КҮНСОБОЛ: Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?

2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозёровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: “Темир жол тармагын Орусиянын көзөмөлүнө толук өткөрбөө керек”
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргыз мамлекети менен Орусия Кыргыз темир жолу тармагын биргелешип иштетүү керек экенин белгиледи.
“Темир жол тармагын Орусиянын көзөмөлүнө өткөрбөй, алар менен Кыргыз мамлекети биргелешип иштешсе болот. Эгерде темир жол иштеп турса, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына пайдасын тийгизе турган чоң-чоң кендерди иштеткенге толук мүмкүнчүлүк ачылат. Темир жол тармагын иштетүүнү толугу менен Орусияга өткөрбөй биргелешип иштөөнүн башка булактарын тапса болот”, - деди Турсунбеков.
АКАЕВ: "Кыргыз темир жолу" Орусиянын карамагына өтөт деген жоромолдор боюнча тиешелүү расмий кагазды көргөн жокмун"
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" Орусиянын карамагына өткөн же өтпөгөнү тууралуу кабардар эмес экенин айтты.
"Тиешелүү расмий кагазды көргөн жокмун. Эгер көрсөм айтып берем. Келишим ачыкка чыга элек да. Эптеп эле бийликти жаман көрсөткүсү келген маалымат каражаттарынын бардыгы келишимди көрбөй эле урдуруп жатышат, ал эми мамлекетти колдогон телеканалдар "жакшы болду, инвесторлор келди" деп жатат. "Кыргыз темир жолу" Орусиянын карамагына өттү деген маалымат канчалык чын экенин билбейм", - деди Акаев.
МАСАЛИЕВ: “Орусия менен Кыргыз мамлекети темир жол тармагын чогуу иштетүү максатын көздөп жатат”
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев темир жол тармагы эгемендүүлүккө коркунуч туудурбайт деген пикирин билдирди.
“Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө толук өтүп кетти деген маселе жок. Бул жерде эки мамлекет тармакты чогуу иштетүү максатын көздөп жатат. Бул иште Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралбайт. Анткени Кыргыз өлкөсүнүн темир жолу Чүйдөн Балыкчыга чейин барат, ал эми Өзбекстандан чыккан темир жол Ош менен бүтөт. Демек, менин жеке пикиримде эгемендүүлүктү сактай турган жол деп эсептебейм. Мен темир жол боюнча келишимди көрө элекмин. Эгер темир жол тармагын Орусиянын карамагына өткөрө турган келишим болсо, Жогорку Кеңештин кароосуна сөзсүз түшөт”, - деди Масалиев.
ОРМОНОВ: "Кыргыз темир жолу" акционердик коом эмес, ошондуктан Орусиянын көзөмөлүнө өтөт дегенге болбойт"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов “Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтөт деген маселе күн тартибинде жок" деген пикирин айтты.
"Бүгүнкү күндө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишкана. Ал акционердик коом эмес. Ошондуктан ишкана Орусияга өтүп калышы мүмкүн деген маселе күн тартибине коюлушу туура эмес. Эгер акционердик коом болуп, кайсы бир пайызын Орусия сатып алса, бул биргелешкен ишкана болот десе башка маселе болмок. Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө кандай болот? дегенге жооп бере албайм. Негизи биз Орусия менен биргеликте же башка жол мененби Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун курушубуз керек. Бул күн тартибиндеги чоң маселе. Бизге мындай темир жолдун курулушу абдан зарыл. Кыргыз өлкөсү туңгуюктагы мамлекет болбошу керек, транзиттик өлкө болушу кажет. Ошол темир жолду курууда Орусия, Өзбекстан, Кытай менен биргеликте бир ишкана түзүлсө, мен муну колдойм. Биз өзүбүз мындай темир жолун кура албайбыз", - деди депутат.
ОСМОНАЛИЕВ: “Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, Кыргыз бийлиги тарабынан кетирген кечирилгис күнөө болот”
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев темир жол тармагын Орусияга берип салуу туура эмес, ар ким өзүнүн аймагына ээлик кылуу керек экенин айтты.
“Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, Кыргыз бийлиги тарабынан кетирген кечирилгис күнөө болот. Себеби темир жол - стратегиялык түшүнүк. Биздин темир жолдун чакырымы узун эмес. Бирок ошентсе да ар ким өзүнүн аймагына ээлик кылуусу керек. Эгерде Орусия тарап биздин темир жолго кызыгып жаткан болсо, анда алардын кызыкчылыктары бар деп ойлойм. Кыргыз мамлекетинин да бир топ долбоорлору бар. Бул геосаясат, берип кою туура эмес. Эки мамлекет биргелешип иш алып барса деле болот”, - деди Осмоналиев.
ҮМӨТАЛИЕВ: “Темир жол тармагын Орусияга өткөрүү биздин кызыкчылыгыбызга жооп берет деген ойдон алысмын”
Коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикиринде, темир жол тармагын менчиктештирүү керек. "Темир жол тармагын башка өлкөнүн мамлекеттик ишканасына тапшырып берүү советтик доордогудай кайра көз карандуулукка алып келет. Бул тармакты менчиктештирүүгө алыбыз, акылыбыз, күчүбүз жетсе, анда өлкөбүзгө жакшы болмок. Башка жол таба албай калганыбыз өкүнүчтүү нерсе.
Экинчинден, биздин чек арабыз Кытайга жакыныраак, анын бүгүнкү күндөгү инвестициялык долбоорлору абдан кызыктуу жана керектүү, өнүгүп турган долбоорлордон биз дагы эле чектелип, алыстап калабыз. Ошол себептен бул эки чоң оюнчунун ортосунда биз дүйнөнүн ийгиликтүү алыскы темир жолчусуна, үчүнчү оюнчусуна тапшырсак акыл-эстүү иш болот эле. Темир жол бүт экономикага таасири тийгидей күчкө ээ. Аны орус тарапка тапшыруу менен көп үлүшүбүздү мурда ээлеп турган оюнчуга карматып койгондойбуз. Экинчи коркунучтуу нерсе менчик эмес мамлекеттик оюнчулар болуп жатпайбы, алар көбүнчө мамлекеттин саясатын жүргүзүшөт. Өзүнүн да кызыкчылыгын толук бойдон коргошу мүмкүн, бирок саясатка кызмат кылып калышы толук ыктымал, - дейт Үмөталиев.
ОРОЗБАКОВ: "Биздин чоңдор Москвага жагынабыз деп жатып өлкөнүн баркын кетирип коюшкан"

Саясий серепчи Сапар Орозбаков темир жол тармагы Орусияга өтөт деген жоромолдор чын болсо чыккынчылык болот деген пикирин айтты.

"Кандай товар өндүрүп чыгарбайлы, аны сатуу үчүн керектөөчүгө жеткирип бериш керек. Ал чыгым товардын баасына барып отурат. Айрым товарларды өндүрүп аны сатууда транспорттук чыгым өтө эле жогору. Дүйнөдө эң арзан транспорт бул суу транспорту, ал автомобиль транспортуна караганда 3 эсе арзан. Андан кийин темир жол транспорту – ал 2 эсе арзан. Кыргыз өлкөсү деңиздерден алыс жайгашкандыктан суу транспорту болбосу түшүнүктүү. Биздин Совет доорунда курулган темир жолдор болсо Казакстан, Өзбекстан, Орусия аркылуу өтөт. Биздин башка жолубуз жок экенин билген бул өлкөлөр темир жол кызматынын акысын көтөрүп коюп жатышат. Атүгүл жөн эле жолду жаап коюп жатышпайбы, "жол бер" деп жалдырап келсин деп. Биздин экономиканын өнүкпөй жатышынын бир себеби ушул, Кыргыз өлкөсү туңгуюкта жайгашып, башка чоң рынокторго чыгууга жол жок экендигинде.

Кытай Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстанды аралап өткөн жол курат экен дешкенде аябай кубандык эле. Бирок Орусия менен Казакстан Атамбаевди алдаштыбы же коркуттубу, белгисиз, бул багытта Кытай менен сүйлөшүүлөр анын темир жолунун колеясы биздин стандартка туура келбейт экен деген шылтоо менен токтоп калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде Кытай менен болгон сүйлөшүүлөр кайра жандангандай боло түшкөн. Акыркы убакта биздин бийлик темир жолду Орусияга өткөрүп берип, ал болсо бизге жол куруп берет экен деген сөздөр айтылып жатат. Атүгүл Владимир Путин келгенде ушуга байланыштуу келишимге кол коюлат экен деген имиштер да тараган. Бул канчалык деңгээлде чын экенин билбейм. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи.

Эгерде бул чын болсо - чыккынчылык. Кытай кура турган жолдон баш тартып, болгон темир жолдун баарын ошол тоскоол жараткан өлкөлөргө өткөрүп берүүнү башкача айтууга мүмкүн эмес. Биз темир жолду өткөрүп берсек, Балыкчыдан Миң-Куш көмүрүнө чейин жол салып берет деп ойлоп жатышса керек да. Биздин президенттер Орусия бизди багып алат деген ойдон арыла албай койду. Бакпайт. Орусиянын ага азыр алы жетпейт. Атамбаев Орусия Камбар-Ата ГЭСин, темир жолду жана башка бир топ объектилерди куруп берет деген стратегиялык план кабыл алды эле, кана курганы? Бир миллиард долларга жетпеген чакан ГЭСтерди курабыз деп, ага да акча таба албай мына-мына деп чоё бергенинен Атамбаевдин өзүнүн чыдамы кетип кууп чыккан. Ага деле болбой Орусияга кайра жармашып жатышат. Орусия геосаясий кызыкчылыктан улам бир нерсени курса куруп коюшу мүмкүн дешет. Ооба, мисалы Украина мындан ары Орусияга каршы чыксам ит болоюн бир ГЭС куруп берчи деп суранса, Орусия ыйынып –ычкынып жатып куруп бериши мүмкүн. Себеби Украинаны кайтарып алат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн тапкан пайдасы кайсы? Орусия Кыргыз өлкөсүнө жол куруп бербей эле андан каалаганын жасатып алат. Биздин чоңдор Москвага жагынабыз деп жатып өлкөнүн баркын кетирип коюшкан", - дейт Орозбаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан