу менен гана чектелеби дегенде, окуя болгон жердеги нөөмөтчү жана башка тийиштүүлөрдү жоопко тартыш керек”, - деди Байпакбаев.

АЙЫП: "Биз мыйзам менен жашаганга көнө элек экенбиз"

Журналист Нарын Айыптын пикиринде, коом мыйзамдын аткарылышын сыйлоону үйрөнүүсү керек.

“Кызмат учурунда ката кетирсе, жазасын алыш керек. Азыр бизде кызматтан кетип калат, ошону менен маселе бүтүп калууда. Бизде туура эмес чечим чыгарган жетекчилер ошол учурда кызматтан кетип, бир жылдан кийин эле кайра иштеп жатышпайбы. Мындай көрүнүштү азыр башчыдан баштап баары эле жасап жатышат. Биз мыйзам менен жашаганга көнө элек экенбиз, эч ким мыйзам менен иштегиси келбейт, ушул нерсе коомдо чоң маселе болуп жатат. Кайсы бир башчы жоопко тартыларда "минткиле, тигинткиле" деп туугандары чуркап келет, мыйзамды кантебиз анда?

Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн бийликте отургандар үлгү көрсөтүшү керек. Чоңдор да, айланасындагылар да мыйзам бузса, аларга чара көрүлүп, иш аягына чыкса, жалпы коомчулук да ошого тарбияланат", - деди Нарын Айып.

НАМАЗААЛЫ: "Коомчулук туура эмес нерселерге өз оюн билдирүүгө даяр эмес"

Медиа эксперт Мирсулжан Намазаалы мындай чоң окуяларга тийиштүү чара көрүлүшү үчүн коом өзү даяр болуп, талап кылганды билиш керек деген пикирде.

"Учурда Грузияда мыйзамсыз аракет үчүн он миңдеген эл көчөгө чыгып, калыстыкты талап кылышууда. Бул коомдук аң сезим мыйзамсыз нерселерге каршы турууга даяр экенин тастыктап жатат. Ушундай каршылык көрсөтүүнүн арты менен кичинекей гана аткаминерлер эмес, чоң кызматтагылар да кызматынан кол жууп жатат.

Ал эми биздин өлкөдө ылдыйкы кызматтагылар гана сөгүш алып жаткандыгы - коомчулук туура эмес нерселерге өз оюн билдирүүгө даяр эмес экенинен кабар берет. Демократиялуу өлкөлөрдө мындай катачылык кеткенде чоң жоопкерчилик тартууга алып келет, кызмат учурунда шалаакылык кылса, жоопкерчиликке тартылыш керек, себеби кийинки келгендер ойлонуп, мурдагы кемчиликти кайталабаганга аракет кылат. Бизде кичине кызматтагыларды гана жумушунан алып койсо маселе чечилбейт, алар өзгөрүүнү жасай турган адамдар эмес да. Ошондуктан ушундай окуяларда майда кызматтагыларды гана кызматтан алуу маселени чечүүгө жардам бербей калышы мүмкүн”, - деди Намазаалы.

АКЫЛБЕК: "Бизде мыйзам иштебей жатат"

Блогер Нурсултан Акылбектин пикиринде, кызматтан алуу менен маселе чечилбейт, мыйзамдын иштешин көзөмөлдөш керек.

"Бул жерде ала качуу, кыз-келинге карата жасалган мамилени өзгөртүү керек. Бизде мыйзам бар, бирок иштебей жатат. Бир гана жоопкерчиликти күчөтүү менен чектелбей, мыйзамды таасирдүү иштетүүнүн жолдорун карап чыгышыбыз керек.

Эң маанилүү нерсе - коом ала качуу терс көрүнүш экенин билүүсү зарыл жана мыйзам иштеши керек. Ар бир кыз жана алардын туугандары, жакындары өз укугун билүүсү зарыл. Милиция кызматкерлери ар бир түшкөн арызга жооп берип, тийиштүү чараларды көрүүсү керек. Коомчулукта Бурулай да укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы айтылып жатат. Бирок тиги жигит жоопкерчиликке тартылган эмес экен. Ошондуктан жоопкерчилик менен иштөө зарыл", - деди Нурсултан Акылбек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан