КҮНСОБОЛ: Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?

Өткөн аптада интернет айдыңына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун журналистти "Тарбия көргөнсүңбү? Ата-энең барбы?" деп зекиген видеосу тарап, талкуу жараткан. Видеодо эл өкүлүнө кандай суроо берилгени тартылган эмес. Кийинчерээк ал журналист "Ачык саясат" гезитинен экендиги белгилүү болду. Ал: "Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы айтылган эле. Мындан улам ага Бишкек ЖЭБине байланыштуу суроону берейин дегенбиз. Бирок ал суроолорубузду укпай, жооп берүүдөн баш тартты", - деп билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Асылбек Жээнбеков комментарий алайын деген журналистти "тарбияң барбы?" деп зекиди. Депутаттын ЖМКларга карата ушундай мамилесине кандай карайсыз?" деген собол салды.

ЖОЛДУБАЕВА: "Депутат же мамлекеттик кызматкер болгондон кийин элге маалыматты ачык берип турушу керек"

Журналист Кундуз Жолдубаева белгилегендей, депутат, чиновниктер журналисттерге ачык болушу шарт.

“Негизи ар бир жарандын маалымат алууга толук укугу бар. Депутат же мамлекеттик кызматкер болгондон кийин элге маалыматты ачык берип турушу керек. Эл өкүлдөрү жана чиновниктер журналисттер менен сүйлөшүп, ачык баарлашканга бара беришпейт. Менин оюмча, алар элди кызыктырган маалымат берүүдөн коркпошу керек. Маалыматты коомчулукка жеткирүү үчүн журналисттерге ачык болуусу зарыл”, - дейт Жолдубаева.

САТАРОВ: "Журналисттер тарабынан көп учурда олдоксондук, тартипсиздик кетүүдө"

Коомдук ишмер Абды Сатаров өз көзүң менен көрбөгөн соң кандайдыр бир баа берүү оор деген ойдо.

“Абалга жараша болуп калган болушу мүмкүн. Мунуку туура же тигиники туура эмес деп айта албайм. Биринчи кезекте журналисттер мейли интервью алабы же башка кандайдыр бир суроо менен кайрылабы профессионалдык, нравалык принциптерин сакташы керек. Албетте, эгерде туура эмес өзүн алып жүрсө, туура эмес мамиле кылса, айрым учурларда башкача тон менен суроо берсе жооп берип жаткан адам тарабынан да ошондой жооп болот.

Чынын айтканда, учурда журналисттердин көбү өзүнүн профессионалдык нравалык принциптерин билбейт. Айта турган нерсе, журналисттер тарабынан көп учурда олдоксондук, тартипсиздик кетүүдө. Балким, ал киши башка абалда болгондур, анан орой суроо берилгендир. Анан биз, журналисттер “мындай кылды, тигиндей кылды” деп догуруна беребиз. Окуя чынында кандай болгонун катышпагандан кийин, өз көзүң менен көрбөгөн соң абалга баа берүү оңой эмес”, - дейт Сатаров.

МАМЫТОВА: "Асылбек Жээнбековдон башкача мамиле күтүүгө болбойт"

“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова Асылбек Жээнбековдун колунда бийлик бар үчүн журналисттерге ушундай мамиле жасады деген пикирин билдирди.

“Колунда кызмат, бийлик бар. Андан ошондой эле мамилени күткөнбүз. Башкача мамиле күтүүгө болбойт. Агасы президент болгонго чейин журналисттерге болгон мамилеси тууралуу угуп, көргөн эмесмин. Ал анда белгилүү саясий фигура эмес болчу да. Биздин редакциянын журналисттеринин бере турган 2 суроосу бар болчу. Биринчиси, “Акыркы кезде Асылбек Жээнбеков парламентти башкарып алды деген сөздөргө кандай көз караштасыз?” деген суроо.

Экинчиси, Нурбек Токтакунов соттук отурумга Асылбек Жээнбековдун чакыртылышын талап кылганы боюнча “Сотко чакыруу келсе барасызбы?” деп суроо беришмек. Бул редакциянын эле эмес, бүткүл Кыргыз жарандарынын күткөн суроосу. Ал “Ачык саясат” гезитине жооп бербейм” деп да айтыптыр”, - дейт Мамытова.

ИШЕМКУЛОВ: "Журналисттер жакшы сүйлөсө да, жаман сүйлөсө да саясатчыларга жакпайт"

Профессор Тилектеш Ишемкулов саясатчылар жана коомдук ишмерлер журналисттер менен тыгыз иш алып барса деген пикирин билдирди.

“Азыр кимдин башына муш тийбесин, акыры журналист күнөөлүү болуп калат. Анткени журналисттер жакшы сүйлөсө да, жаман сүйлөсө да жакпайт. Бул журналисттин ишинин татаалдыгынан кабар берет. Анткени журналист маалымат жеткирүү менен коомдун алдында жоопкер болуп саналат. Ошондуктан дүйнө боюнча журналистиканы төртүнчү бийлик деп тааныган. Кээ бир учурда журналисттер аныкталбаган маалыматтарды жазуу менен күнөөлүү болуп калат. Ошондуктан респондентке суроо берүүдө этияттык менен кайрылуу зарыл. Бирок саясатчылар болобу, коомдук ишмерлер болобу журналисттер менен пикир-келишпестиктерди жаратпастан тыгыз иштеши керек деп ойлойм”, - деди Ишемкулов.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Асылбек Жээнбековдун журналисттерге "тарбияң барбы?" дегени одоно көрүнүш"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак Үй базар эмес, депутаттар өздөрүн сабырдуу алып жүрүшү керек деген пикирде.

“Экс-спикер, президенттин бир тууганы, депутат Жогорку Кеңештин имаратында жүрүп, коомдун санитары болгон журналисттер кайрылса “тарбияң барбы?” дегени одоно көрүнүш. Журналисттердин ата-энесин сураганы дагы туура эмес. Депутат жоопкерчиликтүү адам болушу шарт. Анын журналисттерге өзүнүн үйүндө же базарда жүргөндөй мамиле жасаганы жат көрүнүш. Маалымат каражатынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтарын аткарып жүрөт да. Ак Үй базар эмес, депутаттар өздөрүн сабырдуу алып жүрүшү керек. Журналисттер ага оор тие турган суроо берсе дагы сылык жооп бериши зарыл”, - дейт Токтонасыров.

АКИМОВ: "Эл ишенип алып келген кишилер мындай маданиятсыздыгын көрсөткөнү туура эмес. Журналисттер да өзүнчө ыйык адам эмес"

Журналист Турат Акимов депутат менен журналисттин ортосунда пикир-келишпестиктен да мындай окуялар орун алышы мүмкүн экенин айтты.

“Журналист эч нерсени түшүнбөй эле суроо бере берсе депутаттын дагы ачуусу келиши мүмкүн. Журналисттер өзүнчө ыйык адам эмес да. Депутат менен журналисттин ортосунда мурунтан пикир-келишпестик болуп жүргөндүр же ал тууралуу туура эмес маалыматтарды жазып койгондур. Чындыкты жазам деп жаман көрүнүп калган журналисттир. Буга себептер көп.

Журналисттердин депутатты кетип бара жаткан жеринен кармап алып суроо бергени да туура эмес. Анткени респондент менен алдын-ала макулдашуу керек. Бул иште кимиси күнөөлүү экенин айта албайм. Бирок Асылбек Жээнбеков эл өкүлү болуп канча жылдан бери бийликте жүрөт. Ошондуктан Жээнбековдун маданияты жогору болушу керек. Жөн гана Жээнбеков “мен азыр сурооңузга жооп бере албайм, кечирип коюңуз” деп басып кетиши керек эле. Ал журналист менен айтышып отурбай. Кыргыздын тагдырын чечем деген киши, өзүнө чоң жоопкерчилик алган. Президент, депутатты акылдуу, элдин тагдырын ойлойт деген таризде эл тандап алып келет. Эл ишенип алып келген кишилерибиз мындай маданиятсыздыгын көрсөткөн туура эмес”, - деди Акимов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан